Саясатчынын жөндөмдөрү: Лидерлик

Саясатчынын жөндөмдөрү: Лидерлик
Лидерлик – саясатчынын эң маанилүү сыпаттарынын бири. Ал башкаруу ишинин алкагына чектелбестен, алда канча кең болот жана бул сыпат өзүндө көп жөндөмдөрдү камтыйт. Бир адам үчүн бардык милдеттерди өз алдынча чечүү өтө оор.
Ошондуктан туура адамдарды тандай билүү, алар менен ишенимдүү мамиле куруу жана аларга дем бере алуу -саясатчынын ийгилигинин жарымы болуп эсептелет. Бул жөндөм өзүнчө бир искусство. Командаңды түзүү тең салмактуулук менен болушу зарыл. Анда стратегия түзүүчүлөр, аткаруучулар, аналитиктер, байланыштарды жөнгө салуучулар да болушу керек. Бирок команда түзүү учурунда тандоо жетишсиз. Эң маанилүүсү жоопкерчиликтерди тапшыра билүү өтө зарыл. Адистерге ишенүү, бирок ошол эле учурда көзөмөлдү сактап, жыйынтык талап кылуу зарыл. Жетекчи дем берип, жол көрсөтөт, натыйжаны катуу талап кылат жана зарыл учурда команданын аракеттерин кылдаттык менен тууралайт.
Өзгөчө маанилүү жагы, саясатчынын ишенимдүү жана шыктандыруучу команда түзө алыштыгы. Анткени өзүнүн лидерине ишенген жана анын максаттарына кошулган адамдар берилгендик менен иштешет. Мындай топ жоопкерчиликти алган болсо, аны натыйжалуу аякташат. Командадагы ынтымак – бул ийгиликтин жарымы. Тынымсыз басым шарттарында бекем командага ээ болуу саясий багыттан тайбай, ишеним менен алдыга жылууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Демек, команданы башкаруу – техниканы башкаруу сыяктуу эмес, ал стратегиялык сыпат. Ансыз туруктуу жана натыйжалуу саясий ишмердүүлүк мүмкүн эмес.
Биздин доордогу мисалдар, жетекчиликтин ролу канчалык мааниге ээ экенин айкын далилдейт.
Михаил Горбачёв, КПССтин акыркы баш катчысы, СССРди жаңылоо максатында «кайра куруу» жана “ачыктык” реформаларын баштаган. Бирок башкарууда жетишинче бекемдикти көрсөтө албагандыгы, командасын сактап калууга шыгы жетишпегендиги, радикалдык реформалар менен консервативдик күчтөр ортосунда тең салмак таба албагандыгы, империянын кыйрашына алып келди. Анын жетекчилиги эрктүү болду, бирок мамлекеттин биримдигин сактап калууга жетишсиз болуп калды.
Экинчи Ирак согушу жана кичи Жорж Буш менен байланыштуу саясий процесстер. Негизсиз маалыматтарга таянып Иракка басып кирүү, согуштан кийин тынчтыкты тургузуу пландын жоктугу, жергиликтүү башчылар менен кызматташтыкты тикелей албагандык, жана абалдын тез начарлашы согуштун узашына алып келди. Бул окуялар, жада калса ири ресурстар менен аскердик күчкө ээ болгон күндө да, жетекчинин ийкемдүү жана туруктуу команда түзүүгө жөндөмү жок болсо, эч качан ийгиликке жете албашын тастыктайт. Буштун кемчиликтери муну менен чектелген жок. Жаңы Орлеандагы «Катрин» бороону учурунда, АКШ өкмөтүнүн аракеттери жай жана начар түзүлгөн. Буш, мамлекеттик түзүмдөрдү натыйжалуу мобилизациялай албастан, аларды көгөйдү чечүү үчүн туура багыттай алган жок. Жергиликтүү жетекчилер мындай кырдаалга даяр эмес болгон. Абалды колго алуу үчүн так план, убагында түзүлгөн эмес. структуралар ортосунда байланыш жок болгон. Натыйжада миңдеген адамдардын өмүрүн алган гуманитардык кырсык жүз берди. Бийликке болгон ишеним кескин түшүп, президенттин аброюна катуу сокку урулду.
2010 жылдын башында болуп өткөн Араб жазында да жетекчиликтин кризиси көрүнүп калды.
Египет, Тунис, Ливия жана Сириядагы лидерлер элдин үнүн уга албай, өз учурунда реформаларды жүргүзгөн жок. Режимдер кулагандан кийин баш аламандык жана ички кагылыштар жалындап кетти. Жаңы алсыз бийлик узакка созулган туруксуздуктун жана миллиондогон адамдардын азап-кайгысынын себеби болду.
Ачык стратегиянын жана бийликтеги элитанын абалды жөнгө сала турган лидерлик сыпатынын жоктугу, кыйрап жаткан мамлекетти андан ла оор кризиске батырды.
Тарых миң жолу алсыздыктан жана жетекчиликтин жоктугунан улам мамлекеттер жана империялар кулаганын көрсөткөн.
