Жапаровдун Кремлге шашылыш сапары

Жапаровдун Кремлге шашылыш сапары
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда Путин Бишкекке болгон акыркы сапары абдан жемиштүү болгонун белгиледи.
“Биз анда абдан натыйжалуу иштегенбиз. Бардык келишимдерибиз аткарылып жатканын, эки тараптан тең командаларыбыз жигердүү жана интенсивдүү иштеп жатышканын белгилегим келет. Бул иштердин жыйынтыгы бар жана алар Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинде чагылууда. Сиздин бүгүнкү жумушчу сапарыңыз да биздин мамилелерибизди өнүктүрүүгө кызмат кылат деп ишенем”, – деди Путин.
Өз кезегинде Садыр Жапаров эки өлкөнү тарыхый достук байланыштар бириктирип турарын, Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана негизги союздашы бойдон кала берерин баса белгиледи.
Комментарий:
Жапаровдун Кремлге болгон шашылыш иш сапары тууралуу алдын ала кабарланган эмес. Бул сапар Европа Биримдиги Россияга каршы санкциялардын жаңы пакетин кабыл алып, санкцияга Кыргызстан да кабылган учурга туш келди. Себеби, Брюсселдин баамында, Кыргызстан санкциядагы товарларды Россияга кайра экспорттоонун туруктуу каналдарынын бири болуп калган.
Белгилүү болгондой, Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагыда санкцияларды айланып өтүүчү механизмдер тууралуу келишимдер түзүлгөн. Анын алкагында Кыргызстан өзүнүн криптовалютасын чыгарып, аны Россияга санкциялык товарларды сатууда каражат которуу операциялары үчүн колдонуу максат кылынган. Анткени, криптовалюталар көбүнчө анонимдүү түрдө транзакцияларды колдонушат жана жашыруун аракет кылгандар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Эл аралык “Financial Times” басылмасынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын аймагында уюшулган биржа үстүбүздөгү жылдын төрт айында рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд 300 млн долларлык токен айланткан. Россия Түндүк Корея жана Иран менен болгон соода байланышында да санкцияларды айланып өтүү үчүн криптовалюталарды колдонуп келгени белгилүү.
Демек, Жапаровдун сапары ЕБ киргизип жаткан санкциялар себептүү Россия менен түзүлгөн механизмдерге доо кетирбөө чараларын талкуулоо максатында жасалышы толук мүмкүн. Буга Путиндин жолугушуу учурунда айткан сөзү да ишара кылып турат.
Нурдин Асаналиев




