«Тынчтык» — бул баскынчылык жамынган капкак

Басма сөз баянаты
«Тынчтык» — бул баскынчылык жамынган капкак
Вашингтондун демилгеси аркылуу башталган баскынчы яхудий түзүмү менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы «келишим» Батыш медиасында, ал тургай айрым мусулман өлкөлөрүндө да, «тынчтыкка карай кадам» катары көрсөтүлүүдө. Бирок чындыгында бул эски үлгүнү кайталоо гана. Бул колонизатордук долбоору жана яхудий түзүмү улам бекемделип, корголуп жатат, ал эми анын кылмыштары «тынчтык» деген капкак менен жабылууда.
«Ок атууну токтотуу» жана «гуманитардык жардам» сыяктуу түшүнүктөр сыртынан элдешүү сыяктуу көрүнөт, бирок чындыгында бул — айлакер жана шылдыңга салуучу куралдар.
Эгерде жардам кербендерин уюштурган күчтөр ошол эле учурда баскынчыларды бомбалар менен камсыздап, Газаны кыйраткан дипломатиялык калканды берип жатышса, жардам тууралуу кантип сөз кылууга болот?! Ок атышууну токтотуу кантип ишенимдүү болушу мүмкүн, эгер яхудий түзүмү өз кызыкчылыгы талап кылган сайын келишимдерди кайра-кайра бузуп келсе?!
Ондогон жылдар бою көчүрүп чыгаруулар, жамаий кыргындар, Америка, Батыш жана мусулман өлкөлөрүндөгү чыккынчы режимдердин колдоосу менен жасалган геноциддерге тарых ачык күбө. Палестина элине эч кандай адилеттик да, ордун толтуруучу чара да көрсөтүлгөн эмес, бул келишим да өзгөчө болбойт.
Бул үлгү Иракта, Сирияда, Афганистанда, Ливияда, Суданда жана башка көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө да кайталанды. Мамлекеттер «тынчтык» жана «туруктуулук» ураандары астында кыйратылып, акыры оккупацияга, бөлүнүүгө жана баш аламандыкка берилди. Ошентип, дүйнө кайрадан ошол эле айлампага түшөт, «тынчтык» деген ат менен сатылган убактылуу келишимдер чындыгында баскынчылыкты дагы бекемдейт. Яхудий түзүмү убакыт, мыйзамдуулук жана коопсуздукка ээ болот, ал эми палестиналыктар курчоодо, кемсинтүүдө жана жалган убадада калат.
Чыныгы тынчтык яхудийлердин Палестинадагы баскынчылык, зулуму жоюлмайынча орнобойт. Чыныгы жана жалгыз чечим — Палестинаны кайрадан Халифалыкка кайтарып, мусулмандар бир Халифанын роясы астында биригип, үммөттүн кызыкчылыктарын коргоп, бул колонизатордук долбоорду түбөлүк жоюу. Анткени, зулум кылган сыйланып, зулумга дуушар болгон сабыр кылууга чакырылып турганда, Палестина «тынчтык» деген ат менен сатылып, бул «тынчтык» өз маңызында баскынчылыктын жаңы түрүнөн башка эч нерсе болбой кала берет.
Окай Пала
Хизб ут-Тахрирдин Голландиядагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү




