Зайд ибн Хорис (Р.А)

Зайд ибн Хорис (Р.А)
Суъдо ибн Саълаба өзүнүн коому Бану Муинди зыярат кылмакчы болуп, жолго чыгат. Аны менен бирге уулу Зайд ибн Хорис да бар эле. Коомуна жетейин деп калганда, аларга Буну Кайн каракчылары чабуул кылып, мал-мүлкүн талап-тоноп, төөлөрүн тартып алышып о.э. балдарын да туткунга алышат. Туткунга түшкөн балдардын арасында Суъдонун уулу Зайд ибн Хорис да бар болчу. Ошондо Зайд сегиз жашта эле. Аны Укоз базарына алып барып, соодага коюшат. Курайш жетекчилеринен Хаким ибн Хизом ибн Хувайлид аттуу бай адам аны 400 дирхамга сатып алат. Ал андан башка да бир нече балдарды сатып алып, аларды Меккеге алып кетет. Эжеси Хадича бинт Хувайлид анын келгенин угуп «тынч-аман жакшы келдиңби» деп зыярат кылганы келет. Хаким ага «эй эже, Укоз базарынан бир нече балдарды сатып алдым, алардан каалаганыңызды тандап алыңыз, ал сизге белек болсун» деди. Хадича балдардын жүзүнө көңүл коюу менен карады. Жүзүндө жакшылыктын белгилерин көргөндүктөн, Зайд ибн Хористи тандады жана аны өзү менен алып кетти.
Көп өтпөстөн, Хадича бинт Хувайлид Мухаммад ибн Абдуллага (с.а.в) турмушка чыкты жана күйөөсүнө кандайдыр бир белек бермекчи болду. Мал-мүлкүнүн ичинен туткун кулу Зайд ибн Хористен жакшыраак белекти таба албады. Мухаммад (с.а.в)га аны белек кылды. Бактысы ачылган кул Мухаммад (с.а.в)дын карамагында неъматтанып жашап жаткан учурда өз энеси перзентин жоготуу азабын тартып, көз жаштары тыйылбастан, рухий жактан эзилип, бейпилдигин жоготкон эле. Перзентинин өлүү же тирүү экендигин билбегендиги да анын дартына дарт кошчу. Тирүү болсо, үмүт кылмак, өлгөн болсо, үмүтүн үзмөк. Атасы болсо бардык жерден аны издеди, ар бир жолоочудан анын дарегин сурады. Перзентине болгон мээримин, перзентинен айрылууну жүрөктөргө таасир кыла турган кайгылуу ырга айлантты.
Ажылык мезгилинде Зайддын коомунан бир нече киши Байтул Харамга келишти. Алар Байтуллада Зайд менен бетме-бет келип калышып, Зайдды таанышты. Зайд да аларды тааныды. Бири-биринен ал-жай сурашты. Ибадаттарын бүтүрүшүп, өз өлкөлөрүнө барышканда көргөн-билгендерин Зайддын атасы Хориске жеткиришти. Хорис сапарга ушунчалык бир тез даярданды дейсиң, дароо уулун куткарып ала турган мал да топтоду. Аны менен бирге иниси Каъб да жолго чыкты. Экөө Мекке тарапка карай жолго чыгышты. Шаарга жетип келишкенден кийин, Мухаммад (с.а.в)дын алдына кирип: «Эй Абдулмутталибдин перзенттери, силер Алланын коңшусусуңар, кыйналганга жардам бересиңер, ач калганды тойгузасыңар. Биз силерге туткундагы уулубуз үчүн келдик, аны куткарып алуу үчүн мал да топтоп келдик. Бизге ырайымдуулук көрсөткүлө. Каалаганыңарды айткыла, бизге перзентибизди кайтарып бергиле», – дешти. Мухаммад (с.а.в) «силер сураган бала ким өзү» деп сурады. Алар «кулуңуз Зайд ибн Хорис» дешти. Мухаммад (с.а.в)«силерге перзентиңерди мал менен куткарып кетүүдөн да жакшыраак жолду айтайынбы» деди. Алар «ал кандай жол экен» дешти. Мухаммад (с.а.в): «Азыр аны силердин алдыңарга чакырамын, силер ага мени же силерди тандоосуна ыктыяр бересиңер. Эгер силерди тандаса, ал силердики, эч кандай малсыз алып кете бересиңер. Эгер мени тандаса, мен Аллага ант болсун, өзүмдү тандаган адамдан эч качан жүз үйрүбөймүн», – деди. Алар болсо «ынсап кылдыңыз, болгондо да өтө чоң ынсап кылдыңыз» дешти. Мухаммад (с.