Роя гезити

Акча түзүмү алтын менен доллардын ортосунда

Акча түзүмү алтын менен доллардын ортосунда

1971-жылдын 15-августунда АКШ президенти Ричард Никсон Бреттон-Вудс келишимин т.а. алтындын баасын унциясына 35 доллар өлчөмүндө бекиткен системаны жоюу чечимин кабыл алган. Бул тарыхый чечимдин негизги себеби АКШнын Федералдык резерви чыгарган доллардын көлөмүнүн өтө көбөйүшү болгон. Айрыкча, Европаны куткаруу үчүн бөлүнгөн «Маршалл планы» деп аталган долбоор үчүн үлкөн акча каражаттар басылып чыккан.

1971-жылга келгенде Европада 10–40 миллиард доллар топтолгон, ал Бреттон-Вудс келишимине ылайык 11,2–40,8 тонна алтынга тете болгон. Бул сумма АКШнын ошол кездеги алтын корунан (10 миң тонна) ашып түшкөн. Ошондуктан Америкада башка айла калган эмес, мындайча айтканда дүйнөлүк борбордук банктар өздөрүндөгү долларды алтынга алмаштыра ала турган Бреттон-Вудс негизинен баш тартууга мажбур болгон.

Европа, айрыкча Франция, бул кадамга катуу каршы чыккан, бирок Америка өз чечимин артка алган эмес. Тескерисинче, ал Европаны ошол жол менен жүрүүгө мажбур кылган, өзгөчө Сауд Арабия башында турган ОПЕК уюмун ынандырып (мажбурлап), «алтын-доллар» системасынын ордуна «мунай-доллар» системасын — башкача айтканда, петродоллар негизин кабыл алдырган.

Эми доллар менен мунайдын, доллар менен алтындын байланышын караганда, АКШ көзөмөл кылган акча системасы алдында чоң түйүн турганы көрүнөт. Алтындан ажыратылгандан кийин, андан соң Рейгандын 1980–1988-жылдардагы башкаруусунда экономикалык өсүшкө болгон чектөөнү да жойгондон кийин, Америка өзүндө бар алтындын же ички-тышкы рыноктогу товарлардын көлөмүнөн ашкан зор суммадагы долларды чыгарууга жол ачып койгон.

Дүйнөлүк рынокто долларлардын көлөмү өтө чоң деңгээлге жетти. Нак түрүндө жүгүртүлгөн акча (M0) 8,3 триллион долларды түзөт, банктык чектер аркылуу айланган доллардын көлөмү (M1) 56,7 триллион долларга барабар. Эгер мунун үстүнө банктык сактык эсептердеги сумма (M3) 57 триллион доллар кошулса, дүйнөлүк деңгээлде айланууда турган доллардын көлөмү 123 триллион долларга жетет.

Бирок дүйнөлүк каржы уюму EBC Group доллардын жалпы көлөмүн 471 триллион доллар деп баалайт. Бул дүйнөдөгү өндүрүлгөн жана дагы өндүрүлө элек алтындын баарын ушул акча менен сатып алууга болот дегенди түшүндүрөт. АКШнын Геологиялык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө азырынча өндүрүлгөн алтындын көлөмү 244 миң тонна, ал эми жер астында болжол менен 50 миң тонна алтын бар. Демек, табылган жана келечекте табылышы мүмкүн болгон алтынды чогуу эсептегенде жалпысынан 300 миң тоннага жакын болот.

Учурда жүгүртүлүп жаткан долларлардын жалпы көлөмү — Федералдык резерв чыгарган же пайдаланууга жеткиликтүү болгон акчалар — дүйнөдөгү бардык алтынды азыркы баада сатып алууга жетиштүү. Бул дүйнөдөгү доллардын жалпы көлөмүнүн 7 пайызын да түзбөйт.

Чындыгында, азыр алтын акчанын негизги өлчөмү болуп эсептелбейт жана өлкөлөр долларды алтынга алмаштырууга мажбур эмес. Бирок Америка Бреттон-Вудс келишиминен баш тарткандан кийин бир гана нерсени камсыз кылды: алтын менен доллардын соодадагы баасынын туруктуулугу. Мына ушул жерде чоң коркунуч жатат: дүйнөдө топтолгон долларлардын көлөмү ушунчалык көп болгондуктан, алар дүйнөдөгү бардык алтынды 15 жолу сатып алууга жетет.

Экинчи жагынан, инфляция деп аталган көрүнүш, бул жүгүртүүдөгү же жүгүртүүгө даяр акчанын көлөмүнүн көбөйүшү, бирок ошол акчага сатып алууга мүмкүн болгон товарлардын көлөмү анчалык өспөгөн абал. Албетте, инфляцияны азык-түлүк, дары-дармек, өнөр жай жабдуулары же аскердик курал-жарак сыяктуу товарлар аркылуу да өлчөө мүмкүн, бирок алтын инфляциянын эң маанилүү көрсөткүчү бойдон калат, айрыкча ал инвестиция же сактоо каражаты катары чоң суроо-талапка ээ.

Эгер адамдар колдонгон товарлардын жана ресурстардын дүйнөлүк көлөмүн карасак азык-түлүк, дары-дармек, аскердик каражаттар, космос өнөр жайы, өндүрүш жана алтын менен кошо 2023-жылы бул көрсөткүч 40 триллион доллар, ал эми 2024-жылы 64 триллион доллар болгон.

