Уруктандырылган жумуртка клеткасы тууралуу

Уруктандырылган жумуртка клеткасы тууралуу
Суроо:
Биринчиден: Эгер күйөөнүн сперматозоиди менен аялдын жумуртка клеткасы лабораторияда бириктирилип, андан кийин уруктандырылган жумуртка клеткасы медициналык жактан же башка бир себептен улам өзү кош бойлуу боло албаган аялдын баласын көтөрүүгө макул болгон башка бир аялдын жатынына жайгаштырылса… бул жаизби? Белгилей кетейин, уруктандырылган жумуртка клеткасынын ээси болгон эркек менен аял никеде турушат. Бирок ал макулдук берген башка аялга жайгаштырылат.
Экинчиден: Эгер баланы көтөрүп бере турган аял ошол эркектин экинчи аялы болсо өкүм кандай болот? Буга уруксат бере турган кандайдыр бир жагдайлар барбы? Мисалы, күйөөсү экинчи аялына күңдөшүнүн уруктандырылган жумуртка клеткасын өзүнүн жатынына көчүрүүгө макул болбосо, талак берем деп коркутуп жатса?
Жооп: Күйөөнүн сперматозоиди аялынын жумуртка клеткасы менен бирге алып, экөөнү лабораторияда уруктандырып, андан кийин уруктандырылган жумуртка клеткасын башка аялдын жатынына көчүрүү жаиз эмес. Бул арам. Туурасы, уруктандырылган жумуртка клеткасы анын ээси болгон энеге т.а. аялдын өзүнүн жатынына кайра жайгаштырылышы керек. Буга Аллах Тааланын:
﴿وَالْوَالِدَاتُ يُرْضِعْنَ أَوْلَادَهُنَّ﴾
«Энелер балдарын эмизишет…» (Бакара: 233), деген сөзү далил. Бул жерде далил – «энелер» деген сөздүн «өз балдары» деген сөз менен байланыштырылышында. Башкача айтканда, ким баланы төрөсө, ал бала ошонун баласы болот. Ошондуктан аялдын өзүнүн баласы болбогон баланы төрөшү жаиз эмес.
Ошондой эле Аллах Таала айтат:
﴿إِنْ أُمَّهَاتُهُمْ إِلَّا اللَّائِي وَلَدْنَهُمْ﴾
«Бир гана аларды төрөгөн (аял)дар гана алардын энелери». (Мужадала: 2).
Дагы Аллах Таала айтат:
﴿وَاللَّهُ أَخْرَجَكُمْ مِنْ بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ﴾
«Алла силерди энеңердин курсагынан чыгарды». (Нахл: 78).
Демек, төрөгөн аял эне болот. Ошондуктан аял өзүнүн гана баласын төрөшү адал болот.
Бул арам ишти кылууга уруксат бере турган эч кандай жагдай жок. Аял муну кылбаса талак менен коркутулабы же башка нерсе менен коркутулабы айырмасы жок. Анткени акыйкатка ээрчүү абзел. Мындай учурда аялды коркуткан адам күнөөкөр болот.
Жыйынтык: Эгер дарылоо аялынын жумуртка клеткасын күйөөсүнүн сперматозоиди менен лабораторияда уруктандырууну талап кылса, уруктандырылган жумуртка клеткасы анын ээси болгон аялдын өзүнүн жатынына кайра жайгаштырылышы жайиз. Ал башка эч бир аялдын жатынына жайгаштырылбашы керек, ал тургай ал күйөөнүн экинчи аялы болсо да. Анткени, бул арам.
03.01.2012




