Аял кишинин махрамсыз таанышынын унаасына отуруунун өкүмү

Аял кишинин махрамсыз таанышынын унаасына отуруунун өкүмү
Суроо: Аял киши махрамсыз жеке унаага отурса болобу, эгер айдоочу анын үй-бүлөсүнүн тааныш адамы болсо?
Жооп:
1. Жеке унаанын өкүмү үйдүн өкүмүндөй. Себеби ага отуруу да, үйгө кирүү сыяктуу эле, уруксатты талап кылат.
2. Ошондуктан, унаада аял менен кошо бир гана анын махрамдары же күйөөсү болушу жаиз. Бул үй ичиндеги тартип сыяктуу.
3. Мындан шариатта өзгөчө уруксат берилген учурлар гана чыгарылат. Мисалы, туугандар менен байланышуу (صلة الرحم) үчүн болгон зыяраттар. Мейли алар махрам болсун (мисалы, чоң ата, таяке), же махрам болбосун (мисалы, атасынын бир тууган агаларынын уулдары) тууганчылык алакага кирет. Бирок жалгыз калуу (хилват) болбошу керек.
Мындай учурларда, мисалы, айт күнү же башка мааракелерде, аял туугандарынын үйүнө кирип, туугандык байланышты уланта алат. Себеби шариатта жалпы туугандар менен байланышты сактоо тууралуу буйруктар келген. Махрамдарга бул важиб, ал эми махрам эмес туугандарга мандуб, бирок хилватта калбоо шарты менен.
4. Ал эми жеке унаага отуруу боюнча да өзгөчө бир шаръий уруксат бар.
Эгер айдоочу аялга туугандык жактан байланышкан болсо, анда аял ал унаага жалгыз эмес абалда, башка адамдардын (аял же эркек, айдоочунун же аялдын тааныштары) коштоосунда отура алат. Башкача айтканда, хилват болбошу керек.
Бул уруксаттын далили Асма бинт Абу Бакр رضي الله عنها риваят кылган хадис. Бухарий аны төмөнкүчө риваят кылган:
عن أسماء بنت أبي بكر رضي الله عنهما قالت:
«تزوجني الزبير، وكنت أنقل النوى من أرض الزبير التي أقطعها رسول الله ﷺ على رأسي، وهي مني على ثلثي فرسخ، فجئت يوماً والنوى على رأسي، فلقيت رسول الله ﷺ ومعه نفر من الأنصار، فدعاني، ثم قال: “إخ، إخ” ليحملني خلفه، فاستحييت أن أسير مع الرجال، وذكرت الزبير وغيرته، وكان أغير الناس، فعرف رسول الله ﷺ أني قد استحييت فمضى…»
«Мени Зубайр никеге алган эле. Мен анын жеринен курма дандарын башыма жүктөп алып ташыйт элем. Ал жер мага болжол менен үчтөн эки фарсах (1 фарсах болжол менен 5,5 км) алыстыкта болчу. Бир күнү ошол дандарды көтөрүп келе жатып, Пайгамбарыбыз ﷺ менен бир нече ансар эркектерди жолуктурдум. Ал мени чакырып, төөсүнө отургузайын деп “их, их” деди. Бирок мен эркектер менен чогуу жүргөндөн уялып, Зубайрдын кызганчаактыгын эстедим. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ менин уялып жатканымды түшүнүп, өз жолу менен кетип калды…».
Бул окуядан төмөнкү нерселер түшүнүлөт:
1. Пайгамбарыбыз ﷺ Асмага анын арт жагына отурууга уруксат берген. Ал минген төө Пайгамбарыбыз ﷺ өзү колдонгон жеке унаа болгон, коомдук транспорт эмес.
2. Пайгамбарыбыз ﷺ бир нече сахабалар менен бирге жүргөн, башкача айтканда, алар жолдо караван түрүндө бирге бараткан. Демек, аял жалгыз калган эмес, хилват болбогон шарт болгон.
3. Ошондой эле бул окуядан көрүнгөндөй, сапар узак жол эмес, башкача айтканда махрамды талап кылган деңгээлдеги сапар эмес болгон.
4. Пайгамбарыбыз ﷺ Асмага аны өзүнө туугандык жагынан байланыштуу болгондугу үчүн токтогон. Себеби Асма Айшанын رضي الله عنها сиңдиси, ал эми Айша Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайы эле. Демек, Асма Пайгамбарыбызга ﷺ туугандык жагынан байланыштуу аял болгон.
5. Пайгамбарыбыз ﷺ аялды жакшы таанып, аны туугандык мамилеси аркылуу тааный турганы да маанилүү. Бул аялдын ага жакын жана ишенимдүү болгонун көрсөтөт.
