Мусулман өкүмдарлары мусулмандардын намысын сактоого татыктуу эмес!

Басма сөз баянаты
Мусулман өкүмдарлары мусулмандардын намысын сактоого татыктуу эмес!
АКШ президенти Дональд Трамп 2025-жылдын 26-октябрында Малайзияга келгенде, аэропортто кызыл килем үстүндө бийлеп тосуп алынды. Аны тосуп алууга премьер-министр бир катар малайзиялыктарды жыйнап, америкалык желектерди желбиретип, жергиликтүү музыка коштогон бий менен “мусулмандардын балдарын канга боёгон кылмышкерди” тосушту.
Мунун алдында 2025-жылдын 15-майында БАЭ президенти Мухаммад бин Заид да ушундай маареке менен тосуп алган. Трамп бул өлкөгө келгенде, бир нече жаш кыздарды салттуу музыка коштоосу менен бийлетип, тосушкан. Мындай мусулман кыздарын согуш кылмышкери алдында көрсөтүү Исламга эч кандай байланышы жок. Бул мусулмандарды эмес, өз кожоюндарына кызмат кылган башкаруучуларды гана көрсөтөт. Чыныгы позиция Куала-Лумпурдагы Мердека аянтында эртең мененки саат тогуздан тартып катуу коопсуздук көзөмөлүндө жыйналып, Трамп менен яхудий түзүмүнө каршы плакаттарды көтөрүп, «Эркиндик… Палестинага Эркиндик!» деп кыйкырган малайзиялыктардын позициясы. Бул үммөттүн чыныгы абалы, ал эми падышалардын жасаганы шерменделик.
Биздин Ислам хазаратыбыз, жашоо тууралуу жалпы түшүнүктөрдүн жыйындысы катары, аял сакталууга тийиш болгон намыс деп үйрөтөт. Аларды мусулмандардын каны менен колу булганган кылмышкерлерди тосууга чыгарып, денелерин көрсөтүү шерменделик. Ал кылмышкер аялын жылаңач кийимде алып келип, бузук Батыш цивилизациясынын фажирлик сакофатынын жүзүн көрсөттү. Эгер мусулман башкаруучуларынын арасында бир эркек болсо, мындай канкордун канга боёлгон колун кармамак турсун, өлкөлөрүнө кабыл албайт эле.
Мындай кылмышкерлер менен туура мамиле кылууну Пайгамбарыбыз ﷺ жана андан кийинки халифалар көрсөтүшкөн. Ал ﷺ Каъб ибн Ашрафты (Бану Надир яхудийлеринен) тили менен Аллахты жана Элчисин шылдыңдаганы үчүн өлтүрүүгө Мухаммад ибн Масламаны жиберген. Ал эми Бану Кайнука яхудийлери бир мусулман аялды кордоп, анан бир мусулманды өлтүргөндө, Пайгамбарыбыз ﷺ аларды жазалоо үчүн аскер жиберген. Халифалар да ушул жолду уланткан, Исламдын жана мусулмандардын улуулугун сакташкан. Мисалы, халифа Мутасим бир мусулман аялдын жардам сураган үнүн угуп, Амурияны фатх кылган. Мусулманды же муслима аялды, же болбосо Ислам түшүнүгүн шылдыңдаган ар бир адамга эл алдында “кабыл алуу аземи” менен эмес, ушундай армия менен жооп берилет!
Эй мусулмандар! Намыстын маанисин силерге эскертип отуруунун кажети жок, анткени силер аны сактоо үчүн мал-жаныңарды берүүгө даяр экениңерди билебиз. Бирок биздин чоң кайгыбыз өз өлкөлөрүн да, байлыктарын да кафир колонизаторлорго өткөрүп берген, мусулмандардын каны төгүлгөнүнө унчукпай отурган, эми болсо алардын алдында өзүбүздүн ар-намысыбызды да тебелетип жаткан башкаруучуларда. Ооба, алар силерге болгон урматсыздыктын эң акыркы чегине жетишти. Качанга чейин мындай наадандарга унчукпай турасыңар?!
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
29.10.25




