Батыштын кош стандарты: Сидней окуясын катуу айыптоо, ал эми Газадагы яхудий түзүмүнүн кыргындарына унчукпоо

Басма сөз баянаты
Батыштын кош стандарты: Сидней окуясын катуу айыптоо, ал эми Газадагы яхудий түзүмүнүн кыргындарына унчукпоо
Сиднейде яхудийлердин Ханука майрамына арналган фестивалга багытталган чабуулдун натыйжасында он беш адам каза болгон окуяны айыптабаган Батыш жана араб башкаруучусу калган жок. Бирок акыркы эки жыл ичинде Газада яхудий түзүмү жасаган кылмыштарга карата мындай чечкиндүү айыптоону көргөн жокпуз. Адаттагыдай эле, коомдук пикир бурмаланып, окуянын себептерине толук көз жумулду: куралчан эки адамды мындай кадамга барууга түрткөн себептерди эске албай, иш-аракеттин өзүн гана айыптоого басым жасалды. АКШ президенти Трамп бул окуядан пайдаланып, Батыштын Исламга жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан кресттүү жортуулунда отко май чачты. Ал шейшемби күнү дүйнө өлкөлөрүн өзү «ашынган исламчыл терроризм» деп атаган нерсеге каршы эл аралык согуш жарыялоого чакырды. Ошондой эле Ак үйдө Ханука майрамына арналган кабыл алууда: «Бардык өлкөлөр ашынган исламчыл терроризм катары көрүнгөн жамандык күчтөрүнө каршы биригиши керек, биз муну жасап жатабыз», — деп билдирди. Австралиянын премьер-министри Энтони Албанези куралчан эки адамга — ата менен уул — «жек көрүү идеологиясы» түрткү болгонун айтты. Ал эми яхудий түзүмүнүн премьер-министри: «Мен батыш өкмөттөрүн антисемитизмге каршы күрөшүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө жана дүйнөнүн бардык бурчтарындагы яхудий жамааттарынын коопсуздугун коргоону камсыздоого чакырам. Алар биздин эскертүүлөрүбүзгө жооп бериши абзел… Тез арада аракет кылууну талап кылам», — деди.
Саясатчылардын адаштыруучу билдирүүлөрүнөн алыс туруп, маселени тактоо үчүн төмөнкүлөрдү баса белгилейбиз:
Биринчиден: Батыш жана кресттүүлөр жортуулунун башчысы Трамп ырастагандай, Исламда терроризм деген жок. Ислам вахий аркылуу түшүрүлгөн рисала жана бардык адамдар үчүн ырайым. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلاَّ رَحْمَةً لِّلْعَالَمِينَ﴾
«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик». (Анбия: 107).
Куранда «террор» (ирхааб – коркунучка салуу) деген сөз бир гана жолу Аллах жолунда Аллахтын душмандары болгон каапырларга жана кылмышкерлерге каршы күрөш текстинде, Аллахтын сөзүн улуулоо үчүн колдонулган. Аллах Таала айтат:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп) жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары, силер билбей турган, бирок Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар». (Анфал: 60).
Ислам күнөөсүз адамды өлтүрүүнү чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон. Аллах Таала айтат:
﴿مِنْ أَجْلِ ذَلِكَ كَتَبْنَا عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنَّهُ مَنْ قَتَلَ نَفْساً بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعاً وَمَنْ أَحْيَاهَا فَكَأَنَّمَا أَحْيَا النَّاسَ جَمِيعاً﴾
«Дал ошол (каргаша) себептүү бани Исраилдин үстүнө (ушундай буйрукту) жазып койдук: кимде-ким бир да жанды өлтүрбөй жана жерде бузукулук кылбаган адамды өлтүрсө, кудум бардык адамдарды өлтүргөндөй жана кимде-ким ага өмүр берсе (башкача айтканда аны өлтүрүүдөн баш тартса), демек, бардык адамдарга өмүр бергендей». (Маида: 32).
Анда кантип яхудий түзүмү, кресттүүлөр жортуулунун толук колдоосу менен, эки жылга жетпеген убакытта жетимиш миңден ашуун күнөөсүз жанды өлтүрдү?!
Экинчиден: Трамп «исламий терроризм» деп атаган нерсенин Исламга да, мусулмандарга да эч тиешеси жок. Ал сөз кылып жаткан терроризмдин өз өлкөсү жана анын коопсуздук түзүмдөрү тарабынан, ошондой эле Ислам өлкөлөрүндө алардын буйругу менен иш алып барган саткын режимдер тарабынан жасалганын ал жакшы билет. Бул күчтөр каалаган ыплас иштерди аткаруу үчүн ушундай аракеттерге барышат да, андан соң аны жалган жалаа менен Исламга жана мусулмандарга таңуулашат. Максат Исламдын аброюн түшүрүү, адамдарды андан үркүтүү жана батыштын материалисттик түшүнүгүнөн баш тартып, Ислам динине кирип кетпесин деген коркунуч.
Үчүнчүдөн: Сидней окуясы үчүн Исламды жана мусулмандарды күнөөлөө, куралчан адамдарды антисемитизмде айыптоо — чындыкты кыйгап өтүү жана окуянын чыныгы себебин көрмөксөнгө салуу. Негизги себеп — Батыш жүргүзүп келген эки жүздүүлүк жана кош стандарттар. Анткени Батыш яхудий түзүмүнүн эки жылга жетпеген убакытта жетимиш миңден ашуун күнөөсүз адамды өлтүрүшүн эч маселе көрбөйт жана өзү кепил болгон келишимдерге, кан төгүүнү токтотуу милдеттенмелерине кол койгондон кийин да, өлтүрүүлөрдү улантуусуна көз жумуп келет. Демек, бул окуя үчүн жоопкер Батыштын өзү. Ал яхудий түзүмүнө кыргындарды жасоодо чек коюусуз колдоо көрсөтүп келди. Мындай абал акылдуу, сабырдуу адамды да каардантып, сабыр чегинен чыгууга түртөт.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
20.12.25




