Зиммийлерге карата мамиле кылуунун өкүмдөрү

Зиммийлерге карата мамиле кылуунун өкүмдөрү
Суроо: Шариатта зиммийлерге жалпы турмушта кандай мамиле кылынат?
Жооп: Шариатта хос насс менен өкүм келбесе, бардык зиммийлерге шариат өкүмдөрү колдонулат. Анткени зиммийлик шарты шариат өкүмдөрүнө баш ийүү. Аллах Таала:
﴿حَتَّى يُعْطُوا الْجِزْيَةَ عَن يَدٍ وَهُمْ صَاغِرُونَ﴾
«Алар колдорунан жизя төлөгөнчө, ал тургай моюн сунуп баш ийген абалда болушунча» (Тообо: 29).
Демек, коомдук түзүмдөрдө (экономикалык, социалдык ж.б.) байланышкан мусулмандарга хитоб кылынган ар бир шариат өкүмү жарандыгы бар ар бир адамга колдонулат. Ал мусулман болобу же башка динден болобу айырмасы жок. Бирок шариат хос насс менен истисна (исключение) кылган нерселер умумий өкүмдөн өзүнчө болот. Ошондуктан:
﴿وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَىٰ جُيُوبِهِنَّ﴾
(Нур: 31)
«Жалпы аялдар жоолук-жарларын көкүрөктөрүнө чейин түшүрүп жапсын» жана
﴿يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِن جَلَابِيبِهِنَّ﴾
(Ахзаб: 59)
«Жалпы аялдар өздөрүнүн жоолуктарын үстүлөрүнө жапсын»
деп келген аяттар мусулман аялдарга багытталган болсо да, алар Дарул-Исламда жашаган мусулман эместерге да колдонулат. Анткени каапыр аялдын кийимин мусулман аялдын кийиминен истисна кылган шаръий насс келген эмес.
Ал эми, алардын акыйда маселесинде шаръий насс келген, аларды исламды кабыл алууга мажбурлоого болбойт. Аллах Таала айтты:
﴿لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ﴾
«Динде мажбурлоо жок»
(Бакара: 256).
Ошондой эле алардын тамак-ашына байланыштуу да хос өкүм келген. Мисалы, чочконун эти исламда харам, бирок аларга уруксат берилген жана шариат нусустары менен алардын малы катары эсептелет. Ошентип, мусулмандарга хитоб кылынган ар бир өкүмдө зиммийлер хос текст менен истисна кылынбаса, анда бул өкүмдөр зиммийлерге да колдонулат.
Демек, ислам мамлекети жаранын (мусулман же каапыр аялды) аял болгондугу үчүн шариат кийимин кийүүгө милдеттендирет. Бул талап зиммийлерге гана эмес, амандык менен ислам жерине кирген ар бир адамга тиешелүү. Аларга да бардык өкүмдөр жана жаза чаралары колдонулат, бир гана хос насс менен чыгарылган учурлар (мисалы, элчилерге тиешелүү өкүмдөр) мындан тышкары.
25.02.2004-ж.




