Басма сөз

Заманбап мамлекеттин билим берүү саясатынын ийгиликсиздиги жана рошид Халифалыктын билим берүү өрнөгү

Заманбап мамлекеттин билим берүү саясатынын ийгиликсиздиги жана рошид Халифалыктын билим берүү өрнөгү

Тунистеги билим берүү саясаты кыйрап, заманбап мамлекеттин түркүктөрүнүн бири катарынан чыгып барууда. Аны менен кошо улам-улам жүргүзүлгөн реформалар да натыйжа берген жок. Биздин балдарыбыз дүйнөлүк рейтингдердин акырында калууда, мектептерибиз менен университеттерибиз дүйнөлүк классификациялардан чыгып калган. Жыл сайын он миңдеген окуучулар мектептен чыгып, көчөгө ташталып, аларды жумушсуздук, баңгизат жана уюшкан кылмыштуу топтор соруп алууда. Мунун өзү эле таалим жана тарбия системасынын бузулганын жана анын натыйжаларынын кыйрашын далилдеп турат. Мындан тышкары мугалимдер четтетилип, эмгек акынын эң төмөнкү тепкичине ташталган.

Бүгүн, демилгелердин улам алмашып жатканына карабастан, билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук кеңешме (2023-ж. сентябрь–декабрь) болобу же 2022-жылкы Конституцияда көрсөтүлгөн Билим жана тарбия боюнча жогорку кеңештин түзүлүшү болобу айырмасыз, кеңешмеде сунуш кылынгандар үстүртөн жамоо гана болду. Ал 1958-жылы француз Жан Дюбиас тарабынан коюлуп, ошол убактагы билим берүү министри Махмуд Масаади тарабынан аткарылган демократиялаштыруучу, колонизатордук, секуляристтик долбоорду бекемдөө болгон. Бул долбоор Исламды билим берүүдөн сүрүп чыгарып, коомдун жана жаш муундардын хазарий өзөгүн бузууну көздөгөн.

Бул банкрот болгон моделди кайра айлантуу дагы көбүрөөк төмөндөөгө, бузулууга жана Батышка болгон көз карандылыкка гана алып келет. Үммөт өзүнүн акыйдасынан келип чыккан түпкү билим берүү системасы менен гана көтөрүлө алат. Туура билим берүү саясаты — Ислам акыйдасына негизделген саясат. Билим берүү саясаты жана анын максаттары үммөттүн өздүгүн жана Ислам акыйдасын сактап кала турган услуб боюнча белгиленет. Максат аклиясы жана нафсиясы исламий болгон исламий шахсияны калыптандыруу жана мусулман балдарын жашоонун бардык тармактарында адистешкен аалымдар катары даярдоо. Ислам илимдеринде (ижтихад, фыкх, казыят ж.б.), ошондой эле тажрыйбалык илимдерде (математика, информатика, химия, физика, медицина ж.б.).

Ислам байрагынын لَا إِلٰهَ إِلَّا اللّٰهُ مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللّٰهِ  астында мусулмандарды бириктирген, өз чечимине өзү ээ, күчтүү, коркунуч туудурган тарыхый пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык иш жүзүндө колдонгон билим берүү саясаты – мамлекет Ислам менен өкүм чыгарып, мусулмандардын, бүт дүйнөнүн көйгөйлөрүн жана кризистерин чечет. Анткени ал адамзатты жараткан Аллах жараткан түзүм менен өкүм кылат. Ал жалгыз ар бир заманда жана ар бир жерде адамдарга эмне пайдалуу экенин билет. Мына ушундай саясат менен чоң илимий ойгонуу, кең көлөмдүү өнөр-жай төңкөрүшү, мурда болбогон алга жылуу ишке ашат жана ар бир укук өз ээсине кайтарылат.