Романовдор династиясы, үч кылым бою Россияны башкарып келишкен. Бирок ХХ кылымдын башында алар олуттуу көйгөйгө туш болушту. Жетекчилер оор процесстерди чечүү жолун таба албай, эл менен байланышы үзүлүп, реформаторлордон турган натыйжалуу команда куруудан ажыз калышты. Мунун баардыгы, өлкөдө көзөмөлдү жоготууга жана революциялык дүрбөлөңдөргө алып келди.
Дагы сабак катары илгерки окуялардан- 1453-жылда болгон Константинополдун кулашын алсак болот.
XI Император Константин эрдик көрсөтсө да, ошол учурда саясий күчтөрдү бириктире алган жок. Коргонууну чыңдоого жетишпей, шериктердин колдоосуна жете алган жок. Ички чыр-чатактар жана алсыз башкаруу шаардын бат эле басып алынышына шарт түздү. Ошол эле учурда султан Мехмед II — жаш, харизмалуу, стратегиялык ой жүгүрткөн лидер болуп чыкты. Ал күчтөрдү бириктирип, аскердик заманбап технологияларды (артиллерияны) киргизип, курчоого кылдат даярданды. Аскерин, жана курчоо операциясын кубат менен жана чечкиндүүлүк менен башкарды. Бул көрүнүш – лидерликтин жоктугу жада калса улуу цивилизациянын кулашын тездетерин көрсөтүп турат.
VII кылымда Сасаниддер династиясынын шахиншахы Хосров II ички көйгөйлөрдү жана келе жаткан мусулмандардын чабуулдарын жеңе алган жок. Анын зулум башкаруусу, коррупция жана элитанын бөлүнүшү империяны алсыратты. Кадисия жана Нехавенддеги жеңилүүлөр – биримдиктин жоголушунун жана лидерликтин алсыздыгынын кадимки натыйжасы болду.
Ошол эле сыяктуу, VII кылымда Чыгыш Рим империясы да башкаруунун алсыздыгынан айрым аймактарын сактап кала алган жок. Император Ираклий Персия менен болгон согушта жеңишке жеткенине карабастан, аскерди кайра калыбына келтире албастан, мусулмандарга каршы коргонуу иштерин натыйжалуу уюштура алган жок. Алсыз координация жана ички чыр-чатактар маанилүү аймактардан ажыроону тездетти.
Бул саясий алсыздыктардын фонунда- Пайгамбарыбыз Мухаммаддынﷺ жана анын адилеттүү сахабаларынын жетекчилиги өзгөчө айырмаланып турат. Хижрат, Мединада адилеттүү шариат конституциясынын орнотулушу, уруулардын биригүүсү, ийгиликтүү аскердик аракеттер – булардын баары акылмандыкка, адилеттүүлүккө жана үммөттүн пайдасына негизделген. Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарды шыктандырып, уюм кура билген жана аларды жалпы максатка жетелей алган. Жетекчилик – жөн гана бийлик эмес, чоң жоопкерчилик жана аманат!
Абу Бакр ас-Сиддик رضي الله عنه, Умар ибн аль-Хаттаб رضي الله عنه, Усман ибн Аффан رضي الله عنه жана Али ибн Абу Талиб رضي الله عنه сыяктуу адилетүү Халифтер— Пайгамбардын ﷺ ишин улантып, адилеттүү жана натыйжалуу башкаруунун, ыйгарым укуктарды туура бөлүштүрүүнүн жана элге кам көрүүнүн үлгүсүн көрсөтүшкөн.
Куранда Аллах Таала мынтип айтат:
بسم الله الرحمن الرحيم
إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ إِنَّ اللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِهِ إِنَّ اللَّهَ كَانَ سَمِيعًا بَصِيرًا}.
النساء:58 آية
“Албетте Алла, силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат. Албетте Алла жакшы насааттарды кылат. Албетте Алла угуучу жана көрүүчү Зат”.
Ан-Ниса сүрөсү: 58 аят.
Бул аят лидерлик – адилеттүүлүктү талап кылган чоң жоопкерчилик экендигин белгилейт.
Бүгүнкү күндө мусулмандар өзүндө лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө тийиш. Лидерлик саясий чөйрөдө гана эмес, үй-бүлөдө, жамаатта, жумуш жайларында жана билим берүү мекемелеринде да керек. Ар кимибиз угууга, жооптуу чечим кабыл алууга, ишеним курууга жана башкаларды жетелөөгө үйрөнүшүбүз зарыл. Ошол эле учурда бул иш-аракеттердин баары адеп-ахлакка жана ислам принциптерине негизделиши керек.
Пайгамбар ﷺ мынтип айткан:
عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: (ألا كلكم راع، وكلكم مسئول عن رعيته.
«Эсиңерде болсун, ар бириңер жооптуусуңар, жана ар бириңер өз карамагындагы нерсе үчүн жоопкер».
Бухари жана Муслим).
Аллах Таала бизге үммөт үчүн да, акырет үчүн да пайдалуу иш алып барган татыктуу лидер болууну насип кылсын.
Бурана