Жаңы Сирия жана исламий саясатка каршы согуш

Жаңы Сирия жана исламий саясатка каршы согуш
Жакынкы Чыгыштагы эл аралык жана аймактык саясатты түшүнгөн ар бир байкоочу үчүн Сирияда болуп жаткан окуялар Америка тарабынан аймак үчүн түзүлгөн кеңири пландын бир бөлүгү экени айдан ачык болду. Бул пландын ишке ашуусуна бир катар тоскоолдуктар болгон, бирок Америка аларды акырындап жоюп келүүдө. Айрыкча «Аль-Акса ташкыны» операциясынан кийин Газанын кыйратылышы, Хамастын аскердик күчүн жок кылуу аракеттери, Ливан менен Сириядагы Иран партиясынын (Хизбулла) аскердик мүмкүнчүлүгүн талкалоо жана акыры Ирандын өзүндөгү өзөктүк программаны бомбалоо аракеттери ушул түркүмдөн.
Мындан мурдараак болсо, Америка Россияны Украинанын согушу менен алек кылып койгон. Демек, Америка аймак боюнча белгилеген планы өз нугунда алдыга жылууда. Учурда бул планга эң ийкемдүү баш ийип жаткан мамлекет бул Сирия. Себеби, Газа тарапта Хамас али дагы сүйлөшүү үстөлүндө. Ливанда Иран партиясы дагы деле манёвр жасап жатат. Ирандын өзү да региондогу таасирин сактап калуу үчүн келишим издөөдө. Ал эми Сирияда болсо баары өтө жылмакай жана Американын саясаты менен толук шайкеш жүрүүдө.
Бул шайкештик күн өткөн сайын күчөп баратат. Анын эң акыркы мисалы, Сирия президентинин БУУ жыйынына катышуусу жана анын чегинде өткөрүлгөн жолугушуулар, анын ичинде Америка президенти менен болгон кезектеги жолугушуу болду. Ошондой эле Сирия президенти менен АКШнын Борбордук командачылыгынын мурдагы жетекчиси жана ЦРУнун мурдагы башчысы Дэвид Петреус өткөргөн маек да өз ара ырайымдуу, жылуу мамиледе өткөн.
Буга чейин да тараптардын «исламийсаясаттын» түбүнкыркуубоюнчамакулдугунайгинелегенбир катар билдирүүлөрболгон. Өткөн август айындаАКШнын Сирия боюнчаатайынөкүлү Том Барракмындайдеген:«Исламийсаясаттынкоркунучунаналысболуп, бардыкэтникалыктоптордунбиримдигин, сакофатынжанатилинсактап кала турганформуланытабуу керек».
Бул сөздү Сирия жетекчиси Ахмад аш-Шара да колдоп, бирок мусулмандарды катуу нааразы кылгандай түрдө мындай деген: «Исламий мабда ийгиликсиз!». Ошондой эле ал мындай деп кошумчалаган: «Биз даяр системаларды же тарыхтан көчүрүлгөн түзүмдөрдү алып келип, аларды Сирияга жайгаштыра албайбыз».
Бул сөздөрдү башкача чечмелөөгө мүмкүн эмес. Ал Сирияда исламий низомду орнотууну четке какты. Анткени эч ким андан рим, грек же перс системасын кабыл алууну талап кылган жок. Негизги суроо болсо бирөө эле: Жаңы Сирия шариат мыйзамын өзүнүн башкаруу системасы катары кабыл алабы?
Мурда ал Сириянын т.а. “визуалдык өздүгүн” жарыялоо тууралуу сүйлөгөн сөзүндө Сирия жана анын эли миңдеген жылдарга созулган “хазарий өздүккө ээ” деп айткан эле. Бул билдирүү Сирия элинин хазараты Ислам тарыхы менен башталган үммөттүн умумий хазаратынын бир бөлүгү эмес, тескерисинче, Исламдан миңдеген жылдар мурда жашап өткөн элдин өзүнө таандык тарыхый өздүгү жана хазараты бар дегенди билдирет.
Таң калычтуусу, мурда Баас партиясынын жана Асаддардын кулоо алдында калган режими ашкере “араб улутчулдугу” ураанын соода куралы катары колдонсо, эми Жулани (Аш-Шара) Сирияны андан да тар, жасалма бир чөйрөгө “улуттук өздүк” деген калыпка салып жатат. Ошол эле багытта Сирия режими “Ихванул Муслимин” кыймылынын өлкөдө офис ачуу аракетине бөгөт койду. Бул кадам аймактагы Америкага баш ийген режимдердин чечимине толук шайкеш келет. Анткени бул режимдер “Ихванул Муслиминге” байланыштуу ар кандай ишмердикке же ал тургай алардын өздөрүнүн бар болушуна тыюу салган. Бул жагынан эң тажрыйбалуу болгон Иордания режими да азыр ушундай саясатты жүргүзүүдө.
