Эң кежир талашуучу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Эң кежир талашуучу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих Муслим тафсири ан-Нававиде “эң кежир талашуучу” бөлүмүндө айтылат:
حدثنا أبو بكر بن أبي شيبة، حدثنا وكيع عن ابن جريج عن ابن أبي مليكة عن عائشة قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:” إن أبغض الرجال إلى الله الألد الخصم
Абу Бакр бин Абу Шайба бизге айтты. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахтын алдында эң жек көрүндү адам эң кежир талашуучу”.
أبغض الرجال إلى الله الألد الخصم “Аллахтын алдында эң жек көрүндү адам – эң кежир талашуучу” деген сөздөгү Хо’до фатха, садда касра бар.
( الألد ) (Аладду) “эң кежир” Өөөөндүн эки капталын түшүндүргөн сөз. Анткени талашып калса акыйкатты кабыл алуудан качып, бир тараптан экичи тарапка өтө качат. Бул өйүздөн тиги өйүзгө өтө качкан сыктуу.
Ал эми الخصم “каршылаш талашууда чебер. Акыйкатты жокко чыгаруу үчүн жалган талашуу же жалганды чындыкка айлантуу үчүн талашуу. Туурасын Аллах билүүчү.
Урматтуу бир туугандар:
Динибиз ырайымдуулуктун дини жана Ааламдардын Раббиси Өзүнүн улуу Элчисине (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кайрылып: ” وما أرسلناك إلا رحمة للعالمين“، “(Эй Мухаммад), Биз сени ааламдарга ырайым кылуу үчүн гана жибердик”.
Анан ага бул ырайымы үчүн кайрылып: ” ولو كنت فظا غليظ القلب لأنفضوا من حولك“، “ Эгер сен орой, таш боор болсоң, айланаңдан тарап кетишмек”, деди.
Ошондуктан, балдарга, кары-картаңдарга, аялдарга, жада калса жаныбарларга да ырайым менен каралган. Бирок биз бүгүн үммөт арасынан мусулман бир туугандарына кастык жана душмандык менен карагандарды көрүп жатабыз. Неге? Анткени ал, ал ойлонгондой ойлонбойт же ал макул көргөн нерсени макул көрбөйт. Бул, албетте, кабыл алынгыс нерсе, анткени мусулман мусулман бир туугандарына ырайымдуу, ал тургай жаныбарларга да ырайымдуу болуусу керек.
عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: كنا مع رسول الله صلى الله عليه وسلم في سفر، فانطلق لحاجته، فرأينا حمرة معها فرخان، فأخذنا فرخيها فجاءت الحمرة تعرش، فجاء النبي صلى الله عليه وسلم فقال: “من فجع هذه بولدها؟ ردوا ولدها اليها“
Ибн Масуддан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят, ал айтты: Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) менен бирге сапарда болчубуз. Ал өз ишин кылганы кетти, Хамраны эки балапан менен көрдүк. Ошентип эки балапанын алып алдык, таранчы келип чыйпылдап ары бери уча баштады. Ошондо Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) келип: “ким муну балапанынан айрып кайгыга салып жатат, баласын ага кайтарып бергиле”, – деди.
ورأى قرية نمل حرقناها فقال “من حرق هذه؟” قلنا: نحن، قال: “إنه لا ينبغي أن يعذب بالنار الا رب النار”. رواه أبو داوود باسناد صحيح.
Биз өрттөгөн кумурскалардын үймөгүн көрүп: “Муну ким өрттөдү?” – деди. Биз: Биз кылдык дедик. Ал мындай деди: “Оттун Раббисинен башка эч ким от менен жазалабашы керек”. Абу Дауд риваяты сахих иснад менен.
Ооба бул биздин динибиз. Биз жаныбарларга ырайымдуубуз. Арабызда да ырайымдуу болушубуз керек эмеспи? Суроо туулат: ырайымдуулук арабызда кантип жоголду? Кайда кетти? Анан кантип калыбына келтирсе болот? Бүгүнкү күндө биз жашап жаткан капиталисттик материалисттик атмосфера динге, үммөткө, туура исламий пикирге кыянаттык кылган саткын, малай акимдерибиздин аркасында экени талашсыз. Бул жакшы адеп-ахлактын жоголушуна да себепкер. Мына ушул асыл адеп-ахлакты жана башка жакшы адептерди калыбына келтируу үчүн үммөт талыкпай эмгектенип, бардык кучун жумшоого тийиш. Бул малай акимдерди ордунан козгоп алардын ордуна Аллахтын мыйзамы жана ырайым ахлагы менен бизди башкара турган халифаны орнотуу менен гана болот. Ошондо гана жашообузда, дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушубуз үчүн шарт жаралат.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 23-робиул аввал.
2025-ж, 15-сентябрь.