Басма сөз

Чет мамлекеттер менен орнотула турган ар кандай мамилелер мамлекетке тиешелүү. Анткени, мамлекет гана Үммөттүн иштерин иш жүзүндө башкаруу укугуна ээ

Басма сөз баянаты

Чет мамлекеттер менен орнотула турган ар кандай мамилелер мамлекетке тиешелүү. Анткени, мамлекет гана Үммөттүн иштерин иш жүзүндө башкаруу укугуна ээ

Айрым маалымат каражаттары 2025-жылы 2-август, ишемби күнү Чыгыш Судан аймагындагы партиялар жана кыймылдар коалициясынын делегациясы, Шейба Дырар жетектеген жана бир катар уруу башчылары коштогон топ, Эритрея президенти Исайяс Афеверки менен анын «Баади Халло» кеңсесинде жолугушканын кабарлашты. Жолугушууда Судандагы учурдагы абал жалпы түрдө талкууланып, өзгөчө Чыгыш Судан аймагындагы кыйынчылыктарга көңүл бурулган. Ошондой эле делегация коңшу өлкөлөр менен координациялоонун маанилүүлүгүн, өлкөнүн туруктуулугун колдоо жана саясий-коопсуздук кризистерине каршы туруу зарылдыгын белгиледи.

Судан өкмөтү ушундай алсыздыкка жана кордуктун деңгээлине жеттиби, же элди ушул бурмаланган көрүнүштөрдү кабыл алууга көндүрүү үчүн өзүнө керек болгон нерсени көздөп жатабы? Ал көрүнүштөрдүн бири аймактык же уруулук берилгендиги бар милицияларды Эритреяда машыктыруубу?!

Судан өкмөтү саясий жана аскерий жактан колдоп жаткан бул баш аламандык, анын ичинде саясий чөйрөлөрдө улутчул риториканы көтөрүү – мунун баары Американын Суданды бир нече майда мамлекеттерге бөлүү планын ишке ашырууга кызмат кылат, адегенде Дарфур, андан кийин Чыгыш Судан!!

Судан өкмөтү эсине келип, өлкөнүн биримдигин жок кылып, аны таптакыр изи да калбай тургандай абалга алып бара турган бул от менен ойногон саясатты токтотушу керек. Бул – чоң кыянаттык. Өлкөнүн биримдигин бутага алган мындай саясий аракеттерди токтоткула, чет өлкөлөрдө машыккан же жергиликтүү милицияларды түзүү сериалын токтоткула.

Ал эми Ислам мамлекетинин атуулдарына тиешелүү укуктар жана милдеттер, алардын чет мамлекеттер менен болгон мамилеси — бул шариаттык маселе. Улуу Ислам бул боюнча так түшүндүрмө берген. Калк халифаны дайындоосуз эч качан ички же тышкы башкаруу иштерин жүргүзө албайт. Анткени ички жана тышкы иштерди колго алуу үчүн жоопкерчилик дал ошол халифага жүктөлгөн. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«…فَالْإِمَامُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Эл үстүндөгү имам жооптуу жана өз жарандары үчүн жоопкер». Бул ыйгарым укук халифа дайындаган муавиндерине, валий жана башка жетекчилерге гана тиешелүү болот.

Аллах буйруса, жакында рашид Халифалык мамлекети орногондо, эч кимге чет мамлекет башчылары менен жолугууга же чет өлкө менен байланыш түзүүгө уруксат берилбейт. Халифалык мамлекетинин Конституциялык долбоорунда, Хизб ут-Тахрир үммөткө сунуштаган 182-беренеде мындай деп айтылган:

«Эч бир адам, хизб, топ же жамааттын бирер чет мамлекет менен мамиледе болушу таптакыр жайиз эмес. Башка мамлекеттер менен орнотула турган ар кандай мамилелер мамлекетке тиешелүү. Анткени, мамлекет гана Үммөттүн иштерин иш жүзүндө башкаруу укугуна ээ. Үммөт жана саясий топтордун милдети болсо мына ушул тышкы мамилелер жаатында мамлекетти мухасаба кылуу».

Эй Судан эли! Биз силерди чакырып жаткан нерсе силер жашап жаткан бул аянычтуу абалдан жакшы эмеспи?!

Эмне, силер үчүн эми Хизб ут-Тахрир менен, силерге калп айтпаган лидер менен, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалыгын орнотууга биргеликте аракет кылуучу убакыт келген жокпу? Дал ошол мамлекет гана өлкөнүн бүтүндүгүн сактайт, ага аброй берет, эч бир мамлекетке анын ишине кийлигишүүгө жол бербейт, анын атуулдары менен байланыш түзүүгө уруксат бербейт. Мунун баары мамлекеттин бүтүндүгүнө каршы чоң кылмыш жана чоң коркунуч болуп эсептелет.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

Ибрахим Усман Абу Халил

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

04.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button