Путин менен Трамптын Аляскадагы жолугушуусу

Путин менен Трамптын Аляскадагы жолугушуусу
Орусиянын президенти Владимир Путин ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен биргелешкен маалымат жыйынында, экөө тең Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгына макулдашышканын ырастады. Ал эми Россия бул ишке даяр экенин жана украин кризисин аяктоого чыныгы кызыкчылыгы бар экенин билдирди. (Спутник Арабий).
Комментарий:
Биринчиден, Трамптын президенттик мөөнөтүнүн башында анын сөздөрү Путинге карата достук маанайда болуп, ал Путинге жарашуу багытын карманып, чоң жеңилдиктерди берген. Бул жеңилдиктерге Россиянын Украина аймактарындагы көзөмөлүн таануу, Украинанын НАТОго кошулушун четке кагуу жана Орусияга карата АКШнын санкцияларын жумшартуу кирген. А түгүл айрым маалыматтарга ылайык, Трамп Крымдын аннексиясын расмий таануусун да изилдеп көрүүгө аракет кылган.
Бирок Путиндин өжөрдүгү, европалыктардын позициялары жана айрым америкалык саясатчылардын, өзгөчө демократтардын билдирүүлөрү Трампты өзүнүн саясатын өзгөртүүгө мажбур кылды. Ал Украинага өнүккөн абадан коргонуу системаларын жана алдыңкы ракеталарды камтыган аскердик жабдууларды берерин, бул келишимдерди НАТО аркылуу ишке ашырарын жарыялады. Ошондой эле Россия жээктерине жакын эки өзөктүк суу астындагы кайыктарды жайгаштырды. Буга Москва менен Пекин биргелешкен аскердик машыгуулар менен жооп кылды. Ошондой эле ал Россияга катуу мунай санкцияларын киргизерин эскертти жана Путинди белгилүү убакыт аралыгында тынчтык келишимине жетишүүгө чакырды. Алгач 50 күн, кийинчерээк 10-12 күнгө кыскартып койду. Эгерде Путин украин кризисин жөнгө салуу демилгелерине жооп бербесе, анда Россиянын жана анын колдоочуларынын экспортторуна катуу чектөөлөрдү киргизүу менен да коркутуп чыкты.
Экинчиден, Экөө тең макулдашууга болгон аракеттер согушка алып келген себептерди чечүүгө тийиш. Анын ичинде Украинанын НАТОго кошулуу маселеси бар. НАТО болсо «ачык эшик» саясатын карманууда. Орто жол табуу сунуштары да айтылууда, тактап айтканда, Украинанын НАТОго кошулушуна 20 жыл толук тыюу салынып, ага жазуу жүзүндө коопсуздук кепилдиктери берилсе болот. Муну эки тарап тең кабыл алышы мүмкүн. Айрыкча, Путин Финляндия сыяктуу айрым европалык мамлекеттердин уюмга кириши, географиялык жакындыгына байланыштуу, Украинанын кошулуусунан да кооптуу экенин түшүнүп турат. Натыйжада, Украинанын НАТОго кирүү маселеси ал мамлекеттердикине салыштырмалуу азыраак коркунуч туудуруп калды. Бирок Россия бул мамлекеттерге каршы эч кандай жооп бере алган жок, болгону сөз жүзүндөгү билдирүүлөр менен гана чектелди.
Россия басып алган аймактар эң татаал маселе. Бул Украина Конституциясын өзгөртүүнү талап кылат, анткени президенттин аймактардан баш тартууга укугу жок. Биз билебиз, сүйлөшүүлөр Россия менен Америка ортосунда гана жүрүүдө, баскынчылыкка кабылган мамлекеттер жана бүтүндөй Европа тарапка мүмкүнчүлүк берилбей, толук четтетилүүдө.
Россия бүтүндөй Чыгыш Украинаны, Днепр дарыясынын чыгышындагы жерлерди, анын ичинде Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарынын административдик чек араларындагы жерлерди да талап кылууда. Бирок Трамп муну четке кагып, Россия азыркы учурда факт жүзүндө көзөмөлдөп турган аймактар менен эле чектелүүсүн сунуш кылууда.
Бул сценарий Украина менен Европаны катуу кооптондурат, анткени бул алардын кызыкчылыктарына чоң зыян келтирет. Вашингтон Пост басылмасы бир жогорку даражалуу европалык дипломаттын мындай деп айтканын келтирген: «Биз бүгүн түнү өтө катуу тынчсызданып жатабыз».
Үчүнчүдөн, Эгер Путин АКШнын сунуштарын четке какса, анда Украинага аскердик колдоо көбөйүп, Россия мындан да тереңирээк баткакка тартылып, катуу чарчайт жана өтө катуу санкциялар салынат деп күтүлүүдө. Путин бул коркунучту жакшы билет, ошондуктан ал саммитке Трамптын санкцияга болгон психологиялык мамилесинен улам чочулап барды. Балким, бардык тараптар үчүн орто жолду табуу эң кабыл алынуучу чечим болуп калат, айрыкча бул жалпы Батыш аклиясынын иш-аракеттерди кабыл алуу логикасын чагылдырат.
Жыйынтыктап айтканда, Американын бул согушту башташы – саясий максаттардан улам болду. Бул Россияны чарчатып жаманатты кылуу, Европаны коркутуп АКШнын кордук калканы астында калтыруу, жана Россия менен Кытайдын альянсын ажыратуу, Орусияны Кытайды курчоо саясатына тартуу. Америка айрым максаттарына жетти, баарына эмес, бирок биринчи раунд катары айрым ийгиликтерге жетишти. Ошондуктан ал эми мындан ары сабырдуу стратегиялык күтүү аркылуу калган максаттарына жетүүгө аракет кылып жатат. Айрыкча анын эч нерсесин жоготпогонун, тескерисинче, утушта калганын көрүүгө болот. Согуш Американын согушу эмес, каржылоону ал көтөргөн жок, кандын баасы да ага таандык эмес. Ал эч кимдин кызыкчылыгы менен эсептешпейт, анын кызыкчылыгы баарынан өйдө. Украина маселесинде болсо ким өз тагдырын ага тапшырып койсо, өзүнө сабак болот.
Хасан Хамдан