Басма сөз

Бийлик органдары Аллахтын үйлөрүнө жана Аллахтын кулдарына кол салууга көнүп алышты.

Басма сөз баянаты

Бийлик органдары Аллахтын үйлөрүнө жана Аллахтын кулдарына кол салууга көнүп алышты.

Дейтон органдары кечээ, дүйшөмбү күнү 15-декабрда Рамаллах аймагына караштуу Бейтуния шаарындагы Сайфуллах мечитинен шейх Мухаммад аль-Хатибди уурдап кетишти. Шейх Мухаммад бийликтин токтобой келе жаткан кылмыштарын, анын асманга жеткен чыккынчылыгы же чектен ашып турган коррупциясы тууралуу да сөз кылган эмес. Анын сабагы «Калам» сүрөсүнүн тафсири жөнүндө эле. Ошого карабастан, бийликтин тыңчылары мечиттин ичинде болушкан. Алар Аллахтын үйлөрүндө хушуъ кылуунун, асмандарды жана жерди жараткан Затка жүздөрүн буруунун ордуна, өз иштерин Масжидул-Аксaда жана башка Аллахтын мечиттеринде намаз окугандарды, сабак бергендерди жана хутба айткан хатибдерди аңдууну, Аллахтын каарына калган адамдардын иштерин тандашты. Алар Аллахтын аяттарын жана ыйыктыктарын улуктоонун ордуна, Аллахтын кулдарын азаптоону тандап алышты.

Шейх Мухаммад мечиттен чыкканда, аны бийликтин мечиттердеги шабихалары күтүп турушкан. Алар өз куралдары менен келишкен, бул куралдар Палестинанын уулдарына гана көрүнүп, Аллахтын каарына калган аскерлердин жана отурукташкан колонизаторлордун тобунун алдында жок болуп кетет. Алар шейхти камакка алып, уруп-сабашкан. Ошондой эле аны куткарууга аракет кылган агасы, устаз Ахмадга да кол салышкан. Шейх Мухаммад азыркыга чейин кылмышкер бийлик органдарынын колунда уурдалып кармалып турат.

Мындан тышкары, студент Сайф Абу аль-Хава да ошол органдар тарабынан уурдалып кармалып турат. Аны бир жума мурда Бейт-Лахм университетинин алдында дал ушундай ыкма менен алып кетишкен. Бул анын мусулмандар христиандардын майрамдарына катышуу арам экендиги тууралуу хутбасына байланыштуу болгон.

Мына, бийлик өзүнүн кара барактарына улуу кылмышкерлеринин жүзүн дагы да карайта турган иштерди кошуп жатат. Ал өзү үчүн аброй жаратып жатам деп ойлойт, бирок буга чейин эле баскынчылыктын өтүгүнүн астына өзүн коюп алган. Ал Аллахтын үйлөрүнө жана Аллахтын кулдарына кол салууда. Ал Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана  момундарга каршы күрөшүүгө көнүп калган. Ошентип, Хизб ут-Тахрирдин жигиттерине да, жалпы Палестина элине кылганындай мамиле кылууда жана муну менен жакшы иш кылып жатам деп ойлойт. Бирок Хизб ут-Тахрирдин жигиттери Палестина элинен болгон, Роббисине таянган ар бир ар-намыстуу адам сыяктуу, акыйкатты ачык айтуусуна жана Исламды көтөрүүсүнө залимдердин мамлекеттери да тоскоол боло албайт. Анда эмесе, кордукту кийим кылып, кемсинтүү менен жашоого көнүп калган бир бийлик эмне кыла алмак эле?!

Бийликтин жана анын органдарынын кылган иштери Хизб ут-Тахрирдин жигиттерин Алланын арканын дагы да бекем кармануусуна жана акыйкатты ачык айтуусуна гана алып келет. Ал эми бийликтин өзүнө болсо, Аллахтын алдында да, момундардын алдында да жек көрүндүлүк жана пастык гана кошот. Эгер бийликте жана органдарында акыл-эси бар бирөө болсо, Хизб ут-Тахрир жигиттеринен жана Палестина элинен колун тартсын, болбосо Аллах Өз тарабынан болгон азап менен аларды жок кылат.

﴿إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَئِكَ فِي الْأَذَلِّينَ * كَتَبَ اللَّهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا وَرُسُلِي إِنَّ اللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте Алла жана Анын пайгамбары сызган сызыктан чыккан кишилер – мына ошолор эң кор кимселердин катарында! 21. Алла (Лавхул-Махфузга) «Шек-күмөнсүз Мен Өз пайгамбарларым менен бирге жеңүүчү боломун», деп жазып койгон. Албетте Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Мужадала: 20-21).

Хизб ут-Тахрирдин Берекелүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү

16.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button