Эгер бул көрсөткүчтү жүгүртүүдөгү нак акча көлөмү менен салыштырсак, ал 160 триллион долларды түзөт. Бул болсо дүйнөлүк деңгээлдеги каржы абалынын канчалык кооптуу экенин түшүндүрөт. Ошондой эле 2023 жана 2024-жылдардагы товарлардын жүгүртүү баасынын ортосундагы айырмага көңүл буруу керек. Ал 4 триллион долларга жеткен. Бул чоң өсүш керектөөнүн көбөйүшү эмес, тескерисинче, товарлардын жана керектелүүчү, ошондой эле стратегиялык материалдардын баасынын жогорулашынын натыйжасы.

Бүгүнкү күндө байкалган негизги көрүнүш алтын баасынын өсүшү. Себеби, алтындын баасын олуттуу деңгээлде көтөрсө да, дүйнөлүк деңгээлде баш аламандык жаратпайт. Ошентип, инфляцияны токтотуу үчүн пайыздык чендерди өтө көтөрүү же керектөөчү товарлардын баасын кескин жогорулатуу ордуна, көпчүлүк алтынды туруктуу башпаанек катары көрүүдө. Алтындын баасы көтөрүлгөндө бул элдин жашоосуна түздөн-түз таасир этпейт, дүйнө калкынын көпчүлүгүн кыйнаган инфляциянын көрүнүшү катары эмес, тескерисинче, инвестиция мүмкүнчүлүгү катары кабыл алынат.

Натыйжада, алтындын же башка товарлардын баасынын өсүшүнө алып келген негизги маселе, бул акча чыгаруу процесси менен байланышкан түпкү маселе. Адамзат көп кылымдар бою бир гана акча бирдиги — алтын (же анын ордуна жүгүртүлгөн металл акчалар) менен жашап келген. Мындай системада инфляция болбойт, тескерисинче, өндүрүштүн көбөйүшү баалардын табигый төмөндөшүнө алып келет. Ал эми капиталисттик система, айрыкча анын АКШ таңуулаган каржылык бөлүгү — тескери натыйжа берет.

Акырында суроо туулат: алтын стандартына кайтуу мүмкүнбү? Башкача айтканда, алтын кайрадан дүйнөлүк каржы системасындагы акча бирдиги болуп, бардык эмгек жана каражаттардын баасы алтын же күмүш менен өлчөнө алабы?

Жооп бул жерде каржылык системага гана эмес, толук экономикалык түзүлүшкө, жана эң негизгиси — башка мамлекеттердин позицияларына көз каранды болбой туруп экономикалык чечим кабыл ала алган саясий системага байланыштуу.

Бул тууралуу сүйлөө иш жүзүндө ишке ашыруудан жеңил. Себеби мындай чечим дүйнөдөгү биринчи держава болгон АКШны ачык түрдө сынаган кадам. Америка үчүн алтынды акча системасынан ажыратуу, дүйнөлүк үстөмдүгүн камсыз кылган негизги тирөөчтөрдүн бири болуп саналат.

Биз көргөндөй, 75 жыл мурун, АКШ алтын стандартынын негизин жойгондо, ошол кезде ага каршы тура ала турган эң күчтүү континент  Европа да Американын алдында туруштук бере алган эмес. Ошондой эле Советтер Союзу да АКШнын бул чечимине каршы эч кандай реалдуу чара таба алган эмес. Ал болгону ар кайсы өлкөлөрдөн товар сатып алуу үчүн чыныгы алтын менен чет элдик валюталарды сатып алуу жолу менен чектелген, муну менен бирге дүйнөлүк импорт көлөмүн кыйла азайткан.

Бүгүнкү күндө да БРИКС жана Шанхай уюму сыяктуу жаңы түзүлүштөр дүйнөлүк акча системасы тууралуу өтө этият сүйлөшөт. Алардын негизги демилгеси — уюм мүчөлөрүнүн ортосунда өз валюталары менен соода жүргүзүү, бирок алтынга негизделген акча системасын түзүү деңгээлине жеткен эмес.

Америка дүйнөлүк каржы системасын жана доллардын үстөмдүгүн стратегиялык куралга айланткан. Бул системадан чыгуу аракеттери абдан чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин дүйнөдөгү күчтүү мамлекеттер жакшы түшүнүшөт жана АКШны ачууландырбоо үчүн абдан сак аракет кылышат.

Ошондуктан дүйнөлүк акча системасына каршы чыгуу жөн гана экономикалык маселе эмес, дүйнөлүк түзүлүштүн өзүнө каршы чыгуу дегенди билдирет. Бул болсо бир эле экономикалык же каржылык жагынан эмес, фикрий-мабдаий жана саясий жактан да толук кандуу чакырык болушу керек.

Мындай мүмкүнчүлүк бир гана түзүмдө т.а. Халифалык мамлекетинде бар. Себеби ал мабдаий фикирге негизделген саясий жана экономикалык системага, ошондой эле газ, мунай, металл сыяктуу негизги жаратылыш ресурстарына, дүйнөдөгү маанилүү деңиз жолдорун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө, жана чоң адамдык потенциалга ээ болот.

Ошондуктан, жакында Аллахтын уруксаты менен тикелене турган Халифалык мамлекети — дүйнөгө жаркын пикирге таянган, убактылуу да, келечектеги да пайдага эмес, мабдага негизделген каржы, экономика жана саясат системасын сунуш кыла ала турган жападан-жалгыз түзүм болот.

Доктор Мухаммад Жилани

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button