Фикхий
Сатып алуучунун коммисия акысын алуусу

Сатып алуучунун коммисия акысын алуусу
Суроо: Ден соолукка пайдалуу товарларды саткан коммерциялык компания кардарлары менен төмөнкүдөй тартипте иштейт: “Эгер кимдир бирөө андан бир ден соолукка пайдалуу товар сатып алса, компанияга алып келген эки сатып алуучу үчүн акы (комиссия) алууга укуктуу болот. Ал алып келген эки адамдын ар бири компаниядан ден соолукка пайдалуу товар сатып алган замат, ар бири дагы экиден адам алып келүүгө жана (алар үчүн да комиссия) алууга укуктуу болот. Мындан тышкары, биринчи сатып алуучунун да алгачкы эки сатып алуучу алып келген төрт адам үчүн (азайтылган комиссия) алууга укугу болот. Ушундайча улана берет”. Бул адалбы?
Жооп:
Исламда келишимдер ачык-айкын, жеңил жана татаал эмес. Негизгиси, мамиленин өзүнүн чыныгы абалы жана келишим түзүүнүн тарабы белгилүү болушу, андан соң ага тиешелүү далил-настарды билип, изилдеп, туура ижтихад менен өкүм чыгаруу керек. Бул маселенин чыныгы абалын жана ага тиешелүү далил-настарды изилдегенде төмөнкүлөр айкын болот:
А) Компаниядан ден соолукка пайдалуу товарды (Health product) сатып алууда эч кандай тыюу жок, анткени бул соода-саттыкка кирет:
{وأحل الله البيع}
«Аллах сооданы адал кылды». (Бакара: 275). Демек, ал туура. Ошондой эле компанияга алып келген эки сатып алуучу үчүн компаниядан акча алуу да ортомчулукка (самсара) кирет жана ал адал. Анткени Пайгамбар ﷺ белгилүү ортомчулукка уруксат берген. Бул эки тараптын ортосундагы келишим: бир тарабы компания, экинчи тарабы ага сатып алуучуларды алып келген адам. Бул жерде ал биринчи сатып алуучу. Эмгегине акы катары биринчи сатып алуучуга (ортомчуга) акы төлөнөт.
Мунун баары адал: компаниядан товар сатып алуу да, ага эки кардарды алып келүү да, жана биринчи сатып алуучунун (кардарларды алып келгендин) алар үчүн комиссия катары акча алышы ортомчулук болуп эсептелет.
Бирок мунун баары эки шарт менен:
Биринчиси: Компаниядан сатып алуу баасы ашкере алдамчылык (габн фахиш) болбошу керек, башкача айтканда, базар баасынан өтө эле жогору болбошу зарыл. Мисалы, базарда 500 турган нерсе компанияда 1000 же 2000 болуп кетпеши керек. Күчтүү ыктымалда, бул жерде ашкере алдамчылык бар. Анткени сатып алуучу товарды каалаган баада сатып алат, себеби ал кийин компанияга алып келген эки сатып алуучудан, ошондой эле кийинки чынжырдан акча табат. Жалпысынан, ашкере алдамчылык арам. Бирок эгер сатып алуучу базар баасын билип туруп, ошого карабай компаниядан кымбат баада сатып алууга макул болсо, анда башка кеп. Бул жерде мындай жагдай болушу мүмкүн: сатып алуучу базар баасын билет, бирок кийин акча табарын билгендиктен, компаниянын жогору баасына макул болот.
Экинчиси: сатып алуу ортомчулукка шартталган болбошу керек, башкача айтканда, эки келишим бири-бирине шарт кылынбашы зарыл. Сатып алуу келишими менен эки кардарды алып келүү үчүн комиссия алуу келишими бир келишим катары бири-бирине байланбашы керек. Эгер мындай болсо, анда ал жараксыз, анткени бул «бир келишимдин ичинде эки келишим» болуп калат. Ал эми Пайгамбар ﷺ бир келишимде эки келишим түзүүгө тыюу салган. Башкача айтканда, мен сага: «Эгер мага сатсаң, мен сенден ижарага алам же сага ортомчулук кылам», же «сенден сатып алам…» деген сыяктуу шарт коюу. Суроого караганда, бул жерде ушундай абал бардай: сатуу менен ортомчулук бир келишимдин ичинде, башкача айтканда, компаниядан сатып аласың да, ошол эле учурда ага кардарларды алып келесиң деп шарт коюу болбойт.
Эгер компаниядан сатып алуу ушул экөөнөн таза болсо, башкача айтканда: сатып алуу ашкере алдамчылыксыз болсо же бул ашкере алдамчылык сатып алуучунун базар баасын билип туруп, ага ыраазы болушу менен болсо жана ортомчулук сатып алуу менен шартталбаган болсо, башкача айтканда, сатып алуу ортомчулуктан толук өзүнчө болсо гана жайиз. Тагыраагы, эгер сатып алуучу кардарларды алып келип, компания ага берүүгө макул болсо берет, эгер алып келбесе же компания берүүгө макул болбосо бербейт. Сатып алуу менен ортомчулуктун ортосунда толук ажырым болсо, анда бул эки нерсе адал болот: биринчи сатып алуу жана биринчи сатып алуучу алып келген эки кардар үчүн ортомчулук акысы катары акча алуу жйиз.
Б) Андан кийин, суроого ылайык, биринчи сатып алуучу алып келген эки адам дагы төрт адамды алып келет, башкача айтканда, ар бири экиден алып келет. Ошондо биринчи сатып алуучу өзү алып келбеген, бирок ал алып келген эки адам алып келген кардарлар үчүн да акча алат.
Бул жараксыз. Анткени ортомчулук — бул сатуучу менен ага кардарларды түз алып келген адамдын ортосунда болот. Бул болсо ортомчулук акысы адамдын өзү компанияга алып келген кардарлар үчүн гана берилерин билдирет, башка бирөөлөр алып келгендер үчүн эмес.
Бирок компания биринчи сатып алуучуга башка адамдар алып келген кардарлар үчүн сыйлык (хиба) катары берсе болот, бирок милдеттүү түрдө эмес.
Жыйынтык:
1) Компаниядан ден соолукка пайдалуу товарды сатып алуу, эгер ал башка бир келишимге шартталбаган болсо жана ашкере алдамчылыксыз болсо, же болбосо сатып алуучу базар баасын билип туруп, ошол кымбат баага ыраазы болуп макул болсо жарактуу болот.
2) Биринчи сатып алуучу компанияга өзү алып келген ар бир кардар үчүн (алгач алып келген эки кардар үчүн) компаниядан комиссия алууга укуктуу. Бирок өзү алып келбеген, башка бирөөлөр алып келген кардарлар үчүн комиссия алууга укугу жок. Мындай учурда берилсе, ал сыйлык (хиба) катары гана берилет, башкача айтканда, милдеттендирген келишим эмес. Бул өкүм компаниядан сатып алган ар бир сатып алуучуга тиешелүү: биринчи сатып алуучуга да, ошондой эле ал алып келген башка сатып алуучуларга да.
2-Шавваль 1428-х.
13.10.2007-м.




