Фикхий
Жетимдин кепили жана кайрымдуулук фонддор

Жетимдин кепили жана кайрымдуулук фонддор
Суроо: «Жетимди багуучу» тагыраагы, жетимдин кепили деген сөз кайрымдуулук фонддорго да айтылабы?
Жооп: Жетимдин кепили – бул жетимдин ишин, муктаждыктарын карап турган адам. «Ан-Нихая» деген китепте: «Ал-кафил – жетимдин ишин жүргүзүп, аны тарбиялап турган киши» деп айтылган.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«أنا وكافل اليتيم في الجنة»
«Мен жана жетимди багуучу жаннаттабыз» — деп сөөмөйү менен манжасын көрсөттү. Бул хадис Бухарийде Сахл ибн Саъд аркылуу келген, ошондой эле Тирмизи жана башка мухаддистер да риваят кылышкан.
Табараниде Умм Саид бинт Мурра ал-Фихрийянын атасынан келген риваятта:
«… وكافل اليتيم له أو لغيره»
«Жана жетимди багуучу, бул жетим өзүнө тиешелүү болобу же башка бирөөгө тиешелүү болобу (баары тең)» — деп айтылат. Башкача айтканда, жетимди багуучу туугандары, мисалы: чоң ата, атасынын бир тууганы, ага-ини же тууган эмес бөтөн адамдардан болсун, бардык учурларда «кафала» – жетимди карап турган, анын иштерине көңүл буруп, анын пайдасына иш кылган адамга тиешелүү. Ал эми уюмдарга, фонддого бул терминдин тиешеси жок. Анткени алар жеке инсан эмес, юридикалык уюм болуп эсептелет. Болгону, эгер уюм шариат боюнча жетимдин ишин жүргүзүп бере турган чыныгы бир кишини дайындаса, анда ал киши кепил болуп саналат.
Мындай уюмдарга «жетимдерге жардам берүүчү уюм» деген ат туура келет. Эгер алар шариатка каршы келген шарттарсыз жетимге жардам беришсе, жетим аны кайрымдуулук же белек катары алуусу жаиз.
17/11/2006-ж




