Роя гезити

Газа жана Сирия окуялары жалган элестерди ачып, чындыкты тастыктады

Газа жана Сирия окуялары жалган элестерди ачып, чындыкты тастыктады

2023-жылдын 7-октябрынан тартып Газа өзүнүн каны жана балдарынын дене бөлүктөрү менен зулумга каршы эң улуу каршылыктардын бирин жазып берди. Ал курал-жарак жана Батыштын, айрыкча Американын зөөкүр жана түз колдоосу менен жабдылган яхудий түзүмүнө каршы турду. Курал жагынан тең эмес болсо да, ыйман жагынан үстөм болду. Газа «жеңилбес армия» тууралуу мифти жокко чыгарды жана Батыш медиасы менен биздин өлкөлөрдүн коркок расмий медиасы тараткан жалган күчтү ашкереледи. Душмандын жеңилбестиги анын чыныгы сыпаты эмес, тескерисинче, жеңилген режимдер өздөрүнүн саткын сарай аалымдары аркылуу үммөттүн аң-сезимине сиңирип койгон элес гана экенин көрсөттү.

Газадагы окуялар ураандарды жалган кылып көрсөттү жана Палестина маселесин соода куралына айландырган Ислам өлкөлөрүндөгү режимдердин беткаптарын жулуп таштады. Алар чындыгында яхудий түзүмүнүн чек арасын кайтарып, үммөттүн жардамын токтотуп, Газа калкына кылынган зулумга каршы унчукпай, дугмандар менен сүйлөшүп, ал тургай курчоо жана басым көрсөтүүгө катышып келишкен. Балдардын каны төгүлүп жатканда бул өкүмдарлардын жасай алган иши айыптоо билдирүүлөрүн же «тынчтанууга чакырууну» жарыялоо менен гана чектелди.

Бул күрөштүн ажырагыс бөлүгү болгон Сирия өлкөсүндө болсо, Асаддын бузулган режими бул чыккынчылыкка шерик болду. Ал эми анын ордуна коюлушу көздөлүп жаткан жаңы режим мурдагынын уландысы катары яхудий түзүмүн коргоо жана эл аралык көз карандылыкты улантуу максатында иштеп жатат. Максат Шамды үммөттүн чоң маселелеринен алыстатуу жана бөлүнгөн абалда кармоо. Алар колундагы жеңишти Аллахтын иънаяты эмес, мамлекеттердин жардамы катары көрүп жаңылышууда. Бул мамлекеттер учурда жаңы түзүлүштү тез арада Америка Жакынкы Чыгышта түзүп жаткан кызматчы режимдердин «үй-бүлөсүнө» кошуу үчүн айла-амал менен калыптандырып жатышат.

Ал эми Американын өзү оорунун түпкү себеби. Ал дагы бир жолу Ислам үммөтүнүн биринчи душманы экенин далилдеди. Ал өзүнүн жана эрке «баласынын» кызыкчылыгынан башка эч нерсени көздөбөйт, бул үчүн күнөөсүз адамдардын сөөгүн тебелеп да өтө берет. Анын учактары, куралдары жана саясий билдирүүлөрүнүн баары оккупацияны колдоо үчүн кызмат кылды. Ошол эле учурда ал «эки мамлекет чечими» жана «тынчтануу» тууралуу сүйлөп, кылмыштарды жаап, жерди басып алуу фактыларын мыйзамдаштыруу үчүн дипломатиялык калкан катары колдонду.

Америка өз түзүмүн камсыздоо үчүн аба көпүрөлөрүн уюштуруп, Коопсуздук Кеңешинде ондогон жолу вето укугун колдонду. Бул кадам союздашын эмес, өзүнүн исламий күчтү түп-тамыры менен жок кылууга багытталган саясий жана идеологиялык долбоорун коргоо үчүн жасалган эле. Американын Исламга болгон душмандыгы мабдаий жана түпкү душмандык болуп эсептелет. Анын максаты бул же тигил уюм менен согушуу эмес, Исламдын кайрадан мамлекет жана түзүм катары кайтып келишин токтотуу. Ошондуктан үммөт жакшы түшүнүшү керек, яхудий түзүмүн түп-тамыры менен жоготуу Американын таасирин биздин жерлерден түп-тамыры менен жок кылуу аркылуу гана ишке ашат.

