Комментарий
Trending

Газадагы ачарчылык: БУУ жана дүйнөлүк державалардын жоопкерчилиги

بسم الله الرحمن الرحيم

Газадагы ачарчылык: БУУ жана дүйнөлүк державалардын жоопкерчилиги

Жаңылык:

2025-жылдын 22-августунан тартып Азык-түлүк коопсуздугунун интегралдык фазалык классификациясы (IPC) расмий түрдө Газадагы абалды ачарчылыктын бешинчи деңгээли деп жарыялады. Бул классификацияга ылайык, болжол менен 640 миң адам «азык-түлүк жетишсиздигинен жабыркап жатат. Дагы 1,14 миллион адам «өзгөчө кырдаалда» (4-деңгээл), ал эми 396 миң адам «кара ачарчылык» абалында (3-деңгээл) жашоодо.

Комментарий:

БУУнун көптөгөн мекемелери, анын ичинде Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ага караштуу ондогон өкмөттүк эмес уюмдар болгонуна карабай, бул мекемелер чындыгында заманбап геноцид программасы болуп эсептелген нерсени жумшартууда ийгиликке жеткен жок. Дүйнөнүн ар кайсы жериндеги ачарчылыктар менен күрөшүүдө ондогон жылдык тажрыйбаларына карабай, бул агенттиктер өтө катуу кризис бар экенин жарыялашкан жок жана ачкадан улам өлүмдөрдүн жайылышын токтотууда натыйжалуу чарага жетишкен жок.

Бул кылмышты «геноцид» деп атоодон баш тартуусу жана абалды бүдөмүк түрдө согуштун шарттарына же яхудий өкмөтүнүн саясатына оодарууга умтулуусу терең ахлакый жана амалий кыйроону көрсөтүп турат. Бул кыйроо тарыхта жаңы эмес. Ирландиядагы картошка ачарчылыгы (1845–1852), Украинанын улуу ачарчылыгы (1932–1933), Кытайдагы чоң ачарчылык (1959–1961) жана Индиядагы көптөгөн ачарчылыктар (1770, 1782, 1788, 1837, 1876 жана 1943) миллиондогон адамдардын жашоосунан саясий көзөмөлдү, пайда жана бийликти жогору койгон колонизатордук державалардын саясатынын айынан курчуп кеткен.

Бүгүн болсо яхудий түзүмү жана Америка, ага шериктеш болгон аймактык режимдер – мисалы, Египет, Иордания, Түркия жана башкалар – ушул эле үлгүнү кайталоодо. Алардын аракеттери, анын ичинде чектелген жана көп учурда зыяндуу жардамдарды асмандан түшүрүү, азапты жеңилдетүүгө эмес, кулчулукту улантууга багытталган.

Газанын ачка калган адамдарын тамактандырбоону токтотуу бул жөн гана саясий маселе эмес, бул негизги инсаний жана ахлакый фарз. Аллах Таала ыйык кудсий хадисте эскерткендей:

«إِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ يَقُولُ يَومَ القِيَامَةِ: يَا ابْنَ آدَمَ، مَرِضْتُ فَلَمْ تَعُدنِي! قَالَ: يَا رَبِّ، كَيْفَ أَعُودُكَ وَأَنْتَ رَبُّ العَالَمِينَ؟! قَالَ: أَمَا عَلِمْتَ أَنَّ عَبْدِي فُلَاناً مَرِضَ فَلَمْ تَعُدْهُ! أَمَا عَلِمْتَ أَنَّكَ لَوْ عُدْتَهُ لَوَجَدْتَنِي عِنْدَهُ! يَا ابْنَ آدَمَ، اسْتَطْعَمْتُكَ فَلَمْ تُطْعِمنِي! قَالَ: يَا رَبِّ، كَيْفَ أُطْعِمُكَ وَأَنْتَ رَبُّ العَالَمِينَ؟! قَالَ: أَمَا عَلِمْتَ أَنَّهُ اسْتَطْعَمَكَ عَبْدِي فُلَانٌ فَلَمْ تُطْعِمْهُ! أَمَا عَلِمْتَ أَنَّكَ لَوْ أَطْعَمْتَهُ لَوَجَدْتَ ذَلِكَ عِنْدِي! يَا ابْنَ آدَمَ، اسْتَسْقَيْتُكَ فَلَمْ تَسْقِنِي! قَالَ: يَا رَبِّ، كَيْفَ أَسْقِيكَ وَأَنْتَ رَبُّ العَالَمِينَ؟! قَالَ: اسْتَسْقَاكَ عَبْدِي فُلَانٌ فَلَمْ تَسْقِهِ! أَمَا عَلِمْتَ أَنَّكَ لَوْ سَقَيْتَهُ لَوَجَدْتَ ذَلِكَ عِنْدِي».

«Аллах Таала Кыямат күнү мындай дейт: «Эй Адам баласы! Мен оорудум, бирок сен мени көргөнү келген жоксуң!»

Адам баласы айтат: «Эй Раббим, Сен ааламдардын Раббиси болуп туруп, мен Сенден кантип кабар алайын?!»