Халифалык түзүмүндө көз карандысыз жана так саясий көрөгөчтүк бар. Ал билим берүүнү эң жогорку даражадагы мамлекет ишчилерин даярдоочу «фабрика», жетекчиликке умтулган жана кордук, көз карандылыкты кабыл албаган күчтүү инсанды өстүрүүчү түшүмдүү топурак деп эсептейт. Ал билим берүүнү негизги зарылчылык деп билип, аны эң жогорку сапатта жана акысыз камсыздайт. Ошону менен бирге шариаттын өкүмдөрүнө ылайык артыкчылыктарды кайра түзүп, илимий прогрессти тездетет. Муну ишке ашыруу умумий мүлктөн жана мамлекеттин колундагы булактардан (металлдар, энергия, айыл чарба, мал чарба ж.б.) түшкөн чоң кирешелерди бөлүп, эң жогорку деңгээлдеги билимди камсыздоого жардам берген системаларды курат. Алардын эң маанилүүлөрү төмөнкүлөр:

  1. Башталгыч класстан тартып университетке чейинки толук кандуу билим берүү системасын куруу. Бул система исламий шахсияны тарбиялап, лидерлик сапатты момундун ихласы менен айкалыштырган, жашоонун ар кайсы тармагында үммөт муктаж болгон ар түрдүү жөндөмдөргө жана адистиктерге ээ муунду өстүрөт.
  2. Илимий изилдөө жана өнүктүрүү системасын куруу. Бул система мамлекетке караштуу университеттер менен илимий борборлордун ортосундагы толук интеграцияда изилдөө, ойлоп табуу жана өнүктүрүү ишин жүргүзөт. Алардын бардыгы мамлекеттин түздөн-түз башкаруусу, көзөмөлү, колдоосу жана каржылоосу астында болот.
  3. Стратегиялык өнөр-жай системасын куруу. Бул система мамлекет тарабынан толук көз карандысыз башкарылат. Анын максаты, заманбап каражаттар аркылуу аскердик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү, адамдардын негизги муктаждыктарын камсыз кылуу, оор өнөр-жайдын толук интеграцияланган тармактарын түзүү, мамлекеттин толук көзөмөлү астында аларды башкаруу жана бул тармактар үчүн зарыл болгон бардык камсыздоолорду, чийки затты, технологияны, тажрыйбаны, инженердик кубаттарды жана каржылоону камсыз кылуу.

Эй дүйнөдөгү эң байыркы университеттердин мекени болгон зайтун өлкөсүнүн мусулмандары! Исламдын өзгөчө жана ырааттуу билим берүү көз карашын кабыл алган Халифалык түзүмү бүгүн биринчи даражадагы үлгүлүү билим берүү системасын курууга толук кудуреттүү. Бул система илим талап кылууну мамлекеттин жана үммөттүн түпкү пайдаларына кызмат кылган жашоо менен айкалыштырат. Ошол эле учурда ал үммөт муктаж болгон өнөр-жай, айыл чарба, технология жана башка бардык тармактарда өзүнө жетиштүүлүктү камсыздайт. Мына ушундай система биздин өлкөлөрдө билим берүү менен коомдун өнөр-жай, айыл чарба жана техникалык муктаждыктарынын тең келбей калышын жоготот. Дал ушунун өзү бизди башка мамлекеттерге көз каранды кылып койгон.

Муну менен катар, коомдун бардык муктаждыктарын көз карандысыз түрдө камсыз кылуу жана Халифалыкты дүйнөлүк кудуреттүү державага айлантуу үчүн, Халифалык мамлекетинин өндүрүш тармагына күчтүү инвестиция салышы — үммөттүн улуу балдарынын даанышман акылын жана жөндөмдөрүн мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондо алардын асыл кубаттары текке кетпейт жана чет элдик мамлекеттер тарабынан уурдалып да кетпейт.

Ошондуктан, эй Тунис мусулмандары, бул улуу жана көркөм үлгүнү ишке ашырууга шашылыңыздар. Аллах субханаху ва таала силерге фарз кылган рошид Халифалыкты тикелөөгө дароо киришиңиздер! Анткени бардык көйгөйлөргө жалгыз туура жана шаръий чечим мына ушул. Аллах таала айтат:

﴿الَّذِينَ إِن مَّكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ ۗ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

«Аларды (мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти (тийиштүүлөргө) беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Алланын (эрк-ыктыярында)». (Хаж: 41).

Хизб ут-Тахрир – Тунис вилаяты

12.11.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button