Бейиш бактары

Хаким ибн Хизам (р.а.) 

Хаким ибн Хизам (р.а.) 

Райян Иса – Ирак 

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«إن بمكة لأربعة نفر أربأ بهم عن الشرك، وأرغب لهم في الإسلام»

«Чындыгында, Меккеде төрт адам бар, мен аларды ширктен алыс деп билем жана алардын Исламга киришин каалайм». Алардын арасында Хаким ибн Хизамды да атап өткөн.

Аллахтын Элчиси ﷺ дагы мындай деген:

«يا حكيم، إن هذا المال خضرة حلوة، فمن أخذه بسخاوة نفس بورك له فيه، ومن أخذه بإشراف نفس لم يبارك له فيه، كالذي يأكل ولا يشبع، واليد العليا خير من اليد السفلى

«Эй, Хаким! Чындыгында, бул мал-дүйнө жашыл жана таттуу. Ким аны напсиси ач көздүк кылбастан алса, ага береке берилет. Ал эми ким аны ач көздүк менен алса, ага береке берилбейт. Ал канча жесе да тойбогон адам сыяктуу болот. Берүүчү кол алуучу колдон жакшыраак». 

Хаким ибн Хизам ибн Хувайлид ибн Асад ибн Абдулузза улуу сахабалардын бири болгон. Ал Каабанын ичинде төрөлгөн. Анткени, энеси кош бойлуу кезинде Каабанын ичине киргенде толгоосу башталып, аны ошол жерде териден жасалган төшөктүн үстүндө төрөгөн. Ал момундардын энеси Хадича бинт Хувайлиддин (р.а.) бир тууганынын уулу болгон.

Ал Мекке Мукаррамада төрөлгөн жана Фижар согушуна катышкан. Пайгамбарлык берилгенге чейин да, андан кийин да Мухаммад Пайгамбардын ﷺ жакын досу болгон. Экөө жахилият доорунда Хубаша базарында бирге соода кылышкан. Айтылышынча, ал болжол менен 120 жыл жашаган.

Хаким мындай деген: «Мен соодагер болчумун. Йеменге барып, Шамга каттап турчумун. Ошентип, көп киреше таап, кайтып келгенимде элимдин кедей-кембагалдарына жардам берчүмүн. Указ базарынан атамдын эжеси Хадича үчүн Зайд ибн Харисаны алты жүз дирхамга сатып алгам. Аллахтын Элчиси ﷺ ага үйлөнгөндө, Зайдды ага белек кылды. Ошондо ал ﷺ Зайдды кулчулуктан азат кылды».

«Муавия ажылыкка келгенде, ал менин Меккедеги үйүмдү кырк миң динарга сатып алды. Ошондо мага Ибн Зубайрдын: «Бул карыя эмне сатканын билбей жатат», – деп айтканы жетти. Мен: «Аллахка ант болсун, мен аны бир чанач шарапка гана сатып алгам», – дедим». Андан Аллах жолунда пайдалануу үчүн унаа сурап келген эч кимди унаасыз кайтарчу эмес.

Мусаб ибн Усман бизге мындай деп кабар берди: «Мен алардын мындай деп айтышканын уктум: «Эч бир адам кырк жашка толмоюнча кеңеш берүү үчүн Дарун-Надвага кирчү эмес. Хаким ибн Хизам гана мындан тышкары болгон. Анткени, ал он беш жашында эле кеңеш берүү үчүн ал жерге кирген». Ал Усманды (р.а.) түн ичинде жерге берген адамдардын бири болгон.

Анын Исламды кабыл алышы абдан кеч болгон. Аллахтын Элчиси ﷺ Меккени фатх кылып киргенге чейин ал алтымыш жыл бою ширк үстүндө калган. Андан кийин Исламды кабыл алганын жарыялаган. Ал Исламды кеч кабыл алганына өкүнүп, бармагын тиштеп, Исламдын жакшылыктарына жана жихаддын шарапатына эртерээк жетишүү үчүн Исламды мурдараак кабыл алганымда деп өкүнүп турчу.

Пайгамбар ﷺ анын акыл-эстүүлүгүн жана кадыр-баркын эске алып, аны урматтоого жана коргоого өзгөчө көңүл бурган. Ошондуктан, Мекке фатх кылынган күнү мындай деген:

«مَنْ دَخَلَ دَارَ حَكِيمٍ فَهُوَ آمِنٌ».

«Ким Хакимдин үйүнө кирсе, ал амандыкта болот». 

Ал мал-дүйнөсүнүн көптүгү жана аны Аллах жолунда сарптоосу менен белгилүү болгон. Арафа күнү жүз төөнү алып келип, аларды садака кылчу. Ошондой эле Аллах жолунда жүз кулду азат кылган.

Напсинин улуулугу:

Исламды кабыл алгандан кийин халифалардын диванынан кандайдыр бир белектерди же акчаларды алуудан баш тарткан. Ал мал-дүйнөнү жашыл жана таттуу деп эсептеп, аны напси ач көздүк кылбастан, жакшы ниет менен гана алуу керек деп билген.

Хаким ибн Хизам Аллахтын Элчисинен ﷺ жахилият доорунда жасаган туугандык байланыштарды бекемдөө, садака берүү жана кулдарды азат кылуу сыяктуу жакшы амалдары жана алар үчүн сооп алабы же жокпу деп сураган. Ошондо Пайгамбар ﷺ ага мындай деген:

.«أسلمتَ على ما سَلَفَ من خير» 

«Сен мурда жасаган жакшылыктарың менен Исламды кабыл алдың». 

Ал Аллахтын Элчиси ﷺ менен бирге Хунайн жана Сакиф согуштарында Аллах жолунда жихад кылган. Риваят кылынышынча, Хунайн күнү Аллахтын Элчиси ﷺ Хакимге мал-дүйнө берген. Бирок Хаким аны азсынып, Пайгамбар ﷺ ага дагы кошуп берген. Ошондо Хаким: «Эй, Аллахтын Элчиси! Сиздин берген белектериңиздин кайсынысы жакшыраак?» – деп сураган.

Ал ﷺ: «Биринчиси», – деп жооп берген.

Андан соң мындай деген: «Эй, Хаким! Чындыгында, бул мал-дүйнө жашыл жана таттуу. Ким аны напсиси ач көздүк кылбастан алып, туура пайдаланса, ага береке берилет. Ал эми ким аны ач көздүк менен алып, туура эмес пайдаланса, ага береке берилбейт. Ал канча жесе да тойбогон адам сыяктуу болот».

Хаким: «Сизден да албайынбы, эй, Аллахтын Элчиси?» – деп сураган.

Ал ﷺ: «Менден да», – деп жооп берген.

Ошондо Хаким: «Сизди акыйкат менен жиберген Затка ант болсун, сизден кийин эч кимден эч нерсе албаймын», – деген.

Ошондон кийин ал көз жумганга чейин дивандан берилүүчү акчаларды да, белектерди да кабыл алган эмес.

Умар (р.а) мындай деп айтчу: «Оо, Аллах! Мен Сени Хакимге күбө кыламын. Чындыгында, мен аны өз акысына чакырып жатам, бирок ал баш тартып жатат».

Ошентип, ал көз жумган учурда Курайш уруусундагы эң бай адамдардын бири болгон.

Улуу сахаба Хаким ибн Хизам хижрий 54-жылы, башка бир риваят боюнча хижрий 60-жылы Мадина Мунавварада болжол менен 120 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button