Ислам мадбасында ресурстарды тең бөлүштүрүү

Ислам мадбасында ресурстарды тең бөлүштүрүү
Борбор Азиядагы суу ресурстары маселеси ондогон жылдардан бери талкууланып, бүгүнкү күнгө чейин эң актуалдуу жана чечилбеген көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Регион чектелүү суу булактарына (Сырдарыя жана Амударыя дарыяларына) ээ болуп, ар жылы жай мезгилинде суунун олуттуу тартыштыгына туш болот. Айыл чарба, энергетика жана калктын жашоосу үчүн негизги элемент болгон суу бүгүн барган сайын чоң мааниге ээ болууда. Бул маселе өзгөчө дарыялардын төмөнкү агымында жайгашкан Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан үчүн курч турат. Анткени алар суу менен камсыз болууда тоо башындагы коңшу мамлекеттерге көз каранды.
Жыл сайын абал курчуп баратат десек жаңылышпайбыз. Суу ресурстарынын жетишсиздигине карата мамиле суз болуп, мамлекеттер аралык суу-чарбалык координациялык комиссия тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер керектүү натыйжа бербей келет. Түрдүү деңгээлде кол коюлган көптөгөн келишимдер кагаз жүзүндө калып, чыныгы бөлүштүрүү натыйжасыз бойдон калууда. Маселен, климаттын өзгөрүүсү жана суу корлорунун азайышы боюнча эскертүүлөргө карабастан, өкмөттөр сууга чектелген ресурс катары мамиле кылбай келет. Бул ашыкча сарптоого жана мамлекеттер аралык чыңалууга алып барууда. Суунун тартыштыгы экологиялык көйгөйдөн геосаясий жана региондун коопсуздугу менен экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч туудурган маселеге айланды.
Борбор Азиядагы суу маселесин натыйжалуу чечүү үчүн сууну да углеводороддор сыяктуу стратегиялык ресурс катары таанып, жалпы адамзат үчүн чоң баалуулук катары кароо зарыл. Суу жөн гана түгөнгүс жаратылыштын белеги катары каралбашы керек. Убакыт өткөн сайын суунун баалуулугу өсүп жатат бирок, алигече мунай жана жаратылыш газы сыяктуу бааланбаган ресурс катары калууда. Глобалдык өзгөрүүлөр жана суу тартыштыгы шартында, сууну башкарууда мунай менен газга болгон мамиледей бирдиктүү мамиле түзүү зарыл. Суу да, жогоруда айтылган ресурстар сыяктуу эле, кызматташтык жана стратегиялык башкаруунун предмети болушу шарт. Сууга бай мамлекеттер башка өлкөлөргө суу берүү аркылуу ошол эле электр энергиясы же углеводороддор тартыштыгын компенсациялап, өз ара көзкаранды жана туруктуу экономика түзө алышмак.
Бул маселеде регион үчүн гана эмес, бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн маанилүү багыт шариатты колдонуу. Ислам шариатында суу да, башка табигый байлыктар да бүтүндөй мусулмандарга таандык экени так белгиленген. Исламга ылайык, суу же мунай сыяктуу жаратылыш байлыктары жеке менчикке өтүп, жалпы мусулмандардын бейпилдигине зыян келтире турган деңгээлде колдонулбашы керек. Суу да углеводороддор сыяктуу бааланып, ар кимге жеткиликтүү болуп, аны пайдалануу шариаттагы адилеттик принциптери менен жөнгө салынышы шарт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В.)дын хадисинде: «Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто» деп айтылганы суунун коомдук мүлк экенине далил.
Бирок, мамлекеттердин бөлүнүп-жарылышы жана ресурстарды башкарууда бирдиктүү мамиленин жоктугу башкы тоскоолдук бойдон калууда. Ар бир өлкө улуттук кызыкчылыктар чегинде гана иш жүргүзүүдө, бул адилеттүү бөлүштүрүү механизмдерин түзүүгө жол бербейт. Ушул шартта биримдикке жана адилеттикке багытталган ислам идеологиясы ресурстарды бөлүштүрүү маселесинде негизги багыт болуп бере алат. Ислам жалпы үммөттү моралдык, руханий жана материалдык баалуулуктар негизинде биримдикке чакырып, бардык табигый ресурстарды пайдаланууда ынтымактуу мамиле кылууну сунуштайт. Ислам идеологиясына негизделген бирдиктүү мамлекетте суу жана башка ресурстарды пайдалануу натыйжалуу жөнгө салынып, улуттук тоскоолдуктар жоюлуп, адилеттүү бөлүштүрүү түзүмү түзүлмөк.
Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүн сууну жана башка ресурстарды башкарууда бирдиктүү системанын алкагында бириктирүү зарыл болуп калды. Бул биримдик исламдын адилеттик, өз ара камкордук жана муктаждарды колдоо принциптерине негизделиши керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.А.В.) осуят кылгандай, бул принциптер региондогу бардык мусулмандардын кызыкчылыгын көздөшү абзел. Ресурстар тартыштыгы шартында өлкөлөр улуттук кызыкчылыктарды гана эмес, бүтүндөй мусулмандардын кызыкчылыгын да эске алышы керек. Ислам баалуулуктарына негизделген бирдиктүү экономикалык жана саясий мейкиндик түзүү суу тартыштыгы гана эмес, башка стратегиялык ресурстар жетишсиздигинен келип чыккан кризистерди да чечүүнүн жолу болуп бере алат.
Демек, Борбор Азиядагы суу тартыштыгын жеңүү үчүн сууну стратегиялык ресурс катары таанып, анын баалуулугун углеводороддор менен тең кароо жана бардык табигый ресурстарды башкарууда бирдиктүү мамиле түзүү зарыл. Суу шариатта көрсөтүлгөндөй адилеттүү бөлүштүрүлө турган ресурс болушу шарт. Регион өлкөлөрүнүн ислам идеологиясына жана адилеттик принциптерине негизделген биримдиги ресурстарды туруктуу башкарууга гана эмес, бүткүл региондун адилеттүү жана туруктуу өнүгүүсүнө да негиз болуп берет.
Абду Шүкүр