Асыл хадис

Ислам беш нерсеге негизделген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Ислам беш нерсеге негизделген

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Сахих аль-Бухариге” берген түшүндүрмөсүндөгү “Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) “Ислам беш нерсенин үстүнө курулган” деген бөлүмүндө айтат:

حدثنا عبيد الله بن موسى قال أخبرنا حنظلة بن أبي سفيان عن عكرمة بن خالد عن ابن عمر رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ” بني الإسلام على خمس، شهادة أن لا إله إلا الله وأن محمدا رسول الله، وإقام الصلاة، وإيتاء الزكاة، والحج وصوم رمضان“.

Бизге Убайдуллах бин Муса Ибн Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) “Ислам беш нерсеге курулган: Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк берүү, намазды толук аткаруу, зекет берүү, ажылык кылуу жана Рамазан орозосун тутуу”,-деди”.

Сүйүктүү бир туугандар:

Биз эс тартып дүйнө тааныганыбыздан бери бул хадисти кайталап келебиз. Бирок, тилекке каршы, биз аны тизилген сөздөрдүн жыйындысы катары гана түшүндүк. Биз аны вакыйдан алыс жаттап, кайра кайра кайталаганга сүйүнчүбүз. Бул асыл хадисте Ислам жана Исламдын түркүктөрү тууралуу айтылат. Жакшылап изилдеп көрсөк, Ислам өзүнүн түркүктөрүн жана түркүк эместерин да камтыганын көрөбүз. Ислам амалий (практикалык)  дин болгондуктан, Исламдын түркүктөрү турмушта колдонулбай жатканын көрүп жатабыз. Ал эми, исламдын өзү жөнүндө эмне айтууга болот? Үммөттүн  турмушунда намаздын тиреги кайда? Ким кааласа намаз окуйт, ким кааласа намаз окубайт? Зекеттин түркүгү кайда? Мамлекет тарабынан салынган салыктар гана бар! Орозонун түркүгү  кайда? Орозо тутпаган бир мусулманды орозо кармоого ким мажбурлай алат? Ажылыктын түркүгү кайда? Ар бир өлкө үчүн жыл сайын белгилүү квота бар. А түгүл, кээ бир акимдер бар, эгер эл өз жашоосунда намаз жана орозо кармаса, элди жоопко тартат.

Булардын бары таң калычтуу эмес. Бирок таң калычтуусу жана кейиштүүсү бул үммөттүн шейхтери менен аалымдар жана ушул мезгилде Ислам үчүн иштейбиз деген кыймылдардын жетекчилери иштер жакшы жүрүп жатат, биз жашап жаткан жашоо исламий жашоо, кээ бир гана акимдер тарабынан кандайдыр бир шалаакылык бар деп айткандарын угуубуз.

Эй мусулмандар! Мындай сөздөр ислам аалымы деп эсептелген бирөөдөн эмес,  душмандан кабыл алынабы? Бул уу менен кантип жашай алабыз? Ислам ушундайбы? Бул Исламга, мусулмандарга жана Исламды кайра турмушка кайтарууга  аракет кылгандарга жасалган адилетсиздик зулум эмеспи?

Улуу Арштын Раббиси болгон Аллах Тааладан Исламдын турмуш чындыгында толук колдонулушун көрүүнү насип кылышын тилейбиз. Исламды коргогон жана анын аткарылышын камсыз кылган жана Исламдын өкүмдөрү менен адилеттүүлүккө жеткен Халифалык мамлекетинде жашоону көргөзүүсүн тилейбиз. Адилеттүүлүк, жакшылык мамлекети кулатылганына 101 жыл болду. Оо Аллахым, үммөткө Туура жол көрсөт.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 30-робиуc саани.

 2024-ж, 02-ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button