а.в) Зайдды чакырды жана андан «булар ким» деп сурады. Бул атам Хорис ибн Шурохил, мунусу абам Каъб, – деди. Мухаммад (с.а.в) «мен сага ыктыяр беремин, кааласаң, алар менен бирге кетесин, кааласаң мени менен бирге каласың» деди. Зайд болсо эч экиленбестен «сиз менен бирге каламын» деди. Атасы болсо «эй куруп кеткир Зайд, ата-энеңдин ордуна кулдукту тандайсыңбы» деди. Зайд: «Мен бул кишиден жакшылык көрдүм, эми эч качан андан ажырабаймын», – деди. Мухаммад (с.а.в) Зайддын бул сөздөрүн уккандан кийин, анын колунан кармап, Байтул Харамга алып чыкты, курайштыктар турган жерге келип, «эй Курайш жамааты, күбө болгула, бул менин уулум, ал мага мураскор болот же мен ага мураскор боломун» деди. Зайддын атасы жана абасы курсант болушту. Уулун Мухаммад (с.а.в)га калтырышты. Коомуна көңүлү ачылып, дилдери кадыржам болуп кайтышты. Ошол күндөн баштап Зайд ибн Хорис «Зайд ибн Мухаммад» деп чакырыла турган болду. Бул абал Мухаммад (с.а.в) пайгамбар кылып жиберилип, ислам бала кылып алууну батыл кылганга чейин уланды. Кийин ал дагы кайрадан Зайд ибн Хорис деп чакырыла турган болду.
Зайд ата-энесинен баш тартып, Мухаммад (с.а.в)ды тандаган убакта кандай олжого ээ болгонун билбейт эле. Үй-бүлөсүнөн абзел көргөн кожосунун алгачкы жана акыркылардын саййиди, Алланын бүтүндөй калкына Расулу болушунан кабарсыз эле. Жер жүзүндө Ислам мамлекетинин курулуусу, бул мамлекеттин батыш жана чыгышты адилеттүүлүк жана жакшылыкка толтуруусу, анын өзүнүн да ушул улуу мамлекетти курууда алгачкы кыштардан болуусу, ошол кезде оюна да келбеген болчу. Мындай пикирлер Зайдда жок эле. Албетте, бул Алланын фазли болуп, аны каалаган кишисине берет. Алла улуу фазл ээси.
Ушул ыктыяр берүү окуясынан эч канча өтпөй Алла Таала Мухаммад (с.а.в)ды акыйкат жана хидаят дини менен пайгамбар кылып жиберди. Зайд ибн Хорис ага ыйман келтирген алгачкы эркектерден болду. Атаандашуучулар атаандаша турган мындан да жакшы амал болобу?! Чындыгында, Зайд ибн Хорис Расулулла (с.а.в)дын ишенимдүү сырдашы, жиберген аскерлеринин башчысы жана Мединадан сыртка чыкканда ал заттын орун басары эле. Зайд Расулулла (с.а.в)ды кандай жакшы көрүп, ата-энесинен да жогору койгон болсо, Расулулла (с.а.в) да аны ошондой жакшы көрүп, үй-бүлөсүнө аралаштырып жүрөт эле. Эгер жок болсо, аны сагынып, кайтып келсе курсант болуп, аны эч кимге насип кылбаган абалда күтүп алчу. Мына Айша энебиз Расулулла (с.а.в)дын Зайд менен учурашкандагы курсантчылыктарынан бир көрүнүштү сүрөттөп: «Зайд ибн Хорис Мединага келди. Расулулла (с.а.в) менин үйүмдө эле. Зайд эшикти такылдатты. Расулулла (с.а.в)дын болгону тизеси менен киндигинин ортосу гана жабык эле. Шашылып кийимдерин кийип барып эшикти ачты жана Зайдды кучактап, аны өптү. Аллага ант болсун, Расулулла (с.а.в)ды андан мурун да, андан кийин да башкалар менен жылаңач абалда көргөн эмесмин», – дейт. Пайгамбардын Зайдды жакшы көрүшү мусулмандардын арасында таркады. Ал тургай, алар «аны Зайдул хубби, сүйүктүү Зайд» деп аташты, ага «Расулулла (с.а.в)дын сүйүктүүсү» деп ат коюшту. Андан кийин анын уулу Усаманы «Расулулла (с.а.в)дын сүйүктүүсү, ал заттын сүйүктүүсүнүн уулу» деп аташты. Хижраттын сегизинчи жылында хикматы улуу Алла өзүнүн сүйүктүүсү Мухаммад (с.а.в)ды сүйүктүүсүнөн ажыратуу менен сынады.