Сирияда болсо бул позицияны ачык коргоп, жайылткан Жуланинин маалыматтык ортомчусу Ахмад Муваффак Зидан. Ал буга чейин да Идлибде “Хизб ут-Тахрир” жигиттерине каршы жүргүзүлгөн массалык камоолорду актоого аракет кылган болчу. Ал жигиттердин көбү бүгүнкү күнгө чейин Идлиб түрмөлөрүндө отурушат.
Бул нукта Сирия элин катуу таң калтырган акыркы кадам билим берүү министринин буйругу болду. Анын буйругуна ылайык, Ислам сакофаты сабагынын саны жумасына төрт сааттан эки саатка чейин кыскартылып, анын эсебинен музыка жана искусство сабактары көбөйтүлдү. Мындан тышкары, мектеп окуучуларынын “Биздин жетекчибиз түбөлүк Мырзабыз Мухаммад ﷺ деген исламий ураандарды айтканы тартылган видеолор тарап кеткенден кийин, Билим берүү министрлиги жаңы токтом чыгарып, бардык мамлекеттик жана жеке мектептерде бардык деңгээлдерде ар кандай ураан же ыр аткарууга тыюу салды. Бул тыюу улуттук гимн жана расмий мамлекеттик символдор бекитилгенге чейин күчүндө болот деп белгиленди. Министрлик бул чечимди бардык облустардын билим берүү башкармаларына жиберген расмий катында “Билим берүү жогорку кеңешинин талкууларынын негизинде бардык мектептерде ар кандай ураан же гимн айтууга катуу тыюу салынат” деп түшүндүрдү.
Бул чаралардын бардыгы айкын көрсөтүп турат, Дамаск режими жөн гана адам тарабынан жазылган мыйзамга негизделген конституция менен өкүм жүргүзүп, куфр өкүмү менен чектелбестен, Америка берген көрсөтмөлөрдү так аткарып жатат. Максат мамлекеттин бардык тармактарында, анын ичинде министрликтерде, мектептерде, университеттерде, аскерий жана коопсуздук түзүмдөрүндө Исламдын ар кандай көрүнүштөрүн жокко чыгаруу. Мындан тышкары, Ислам акыйдасын негиз кылган жана Ислам түзүмдөрүн үлгү катары алган ар кандай саясий ишмердикке да тыюу салынып жатат. Мисалы, өткөн августтун аягында Сириянын Коргоо министрлиги атайын буйрук чыгарып, расмий бекитилбеген эч кандай ураан же желекти аскердик формага илүүгө же колдонууга тыюу салды. Бул тыюу диний мааниси бар символдорго да тиешелүү. Министрлик формада бир гана өзүнүн расмий эмблемасы болууга тийиш деп белгиледи. Бул чечимден мурда көптөгөн аскерлер өз формаларына “لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللهِ” – Аллахтан башка илах жок, Мухаммад Аллахтын Элчиси ﷺ деген шахаданы тигип жүрүшкөн.
Эми суроо туулат, Сирия эли чындап эле секуляризмди кабыл алып, исламий долбоордон баш тартып, исламий турмушту жандандыруу фикратын унутуп, өзүнүн Ислам хазаратынан алыстап кете алабы? Жооп, жок. Көп өтпөй Сирия эли аларга таңууланып жаткан бул чоң кутумдун т.а. аларды секуляризмге өткөрүү планын аңдап түшүнөт. Алар буга чейин эле балдарынын билиминде Исламдын эң жөнөкөй көрүнүштөрүнө жасалып жаткан чабуулдарды көрүп, нес абалда болушкан. Демек, азыркы абал убактылуу, өтмө баскыч гана.
Көп убакыт өтпөстөн, аң-сезими ойгонгон элита, айрыкча Исламга бекем ишенген жана акыйдасына таянган катмар Сирияда бүгүн жүргүзүлүп жаткан долбоор секулярдык долбоор экенин, ал Америка түзгөн аймактык планга кызмат кыларын аңдайт. Ошондо исламий турмушту кайра баштоо үчүн күрөш жана жихад күчөйт. Ал эми бул жолдо эң татыктуу, эң алдыңкы сапта турууга ылайыктуулар, шексиз түрдө Шам эли, ыймандуулар жери болгон Сирия эли болуп эсептелет.
Ахмад аль-Касас
Роя гезити




