Фикхий

Аял кишинин махрамсыз айдоочулукту үйрөнүүсү

Аял кишинин махрамсыз айдоочулукту үйрөнүүсү

Суроо: Эгер аял жанында махрамы же күйөөсү болбой, айдоочулукту инструктордун унаасына отуруп үйрөнүүсү жаизби? Айдоочулук окуу унаасы жеке унаа эмес, жалпы колдонуудагы унаа болуп эсептелгендиктен, махрамды талап кылбайбы? Анан дагы, махрамсыз келген аялды үйрөткөнү үчүн инструктор күнөөкөр болобу?

Жооп: Ооба, автомектептин унаасы жалпы унаа болуп эсептелет жана аял менен кошо күйөөнүн же махрамдын болушу важиб. Эгер аял мындай кылбаса күнөөкөр болот. Ошондой эле инструктор да аялды унаада махрамсыз окутса күнөөкөр болот. Мунун баяны төмөнкүчө:

  1. Аллах Таала аялга коомдук жашоодо айрым нерселерди аткарууга уруксат берген (важиб, мандуб же мубах болгон иштер). Ошондуктан аял бул иштерди коомдук жашоодо өз калыбында аткарууга укуктуу. Бул иштер эки бөлүккө бөлүнөт.

Биринчи бөлүк: Аткаруусу эркектер менен аялдардын чогуу болуусун же аралашуусун  талап кылбаган иштер. Аралашуу деген — жакын отуруу жана бирге сүйлөшүү. Мисалы: көчөдө басуу, мечитке баруу, сейилдөөгө чыгуу, коомдук паркка баруу ж.б. Мындай иштерди аткарууда аялдын эркектер менен аралашуусу жаиз эмес, анткени шарияттагы ижтимаий өкүмдөрдөгү асыл өкүм — бөлүнүү.

Эгер шарият уруксат берген амал аралашууну талап кылбаса, анда өкүм ошол бойдон калат. Демек, аял көчөгө, мечитке, туугандарына, паркка ж.б. жерлерге жөө же транспорт менен бара берет (махрам талап кылынган аралыкка чыкпаса), бирок бөтөн эркектер менен аралашпастан, башкача айтканда, жакын отуруп, сүйлөшпөстөн аткарат. Мисалы: автобуска түшөт, бирок жанындагы бөтөн эркек менен сүйлөшпөйт, паркка кирет, бирок аралашпайт.

Мындай жалпы кырдаалдарда аял менен бирге махрамдын болушу шарт эмес. Ошондой эле коомдук бакта аялдар үчүн өзүнчө жол, эркектер үчүн өзүнчө жол болуусу шарт эмес, же шаарда аялдар үчүн өзүнчө көчөлөр, эркектер үчүн өзүнчө көчөлөр болуусу талап кылынбайт. Мунун бардыгы бир көчөдө, бир сейил бакта болот, бирок жогоруда айтылгандай аралашууга жол берилбейт. Ушул сыяктуу аялга шариат уруксат берген жана аткарылышы аралашууну талап кылбаган бардык иштер ушул өкүмгө кирет.

Экинчи бөлүк: анын аткарылышы үчүн эркектер менен аялдардын белгилүү бир максат үчүн чогуу болушу зарыл болгон иштер. Мисалы: Соода сатык, ижара, дарыгерлик жана медайымчылык, айрым түрдөгү окутуу жана билим алуу, жалпы илимий лекциялар, акчаны көбөйтүү үчүн жер иштетүү же өнөр жай иштерин жүргүзүү… Мындай учурларда адамдардын бул коомдук жашоодо чогуу болушун шариат белгилүү өкүмдөр менен жөнгө салат. Мисалы: Мечитте жамаат менен намаз окуу. Анын аткарылышы аялдар менен эркектердин чогуу болушун талап кылат. Ошондуктан бул ишке атайын өкүм коюлган: саптар бөлүнөт, адегенде эркектер, андан кийин аялдар тизилет. Бирок мында аялдардын арасында махрамдын болушу шарт эмес.

