Басма сөз

Каримовдун залим режимин титиреткен эрлердин бири эле

Рахматов Шухратжонду эскерүү:

Каримовдун залим режимин титиреткен эрлердин бири эле

Биз жалпы Ислам үммөтүнө, айрыкча өлкөбүздүн мусулмандарына терең кайгыруу менен кечээ, жума күнү, 2025-жылдын 19-декабрында Жаратуучусуна кайтып барган бир тууганыбыз Рахматов Шухратжонду эскерип, көңүл айтабыз.

Ооба, бүгүн биз Каримовдун залим режиминин зулумдуктарын башынан өткөргөн бир тууганыбыз Шухратжон Тураевич Рахматовду акырет сапарына узаттык. Ал режим Хизб ут-Тахрирдин жигиттерин куугунтуктап, камап, кыйнап, өлүм жазасына тартуусу менен дүйнөнү таң калтырган. Ал жигиттер куфрдун үстөмдүгүн кулатуу үчүн Исламды жашоонун бардык тармагына толук колдонгон рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө умтулушкан.

Бир тууганыбыз Шухратжон 1975-жылы Кашкадарья облусунда төрөлгөн. 1999–2022-жылдар аралыгында өзбек режиминин түрмөлөрүндө өмүрүнүн дээрлик жарымын өткөргөн. Ал кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү, ыйманындагы туруктуулугу, сөздөгү чынчылдыгы жана акыйкатты айтуудагы бекемдиги менен үлгү болчу. Өзбекстандагы Чирчик, Зангиота, Навои, Жаслык, Алмалык аймактарында темир тор артында дээрлик чейрек кылымын өткөрдү. Айрыкча өлүм жазалары жана кыйноолору менен аты чыккан Жаслык жана Зарафшан абактарында да тайманбас, кайраттуу, тили курч болуп, Каримовдун кысым көрсөтүүчү режиминин түркүктөрүн титиреткен. Куфр менен зулумду акыйкат сөзү менен бузган алдыңкылардын бири болду.

Күрөш талаасында жоокер, Раббисине жүз бурганда михрабдын шериги болгон бул бир тууганыбыз жер үстүндө баскан тирүү Куран эле. Ал көптөрдүн жүрөгүндө орун ээлеп, момундарга карата кичипейил, каапырларга карата азиз болуунун тирүү үлгүсүнө айланды. Өмүрүнүн акырында Аллах Таала, Өзүнүн уруксаты менен, ага жакшы өлүм берди. Сүйүктүү бир тууганыбыз Шухратжон бул дүйнөдөн өз мекенинен алыста, Раббисинин жолунда мухажир болуп кайтты.

Пайгамбар ﷺ  айтты:

«…إِنَّ الرَّجُلَ إِذَا مَاتَ بِغَيْرِ مَوْلِدِهِ قِيسَ لَهُ مِنْ مَوْلِدِهِ إِلَى مُنْقَطَعِ أَثَرِهِ فِي الْجَنَّةِ».

«…Ким өз туулган жеринен башка жерде каза болсо, жаннатта (б.а. жаннаттагы жайы) анын туулган жеринен тартып изи бүткөн жерине чейин өлчөнөт (ошол өлчөмдө жаннатан жай берилет)».

Аллах Тааладан бир тууганыбызга ушул неъматты ыйгаруусун тилейбиз, аны Өз ырайымына алып, күнөөлөрүн кечирип, шахиддердин даражасын насип кылышын сурайбыз. Аллах анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр жана кайрат берсин. Акырында, Раббибизге жаккан сөздөн башка сөз айтпайбыз:

﴿إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾.

«Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз» (Бакара: 156)

Хизб ут-Тахрирдин Өзбекстандагы маалымат бөлүмү

20.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button