Бейиш бактары

 Улуу сахаба Утба ибн Газван (р.а)

 Улуу сахаба Утба ибн Газван (р.а)

Сабикун аувалундардын саптарында Утба ибн разиаллаху анхунун ысымы нурдай жаркырайт. Ал даъваттын алгачкы күндөрүндө анын шам чырагын көтөргөн киши, Аллахтын Элчиси ﷺ  менен бирге Абу Талиб өрөөнүндөгү курчоонун ачуу даамын татып, сахабалар Меккенин көчөлөрүндө кубаланып, дининен кайтаруу үчүн азапталган оор учурларда анын жанында турган. Бирок ал артка кайткан жок, экиленген жок, тескерисинче, асыл тоодой бекем турду.

Утба алсыздык доорун толугу менен башынан кечирди, ачкачылыкты, коркунучту, Курайштын жалганга чыгаргандарын башынан өткөрдү. Ошондуктан ал бир күнү Басра элине хутба окуп жатып, аларга эскертүү кылып мындай деген: «Мен өзүмдү Аллахтын Элчиси ﷺ  менен бирге жүргөн жети кишинин жетинчиси болгонумду көргөм, биздин тамагыбыз жалгыз дарак жалбырагы эле…» – деп, ал жылдап созулган ачарчылык менен курчоого ишара кылган. Бул сыртынан караганда караңгы күндөр болчу, бирок дал ошол күндөр жер жүзүндөгү бардык алтынга тең келбес эр-азаматтарды тарбиялап чыгарды.

Жылдар өтүп, Утба Мадинага хижрат кылды. Ал өз бир туугандары менен бирге алсыздык доорунан күч-кубат дооруна өттү, Меккедеги кубалоодон Мадинада мамлекет курууга өттү. Андан соң ал Бадр, Ухуд, Хандак жана башка салгылаштарга катышты. Ал эми булардын баары менен жеңиш акысыз берилбестигине, жеңиш сабырдын, бекем туруунун жана жихаддын жемиши экенине күбө болду.

Андан соң фатхтар кеңейгенде, Меккеде азапталган ал жаш жигит мындан ары кубаланган эмес, тескерисинче, Ислам мамлекетинин катарында жоокер жана кол башчы болду. Ошондо Умар ибн Хаттаб رضي الله عنه  аны Басрага валий кылып дайындады. Ал бул жерде толук бир шаарды — жаш мамлекет үчүн аскерий жана саясий база болгон борборду — негиздеди. Ал пайда үчүн базар курган жок, тескерисинче, жоокерлер аттана турган, даъваттын иштери жүргүзүлө турган бир аймак курду. Анткени ал өнүгүүнү дунявий максат эмес, Ислам рисаласын көтөрүүгө кызмат кылган курал катары түшүнгөн.

Булардын баары менен бирге, анын жүрөгү дүйнөнүн фитнасынан корккон, зухд менен толгон бойдон калды. Ал адамдарга эскертүү сөзү менен хутбада минтип сүйлөдү: «Амма баъд, чындыгында дүйнө кетүүгө бел байлады, артына карабастан тез жүрүүдө, андан калган нерсе бириңер идиштен акыркы тамчыны төккөндө калган тамчыдай эле. Силер болсо бул дүйнөдөн эч качан жок болбой турган бир жайга көчүп баратасыңар. Андыктан, көз алдыӊарда турган жакшылыктарды (иштеп) алып көчкүлө.

Чындыгында мага мындай кабар жетти: тозоктун капталынан таш ыргытылат, ал түбүнө жеткиче жетимиш жыл түшөт. Албетте, Аллахка ант, ал (тозок) толтурулат, буга таң калдыңарбы?! Мага ошондой эле мындай кабар жетти: бейиштин эки эшигинин аралыгы кырк жылдык жол. Бир күнү ал да элдин көптүгүнөн тыгыз толот. Мен өзүмдү Аллахтын Элчиси ﷺ   менен бирге жүргөн жети кишинин жетинчиси болгонумду көргөм, биздин тамагыбыз жалгыз дарак жалбырагы эле, ооздорубуздун четтери жара болуп кеткен эле.

Бир жолу мен бир бурданы (чапан) алып, аны Сад экөөбүз ортодон бөлдүк, жарымын мен изар кылып байладым, экинчи жарымын Сад изар кылып байлады. Биздин бүгүнкү күнүбүздө аман жүргөн бир да киши жок, бирок ар бири аймактардын бирине амир болуп олтурат.

Мен Аллахтан өзүмдү өз көзүмдө чоң, Аллахтын алдында кичине болгон абалдан коргоо сурайм. Чындыгында, пайгамбарлыктар арты артынан келип турган, акыры анын натыйжасы падышачылык болду. Эми бизден кийин силер амирлерди сынайсыңар» – деп айткан. Ал бул сөздөр менен максат дүйнөлүк мал-мүлк болбогонун, тескерисинче, динди жогорулатуу экенин эскерткен.

Ушундайча, Утба Меккедеги кубалоодон Басрада жетекчиликке, өрөөндөгү ачкачылыктан Байтул-малга жетекчилик кылууга, алсыздыктан күч-кубатка өттү. Бул даъваттардагы Аллахтын сүннөтүн өзүндө чагылдырган адамдын окуясы: сабыр жана бекемдик, андан соң жеңиш жана тамкин (бийлик, күч-кубат).

Эми биз сабак алабызбы? Бүгүнкү күндө күч-кубатка алып баруучу жол Утба жана анын бир туугандары баскан жолдон кыскараак эмес. Бул амал, сабыр жана мабдаий саясий жихад жолу. Ошондо гана Аллах Үммөттү нубуват минхажы негизиндеги рошид Халифалыгы менен кайрадан мураскор кылат.

Ошондуктан, ушул замандын Утбасы бол…

Кубалоонун алдында бекем тур, кысымга сабыр кыл, мамлекетти тикелөө үчүн иш жүргүз. Ошондо Аллах сага жана Үммөтүңө чыгуучу жолду ачат жана исламий жетекчилик бир кезде Утба жана анын бир туугандары адамзатты жетектегендей, кайрадан адамзатты жетектөө үчүн кайтып келет. q

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button