Мына ушул чоң чыккынчылык шартында Газа өзүнүн ыйманакыйдасына жана андан күч алган ишенимине таянып, үммөттүн эң мыкты болуу ролун аркалап чыкты. Ал Батыш жана анын чабуулчу бөлүгү болгон яхудий түзүмү менен жүрүп жаткан бул тагдыр чечүүчү согуштун айлампасында үммөт атынан алдыга чыкты. Ошентип, Газа Осло, Кэмп-Дэвид, Вади Араба жана Трамп мактаган, саткын өкүмдарлар унчукпай кабыл алган Абрахам келишимдерин талкалап, үммөткө мындай деп жарыя кылды: “Душман менен келишүү болбойт жана ага бир карыш жер да берилбейт. Палестинаны бошотуу — бул сүйлөшүүлөр аркылуу эмес, жихад аркылуу гана болот”.

Газадагы күрөш үммөттүн душманы менен болгон согушу эсептик формула эмес экенин далилдеди, анткени Аллах Таала бул теңдеменин бир тарабына Өз жардамын кошот. Газа көрсөткөндөй, күчтүн чыныгы булагы учактардын саны же ракеталардын тактыгы эмес, эркектерди кыймылга келтирген акыйда жана ишеним. Он беш жылдан ашуун убакыт курчоодо жашап жаткан жигиттери аймактагы эң күчтүү аскердик машинаны силкинтти, анын коопсуздугун титиретти, эсептерин бузду. Алар үммөт Ислам негизинде кыймылдаганда бардык тең салмактуулуктарды өзгөртө аларын далилдешти.

Мусулмандардын аскерлери болсо дароо Газага жардамга шашылышы керек эле, саткын өкүмдарлардын буйругу менен чектелбеши керек болчу. Чек аралар жардам алып кирүү үчүн гана эмес, жоокерлер менен курал-жарактарды Палестинаны толугу менен бошотуу үчүн алып кирүү максатында ачылышы керек эле. Бул мурдагы мусулмандардын сыпаты болчу, амириялык аял ал-Мутасимден жардам сураганда же андалустук аял Султан Ибн Амирден жардам сураганда, алардын аскерлери намыс менен дароо жардамга жөнөшкөн.

«Аль-Акса ташкыны» операциясы яхудийлер менен болгон күрөштүн чыныгы маңызын кайра алып келди. Бул күрөш бар болуу үчүн күрөш, Палестина улуттук эмес, исламий маселе экенин, аны бошотуу ар бир мусулманга фарз экенин көрсөттү. Бул парз өкүмдарлардын шалаакылыгы, режимдердин чыккынчылыгы жана аскерлердин кайдыгерлиги менен жоюлбайт. Ислам үммөтүндө душмандарын коркута турган потенциал бар: анын саны эки миллиардга жакын, колунда зор аскер күчтөрү, бай табигый ресурстары жана өзгөчө стратегиялык жайгашуусу бар. Ал азыр кызматчы режимдер тарабынан чектелип турат. Эгер ошол чектөөлөрдөн бошоп, аны чыныгы, аң-сезимдүү, тайманбас жана мабдaий лидер жетектесе — үммөт өзүнүн ойгонуу долбоорун, башкача айтканда, Пайгамбарлык ﷺ тарикатына ылайык Халифалык мамлекетин тикелейт.

Газанын акыркы кыргында төгүлгөн ыйык каны жөн гана курмандык эмес, чыныгы акыйкаттын кыйкырыгы жана талашсыз далил болду. Ал үммөт түшүнүшү керек болгон үч негизги чындыкты ачып берди:

 1. Капыр душмандын чыныгы жүзү.

 2. Өкүмдарлардын чыккынчылыгы жана алсыздыгы.

 3. Жападан жалгыз дары – Халифалыкты орнотуу.

Газа өзүнө тиешелүү милдетин аткарды, баарын ашкереледи, беткаптарды жулду жана жеңиш Америкадан да, БУУдан да келбейт. Жеңиш Аллах Тааладан келет, ал Өзүнүн динин негиз кылып кыймылдаган, Халифалыкты орнотуп, Аксаны бошотуп, өзүнүн даңкын кайтарган үммөттү урматтайт:

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِىٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж: 40)

Али Абдуррахман

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button