Ажылык. Анын аткарылышы эркектер менен аялдардын чогуу болуусун талап кылат, саптар бөлүнбөйт. Ошондуктан ажылыктын эркектерге да, аялдарга да тиешелүү белгилүү өкүмдөрү бар.

Дарыгерлик жана медайымчылык. Айрым учурларда алардын аткарылышы эркектер менен аялдардын чогуу болуусун талап кылат. Ошондуктан бул ишке да шариат өзгөчө өкүм койгон, зарыл учурда оорунун ордун көрүүгө уруксат берилет, ал аураттан болсо да…

  1. Айдоочулукту үйрөтүү.

Эгер аялдарга аял мугалимдер, эркектерге эркек мугалимдер жеткиликтүү болбосо, айдоочулукту үйрөтүү иши эркектер менен аялдардын чогуу болуусун талап кылат. Ошондуктан бул абалга да өзүнө жараша атайын өкүмдөр колдонулат. Айдоочулукту үйрөтүүнүн вакыйлыгын изилдөө менен төмөнкүлөр анык болот:

  • Айдоочулукту унаада үйрөтүүнүн вакыйлыгы мугалим менен үйрөнүүчүнүн гана чектелген абалы. Максат бир адамга айдоочулукту үйрөтүү, жамаатка эмес. Демек, эркек-аялдын чогуу болушунун шарты мечиттегидей же жалпы лекциядагыдай көп кишиге тиешелүү максат эмес, эки адамга гана тиешелүү. Мечитте же жалпы лекцияларда хилват жок. Бул жердеги маселе саптарды бөлүүдө болгон, ошондуктан далилдер саптарды бөлүү өкүмүн алып келген. Хилват же махрам маселеси ал максатка тиешелүү болбогондуктан зикр кылынган эмес.
  • Бирок айдоочулукту унаада үйрөнүү абалында, эркек менен аялдын чогуу болуу максаты эки адамга гана т.а. айдоочу мугалими жана үйрөнүүчүгө гана тиешелүү. Мындан улам хилватка түшүү коркунучу  бар, анткени үйрөнүү жол-жобосу ар кайсы жолдордо, өзүнчө кыймылда жүрүүнү талап кылат. Ошондой эле, жакын отуруу, сүйлөшүү, багыт берүү, түшүндүрүү аркылуу аралашуу да болот. Ошондуктан хилватка жол бербөө жана айдоочулукту үйрөтүүдөгү аралашууну чектөө важиб. Бул болсо махрамдын болушу менен ишке ашат. Анткени Пайгамбар   ﷺ айткан:

«لا يخلون رجل بامرأة إلا ومعها ذو محرم»

«Бир эркек бир аял менен (өзүнчө) жалгыз калбасын, бирок жанында сөзсүз  махрамы болсун» (Имам Муслим риваяты).

Ошондуктан айдоочулукту үйрөнүү үчүн унаага отурганда үйрөнүүчүнүн күйөөсү же махрамы болуусу важиб. Мунун бардыгы, эгер аял инструкторлор жок болгон учурда, бирок ал болбой, тек гана эркек инструктор бар болсо, анда жогоруда айтылган өкүмдөр колдонулат.

Жыйынтык: Аялга айдоочулук окуу унаасына инструктор менен отурууга шаръий шарт менен уруксат берилет т.а. жанында күйөөсү же махрамы кошо болууга тийиш. Эгер махрамы жок келсе, аял күнөөкөр болот жана анын инструктору да күнөөкөр болот. Анткени ал аялды махрамсыз окутууда. Мындан тышкары, аял коомдук жашоодо бардык абалында шаръий либас менен т.а. жилбаб жана химар менен авраты жабык болушу керек.

18-рамазан 1427-х.

10.10.2006-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button