Асыл хадис

Чектен ашкандар кыйрады

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Чектен ашкандар кыйрады

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих аль-Имам Муслимдин шархы ан-Нававиде “чектен ашкандар кыйрады” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا أبو بكر بن أبي شيبة حدثنا حفص بن غياث ويحيى بن سعيد عن ابن جريج عن سليمان بن عتيق عن طلق بن حبيب عن الأحنف بن قيس عن عبد الله قال: قال رسول الله – صلى الله عليه وسلم – “هلك المتنطعون” قالها ثلاثا

Абу Бакр бин Абу Шайба бизге Абдуллахтан риваят кылды: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Чектен ашкандар кыйрады”. Ал үч жолу айтты.

هلك المتنطعون “Чектен ашкандар кыйрады” дегени сөзүндө жана иш-аракетинде чектен чыккандарды билдирет. Аалымдар буга ашыкча чектен чыгып кетүү жана фанатизм сыяктуу мисалдарды келтиришкен. Алардын ичинен адам өзү көтөрө албаган ибадатты өзүнө жүктөп, анан жакшысын калтыруусу. Же бул амалы зеригүүгө алып келет, ошондуктан адам токтойт. Бул түнкү намазга көп убакыт коротуп жана уктабай калып чарчап, багымдат намазын жамаат менен окуудан, же керектүү убактысында окуй албай калганга окшош. Мисалы, сапарда же ооруп жүргөндө орозону бузбай өзүн кыйнап орозону улантуу же тайамум кылбай (кургак даарат) кайдыгер мамиле жасап, өзүнө зыян келтирсе да сууну колдонуу сыяктуу уруксат өкүмдүн ордуна өзүн кыйнаган чечим кабыл алуу… Майда-чүйдө нерселерге ашыкча маани берген адамдын белгилеринин бири – боло элек нерселер жөнүндө суроолорду көп бериши. Мурунку салихтер боло элек нерселер жөнүндө суроо берүүнү жактырышкан эмес. Ошондуктан алардан боло элек бир нерсе жөнүндө суралса, алар: “Андай болгонго чейин аны калтыргыла”, – дешкен.

Урматтуу бир туугандар:

Биз жашап жаткан, Исламга жана мусулмандарга каршы кутумдар көп болуп, мусулмандардын каны бардык жерде дарыядай агып жаткан бул караңгы мезгилде, кылмышкер каапырлар кээ бир мусулмандарды, айрыкча тунук пикири жок башаламан пикирлегендерди өздөрүнө кайдыгерлик же динди түшүнүүдө аша чабуу болобу, айырмасы жок аларды пайдаланып жатышат.

Мындай пикирий баш аламандыктын жана туура түшүнүүдөн четтөөнүн себеби – биздин ой жүгүртүүбүздү жана табитибизди толугу менен башкарган, жашоо түшүнүктөрүбүздү өзгөрткөн Батыш цивилизациясынын басып алуусу.

Ислам өлкөлөрүндө батыш цивилизациясы пайда болуп, анын цивилизациялуу формалары жана материалдык өнүгүүсү көзгө көрүнгөндө, көпчүлүктүн көзүн өзүнө бурду. Ошондуктан, алар батыш цивилизациясы менен жарандык форманын ортосунда эч кандай айырмачылык кылбастан, бул жарандык формаларды кабыл алып, батыш цивилизациясын туурай башташты. Цивилизация жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрдүн жыйындысы экенин жана бул жашоонун белгилүү бир түрү экенин түшүнбөй туруп аны ээрчиди. Ал эми цивилизация – бул жашоодо каражат жана курал катары колдонулган материалдык формалар. Ошондуктан, Батыш цивилизациясын бүт бөлүктөрү менен эч кандай айырмасыз кабыл алууга уруксат берген фатваларды көрүп жатабыз. Ал эми бул цивилизацияга каршы туруп, аны толугу менен жана майда-чүйдөсүнө чейин четке кагып, жашоо жөнүндөгү түшүнүктөр менен эч кандай байланышы жок илим болсо да, ал чыгарган бүт нерсени четке каккандарды көрдүк. Бул көз-караштын жактоочулары негизсиз түрдө өтө катуу болушкан жана катуулугу менен Аллах аларга уруксат берген нерселерди арам кылышкан жана Курандын текстинен четтеп, чектен чыгышкан.

Бул пикирий баш аламандык эмне үчүн жана кимдин кызыкчылыгы үчүн? Ал эми бул чектен ашуу жана артта калуу кимдин кызыкчылыгы үчүн?

Бул Исламга жана анын пикирлерине каршы согуш болгондуктан, динге каршы чабуул экени талашсыз. Батыш Исламды түздөн-түз жок кыла албаган соң, аны ээрчигендер арасында туура түшүнүүнү жок кылууну чечти. Кээ бир мусулмандар жума намазын хутбасыз окуганга чейин барышып, хутбаны үн жаздыруучу аппарат аркылуу гана угушту. Бул исламга жана анын пикирлерине карата ыплас чабуул, кээ бирөөлөр, мисалы, Исламда уруксат берилген туугандар менен никеге турууга тыюу салууга чейин барышты. Алар мусулмандарга кандай динди каалап жатышат? Алар каалаган дин Исламды жок кылуунун жолун тынымсыз издеген Батыш цивилизациясынын дини. Бирок биз Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Чектен ашуучулар кыйрады” деген хадисин туура кабыл алабыз, анткени бул чектен ашуучулардын тагдыры – кыйроо. Бул нерсе өз ордуна коюу чыныгы халифалык орногондо болот, Аллах кааласа ал жакында орнойт. Ошондо туура өкүмдөр иш жүзүндө ишке ашат жана апыртылган чектен ашкан өкүмдөр четке кагылат.

Оо Аллахым, мусулмандарды бириктире турган жана алардын башына түшкөн азапты көтөрө турган халифалыкты тикелөө үчүн бизди тездет. Оо Аллахым, жерди асыл жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. АЛЛАХЫМ Амииин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 13-робиул саани.

2025-ж, 7октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button