Расулулла (с.а.в) Хорис ибн Умайр Аздийди Басра падышасына исламга даъват кылган кат менен жиберди. Хорис Урдундун чыгышындагы Муъта деген жерге жеткенде Шурахбил ибн Амр гассона амирлеринин бири анын жолун тосуп, кармап алып, арканга байлап, андан кийин аны өлтүрдү. Бул окуя Расулулла (с.а.в)га катуу таасир кылды, анткени эч качан элчилери өлтүрүлгөн эмес эле. Муъта казатына үч миң аскерди даярдады жана ага сүйүктүүсү Зайд ибн Хористи амир кылып: «Эгер Зайд мусибатталса, анын ордуна Жаъфар ибн Абу Талиб жетекчи болот, эгер Жаъфар мусибатталса, Абдулла ибн Раваха, эгер ал мусибатталса, мусулмандар өздөрүнө бирөөнү башчы кылып алышсын», – деди. Аскер жолго чыгып Урдундагы Маон деген жерге келгенде Рум падышасы Хиракл гассондорду коргоо үчүн жүз миң аскер менен жолго чыкты. Аларга мушриктерден дагы жүз миңи кошулду. Ушул көп сандуу армия мусулмандар токтогон жердин жанына келип түшмөк. Мусулмандар Маондо эки күн эмне кылуу жөнүндө кеңешишти. Бирөөсү «Расулулла (с.а.в)га кат жазып, душманыбыздын санын билдиребиз жана ал заттын буйругун күтөбүз» деди. Башка бири болсо: «Эй коом, биз саныбыз, күчүбүз, же көптүгүбүз менен согушпайбыз. Биз ушул дин менен согушабыз. Эмне деп чыккан болсок, ошол нерсе үчүн баралы. Алла Таала бизге эки көркөм иштин бирин камсыздап койгон, алар же жеңиш, же шейиттик», – деди. Ошондон кийин Муътанын жанында эки тарап кагылышты. Мусулмандар ушунчалык баатырдык менен согушту дейсиң, алар душмандарды таң калтырышты, үч миң аскер менен эки жүз миң аскерге каршы чыгып алардын дилдерине коркуу салышты. Зайд ибн Хорис Расулулла (с.а.в)дын байрагын көтөрүп, аны коргоп, ушундай бир согушту дейсиң, тарых буга чейин мындай баатырдыкты көрбөгөн эле. Акыры анын денесинен жүздөгөн найзалар орун таап, канга буланып жерге кулады. Кийин байракты Жаъфар ибн Абу Талиб алды. Ал да байракты ушунчалык бийик даражада коргоду, акыры ал да кулады. Андан байракты Абдулла ибн Раваха алды, ал да баатырларча коргоду, акыры ал да жыгылды. Ошондон кийин мусулмандар өздөрүнө Халид ибн Валидди амир кылып шайлашты. Ал ошол убакта эми гана Исламга кирген эле. Халид армияны артка чегинтти жана аны бүтүндөй кырылып кетүүдөн сактап калды.
Муъта согушунун кабары жана анда баатырларча согушкан үч жетекчисинин өлүмү Расулулла (с.а.в)га жетип келди. Расулулла (с.а.в) аларга ушунчалык кайгырды дейсиң, эч качан мындай абалга түшпөгөн эле. Алардын үй-бүлөлөрүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, үйлөрүнө кирип чыкты. Зайд ибн Хористин үйүнө жеткенде анын кичинекей кызы чыгып, Расулулла (с.а.в)га жабышып алды жана ыйлап жиберди. Расулулла (с.а.в) да ыйлап жиберди. Ошондо Саъд ибн Убада: «Бул эмнеси, я Расулулла (с.а.в)», – деп таңданды. Расулулла (с.а.в) ага:
«هَذَا بُكَاءُ الْحَبِيبِ عَلَى حَبِيبِهِ»
«Бул сүйгөн адамдын сүйүктүү адамына ыйлоосу», – деп жооп берди.