Аллах айтат: «Билбедиңби, Менин баланча кулум ооруп жаткан, сен аны көргөнү барган жоксуң! Эгер аны көргөнү барсаң, Мени анын жанында табат элең!»

«Эй Адам баласы! Мен сенден тамак сурадым, бирок сен мени тамактандырган жоксуң!»

Ал айтат: «Эй Раббим, Сен ааламдардын Раббиси болуп туруп, мен Сага кантип тамак берем?!»

Аллах айтат: «Билбедиңби, Менин баланча кулум сенден тамак сураган, сен аны тамактандырган жоксуң! Эгер аны тамактандырсаң, Мени анын жанында табат элең!»

«Эй Адам баласы! Мен сенден суу сурадым, сен мага суу берген жоксуң!»

Ал айтат: «Эй Раббим, Сен ааламдардын Раббиси болуп туруп, мен Сага кантип суу берем?!»

Аллах айтат: «Билбедиңби, Менин баланча кулум сенден суу сураган, сен аны сугарган жоксуң! Эгер аны сугарсаң, Мени анын жанында табат элең!».

Ачка калган адамдарды тамактандыруу жана алсыздарды коргоо – бул мусулмандарга гана таандык ахлакый милдет эмес, бул хазараттын дүйнөлүк өлчөмү. Муктаждарды көрмөксөнгө салып, ошол эле учурда жардам беребиз деп, бирок жетпеген бюрократиялык каналдар аркылуу гана аракеттенүү – бул инсаний кадыр-баркка кыянаттык жана Аллах Тааланын алдында болгон жоопкерчиликти тануу.

Газага жардам жеткирүүгө тоскоол болуп жаткан нерселер ачык көрүнүп турат: чек арадагы чектөөлөр, аскерий блокада жана ондогон жылдар бою колониялык мандаттардын астында түзүлгөн саясатты колдонуп жаткан кошоматчы режимдер. Алар англис Сайкс менен француз Пиконун 1916-жылы 16-майда тарткан чек араларын ыйык тутуп, аларды коргоп келишет. Бул иште биринчи кезекте чек араларды көзөмөлдөп турган өкүмдарлар жана аскерлер жоопкер, алар ачка калгандарга жана муктаждарга азык-түлүктүн, дары-дармектин жана негизги жардамдардын жетишине уруксат берүүгө милдеттүү. Ошондой эле бул курчоолорду уюштуруп жаткан адамдардын үй-бүлөлөрү да ахлакый жоопкерчилик көтөрөт, жана ушул зулумга чыдап турган Ислам дүйнөсүндөгү жана жалпы дүйнөдөгү коомдор да жоопкер болушат.

Аллах Таала Курани Каримде эскерткендей:

﴿قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا أَنزِلْ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِّنَ السَّمَاءِ تَكُونُ لَنَا عِيداً لِّأَوَّلِنَا وَآخِرِنَا وَآيَةً مِّنكَ وَارْزُقْنَا وَأَنتَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ * قَالَ اللَّهُ إِنِّي مُنَزِّلُهَا عَلَيْكُمْ فَمَن يَكْفُرْ بَعْدُ مِنكُمْ فَإِنِّي أُعَذِّبُهُ عَذَاباً لَّا أُعَذِّبُهُ أَحَداً مِّنَ الْعَالَمِينَ﴾

“(Ошондо) Ыйса бин Мариям: “Эй Раббибиз, бизге асмандан бир дасторкон түшүргүн, ал абалкыбыз менен акыркыбыз үчүн майрам жана Сенин аят-кереметиң болуп калсын. Бизди (ушул нематтан) пайдаландыргын. Өзүң эң жакшы ырыскы берүүчүсүң”,- дегенде Алла айтты: “Мен аны силерге түшүрүүчүмүн. А бирок ошондон кийин силерден кимде-ким каапыр болсо, аны ушундай бир азапка кириптер кыламын, бүткүл ааламдарда бир да адамды андай азаптабаймын”.

(Маида сүрөсү: 114–115).

Иса عليه السلامдын тарапкерлери кыйын учурда ырыскыны жеткирүү үчүн илахий жардамды сурашкан. Ошол сыяктуу эле бүгүн ислам үммөтү Газадагы элди куткарууну тилеп жатат. Бирок, дуба сөзсүз иш менен коштолушу керек. Чыныгы куткарылуу жалгыз дубада эмес, курчоого каршы туруп, бул кошоматчы режимдерди алып таштоодо.

Кимде-ким бир туугандары өлүмгө дуушар болуп жатканда, ишке жарактуу болуп, бирок кыймылдабай отурса, анда өзүн ырайымга көбүрөөк татыктуумун деп ойлобосун. Кыямат күнү шахид болууга убада берилгендер өзгөртүү киргизе алып туруп, бирок жалкоолонгон адамдарды ачык айыпташат. Ачтарды тамактандыруу, баш калка берүү жана зулумга дуушар болгондорду коргоо – бул каалоо-табитке жараша нерсе эмес, бул инсаниятты урматтайм деп доомат кылган ар бир абийир ээсинин мойнудагы фарз. Өзгөчө – колунда бийлиги жана күчү бар өкүмдарлар үчүн бул милдет болуп эсептелет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button