Ушул өкүмдүн чегинде аял унаага туугандык байланыштагы адам менен отура алышы мүмкүн, же айдоочу анын үй-бүлөсү менен жакын достук мамиледе болгон адам болсо, бул да ошол сыяктуу эсептелет.
Мунун далили катары Алла Тааланын төмөнкү аяты келтирилет:
{… أَنْ تَأْكُلُوا مِنْ بُيُوتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ ءَابَائِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أُمَّهَاتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ إِخْوَانِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أَخَوَاتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أَعْمَامِكُمْ أَوْ بُيُوتِ عَمَّاتِكُمْ أَوْ بُيُوتِ أَخْوَالِكُمْ أَوْ بُيُوتِ خَالاَتِكُمْ أَوْ مَا مَلَكْتُمْ مَفَاتِحَهُ أَوْ صَدِيقِكُمْ}
«(Эй момундар), силер өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн, же энеңердин үйүнөн, же ага-иниңердин үйүнөн, же эже сиңдиңердин же абаңардын үйүнөн, же ана эжеңердин үйлөрүнөн же таякеңердин үйүнөн, же тай-эжеңердин үйлөрүнөн, же силер ачкычтарына ээ болгон үйлөрдүн, досуңардын үйүнөн (уруксат сурабастан) тамактанууңарда силерге (күнөө жок)» (Нур: 61).
Дос – бул аны менен мээрим жана тааныштык орногон адам.
Жыйынтык: аял киши жеке унаага айдоочу менен туугандык байланышы болсо же анын үй-бүлөсү айдоочуга чыныгы достук мамиледе болсо жана хилват болбосо, башкача айтканда, айдоочудан башка анын же айдоочунун ишенимдүү тааныштары унаада болсо, анда аял киши мындай унаага отурушу жаиз. Себеби Пайгамбарыбыз ﷺ менен Асманын окуясындагы хадисте да ошондой болушкан. Эгер унаада айдоочу менен бир гана киши болсо, ал аялдын же айдоочунун таанышы болсо, анда ал сөзсүз аялдын махрамы болушу керек. Бирок эгер айдоочунун же аялдын ишенимдүү бир нече тааныштары болсо, анда бул жаиз болот. Бул өкүм далилдерди бириктирүүгө негизделген. Асманын хадисинде Пайгамбарыбыз ﷺ менен бир нече ансарлар болгон, алар Асмага махрам эмес эле. Бирок башка хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«لا يخلون رجل بامرأة إلا ومعها ذو محرم»
«Эч бир эркек аял менен жалгыз калбасын, бир гана анын жанында махрамы болсо (жаиз)». (Муслим риваяты).
Ошондуктан, аял менен эркектин жеке унаада болуусуна уруксат берилген учур, эгер аял айдоочу менен туугандык байланышта болсо же анын үй-бүлөсү айдоочуга достук мамиледе болсо, хилват абалына түшүп калбоо үчүн айдоочунун жана аялдын ишенимдүү бир нече тааныштары болушу керек, же аялдын бир махрамы болууга тийиш. Бул сапар узак болбошу керек, башкача айтканда, махрам талап кылынган деңгээлдеги сапар эмес болушу шарт.
Бул унаада эркектер бар болсо, жеке унаанын ээси менен ага бөтөн аялдын (айдоочу менен туугандык байланышы бар же анын үй-бүлөсү айдоочуга достук мамиледе болгон аялдын) ортосундагы хилватты жоё турган абал болушу керек. Эгер бир гана эркек болсо, анда ал сөзсүз аялдын махрамы болушу керек, же болбосо аялдын же айдоочунун ишенимдүү бир нече тааныштары болушу керек. Бул жогорудагы жоопто далилдер боюнча түшүндүрүлдү.
Ал эми хилватты аялдардын болушу аркылуу жоюу маселеси мурунку фыкых аалымдарынын китептеринде изилденген. Суроочу бул маселеде мурунку мужтахиддердин каалаган бирөөсүнүн пикирин алса, бул ага жетиштүү болот.
Белгилей кетүү керек, айрым фыкых аалымдары бөтөн аял менен эркектин хилватын анын жанында ошол эркектин махрам аялдарынын бири же анын жубайлары болгондо жоюлган деп эсептешет. Кээ бирөөлөр болсо, эгер бөтөн аял менен кошо ишенимдүү башка бир аял болсо, анда да хилват жоюлат дешет. Имам ан-Навави “ал-Мажмуъ” аттуу эмгегинде муну мындайча түшүндүргөн: «Анткени бул абалда бузук иштерге жеткирүүчү себеп, адатта болбойт, себеби аялдар бири-биринен уялышат».
Бул маселеде башка пикирлер да бар…
10.10.2006




