Басма сөз

Пакистан мусулмандарынын аскерлери эми америкалык генералдын кол башчылыгы алдында яхудийлерди коргоо жана палестиналык каршылык кыймылды куралсыздандыруу үчүн аракет кылабы?!

Басма сөз баянаты

Пакистан мусулмандарынын аскерлери эми америкалык генералдын кол башчылыгы алдында яхудийлерди коргоо жана палестиналык каршылык кыймылды куралсыздандыруу үчүн аракет кылабы?!

Пакистандык «Аль-Фажр» гезити өз сайтында 2025-жылдын 13-декабрында билдиргендей, кийинки айдан тартып Газада «эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн» курамында мусулман аскерлери жайгаштырылышы мүмкүн. Америкага кызмат кылган башкаруучу Шахбаз Шариф буга чейин эле Газада пакистандык аскерлерди жайгаштырууга алдын ала макулдук берген. Бирок мусулмандардын башкаруучулары элдин жалпы нааразылык реакциясынан коркуп, биринин артынан бири Америка алдында алсыздыгын көрсөтүп келишүүдө. Ушундайча шайтан Трамп жана анын кызматчылары болгон мусулман башкаруучулары азыр яхудийлерди коргоо жана палестиналык каршылык кыймылды куралсыздандыруу үчүн биздин жихадий мусулман аскерлерибизди колдонууга багытталган жаңы кутумдарды токуп жатышат. Докладда белгиленгендей, маалымат каражаттарынын көзүнөн алыс түрдө мусулман аскерлерин жайгаштыруунун акыркы деталдары такталып жатат. Ошондой эле Трамп администрациясы Газадагы командачылык борбору бир же эки жылдыздуу америкалык генералдын карамагында болорун жарыялады. Демек, бул мусулман аскерлери Америка жана баскынчы яхудий түзүмү биргеликте да аткара албай калган ыплас тапшырманы бүтүрүү үчүн кресттүү америкалык генералдын жетекчилиги астында колдонулары ачык көрүнүп турат!

Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү офицерлерге кайрылуу!

Ислам өкүмдөрү ачык жана так. Жаратуучуга каршы келгенде жаратылганга баш ийүү жок! Харам жана зулумдукта баш ийүү болбойт. Кул кожоюнуна, аял күйөөсүнө, балдар ата-энесине, ал эми куралдуу күчтөр өз жетекчилигине күнөө иште баш ийүүгө милдеттүү эмес. Аллахтын Элчиси ﷺ  айткан:

«إِنَّمَا الطَّاعَةُ فِي الْمَعْرُوفِ»

 «Чынында, итаат кылуу жакшылыкта гана болот» жана ﷺ  дагы айткан:

«السَّمْعُ وَالطَّاعَةُ عَلَى الْمَرْءِ الْمُسْلِمِ فِيمَا أَحَبَّ وَكَرِهَ، مَا لَمْ يُؤْمَرْ بِمَعْصِيَةٍ».

«Мусулман киши өзү жакшы көргөн нерседе да, жаман көргөн нерседе да – эгер маъсиятка (күнөө ишке) буюрулбаса – кулак салышы жана итаат кылышы важиб болот. Эгер маъсиятка буюрулса, анда кулак салуу да жок, итаат кылуу да жок».

Бул өкүмдөргө каршы чыгуунун акыбети оор. Айрыкча силердин «ыйман, такыбаалык жана Аллах жолунда жихад» деген урааныңар Мушарраф доорунан бери бара-бара өчүп, силерди улутчул-секулярдык армияга, андан соң жалданма күчкө айлантышууда. Арты-артынан келген аскер жетекчиликтери миңдеген шахиддер берилген Кашмирди индус соодагердин койнуна таштап коюшту, анан да ошол жактагы көзөмөл сызыгында ок атышууну токтотууга макул болушту. Жетекчиликтин коркоктугунан улам индус түзүмү Пакистандын дарыяларын ээлеп алды. Жарандык башакаруубу же аскерийби баары артыкчылыктарга, коррупцияга жана өз кожоюну болгон колонизатор Америкага жагынууга, андан соң кол тийбестик сурап калууга малынып калган. Ошол эле учурда Ислам үммөтүндөгү эң кубаттуу армия өзүнүн чыныгы милдетинен бурулуп, Американын колонизатордук кызыкчылыктарына кызмат кылууга жумшалууда. Акыры иш ушунчалык чекке жетти, биздин мусулман аскерлерибиз наалатка калган яхудийлерди коргоо жана палестиналык каршылык кыймылды куралсыздандыруу милдетин аткарууга дайындалууда!

Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү офицерлерге кайрылуу!

Бул башкаруучулардын «биздин күчтөр каршылык кыймылды куралсыздандырбайт» деген калпына алданбагыла. Анткени силердин аскерлер кошулмакчы болгон күчкө берилген ыйгарым укук БУУнун чечимдеринин биринде алдын ала так көрсөтүлгөн жана ал каршылык кыймылды куралсыздандырууну камтыйт. Бул күчтөр америкалык борбордун жетекчилиги астында иштейт, аны америкалык генерал жетектейт. Ал борбор башынан эле ушул берекелүү жерди яхудийлерге бекемдеп берүү үчүн түзүлгөн. Бул борбор яхудийлер менен Американын толук бүтө албаган долбоорун аяктоо үчүн т.а. каршылык кыймылды куралынан ажыратуу жана аны яхудийлерге толук баш ийдирүү үчүн уюштурулган. Оо Пакистан куралдуу күчтөрүнүн офицерлери, анда качанга чейин бул унчукпоо уланат?! Өткөн ар бир күн силердин унчукпооңорду кордукка айлантат, анын баасын үммөт төлөйт. Андыктан бир чечимге келип, «жетет, мындан ары жок!» деп айткыла!

Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү офицерлер!

Силер Ислам үммөтүндөгү эң кубаттуу куралдуу күчсүңөр. Силер бул үммөттүн күчү жана ар-намысынын коргоочуларысыңар. Нафсиге жеңилүүдөн жана тар улутчулдуктун чынжырларынан бошонгула. Америкага кызмат кылган жетекчиликтин буйруктары ыйык нерсе эмес, Аллахтын жана Анын Элчисинин ﷺ  буйруктары чыныгы ыйык нерселер. Ыйыктык колонизатор Британия чийип кеткен чек араларга эмес, мусулмандардын канына, мүлкүнө, ар-намысына жана акыйдасына таандык. Чыныгы душман мусулмандар эмес, тескерисинче, дүйнөлүк кресттүү капиталисттик система, яхудий түзүмү жана индус түзүмү. Ал эми силердин башкаруучуларыңар бул колонизатордук системанын вазирлери жана өкүлдөрү. Алар үммөттүн күчүн — силерди — ушул кресттүү система менен яхудий түзүмүнүн бут алдына таштап жатышат.

Бул үммөттүн куткарылуусу рошид Халифалыкты тикелөөдө жана ушул башкаруучулардан кутулууда. Бул жол силердин чечкиндүүлүгүңөр жана күчүңөр аркылуу, Халифалыкты тикелөө жана ушул колонизатордук тартипти бузуу үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат берүү менен ишке ашат. Хизб ут-Тахрир өзүнүн жалпы долбоорунун акыркы баскычында силерди ушул фарзга кошулууга чакырууда. Анда чакырыкка жооп бересиңерби?

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла”.  (Анфал: 24).

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

14.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button