Басма сөз

Америка муктаждык жоголгондон кийин ирактык куралдуу топторду таркатууну буйруду

Басма сөз баянаты

Америка муктаждык жоголгондон кийин ирактык куралдуу топторду таркатууну буйруду

Көрүнүп тургандай, америкалык колонизатордун Багдаддагы бийликке болгон басымынын күчөшү жана курамында куралдуу топтор же аларга союздаш күчтөр бар ирак өкмөтү менен иштешүүдөн баш тартуусу ошол топторго карата өз жемишин берди. Айрыкча алардын парламентте болжол менен 80 депутаттык орунга ээ экенин эске алганда, бул таасир айкын болду. Натыйжада, аталган топтордун бир катар лидерлери куралды тапшырууга макул экенин жарыялашты. Алардын эң белгилүүлөрү: «Асайиб Ахль ал-Хак» тобунун лидери Кайс аль-Хазали, «Ансар Аллах ал-Ауфия» тобунун лидери Хайдар аль-Гарауи, «Имам Али бригадалары» тобунун лидери Шабал аз-Зайди жана «Сайид аш-Шухада бригадаларынын» расмий өкүлү Казим аль-Фартуси.

Ал эми «Хизбулла бригадалары» жана «ан-Нужаба» топтору расмий билдирүүлөрүндө куралды тапшыруудан кескин баш тартканын жарыялашты. Бирок чындыгында, топтордун куралсызданууну кабыл алган чечимин ирак сот системасы колдогондон кийин, бул эки топтун абалы алсыз болуп калды.

Расмий жана медиа деңгээлдеги бул чоң ызы-чууларга карабастан, куралсыздандыруунун аткаруу механизми алиге чейин бүдөмүк бойдон калууда. Билдирүүлөрдө жана жарыяларда куралсыздандыруу оор курал менен гана чектелеби же бардык түрдөгү куралды камтыйбы, ошондой эле бул топторду толук таркатууну да өз ичине алабы так айтылган жок. Ошондой эле бул чаралар ал-Хашд аш-Шааби күчтөрүнө тиешелүү болобу деген маселе да көтөрүлгөн жок, айрыкча алардын мыйзамдык негизге ээ экенин эске алганда. Бирок америкалык билдирүүлөр эч кимди четте калтырган жок. Ушул эле абалда, топтордун бирине жакын булак «ал-Араби ал-Жадид» басылмасына: «Кийинки парламент ал-Хашдды “ички коопсуздук мыйзамы” деп аталган жаңы мыйзамдын алкагында интеграциялоо маселесин талкуулайт жана мурдагы “ал-Хашд аш-Шааби мыйзамынан” баш тартат», – деп билдирген.

Өлкөдө бир нече куралдуу күч борборлорунун болушу – бул оорулуу абал. Ал эми алар саткын режимге же тышкы күчтөргө таянса, анда бул андан бетер кооптуу. Шексиз, мындай абал өлкөгө апааттарды алып келет. Мунун далилдери арбын: өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында Ливандагы жарандык согуш, бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан Судандагы трагедия, миңдеген күнөөсүз адамдардын өмүрүн алган кырсыктар жана үммөттүн душмандары уюштурган башка кутумдар. Америкалык колонизатор бул топторду Иракта мазхабдык фитнада пайдаланганы жашыруун эмес. Андан соң алар Американын көз алдында жана анын угуп-билип турган шартында Сирияга өтүп, Шамдагы тиранияга каршы чыккан күнөөсүз адамдарды жана көтөрүлүшчүлөрдү өлтүрүштү. Эми болсо, аларга болгон муктаждык жоголгондон кийин, Ирандын «тырмактарын» кыркып, анын чек араларынан тышкаркы колдорун кесүү үчүн, аларды жок кылууну чечти.

Эй мусулмандар! Эй акылмандык менен хидаяттын үммөтү!

Мусулман өлкөлөрүндө каапыр колонизатордун куулугу уланып жатканы абдан өкүнүчтүү жана жүрөк оорутарлык абал. Ал пландап, буйрук берип, анын сөзү аткарылып жаткан чакта, саны бир жарым миллиарддан ашкан үммөт муну басынтуу катары көрбөстөн, баш көтөрбөй келатканы кандай кейиштүү! Кылымга созулган аң-сезимсиз түрдө туңгуюк айлампада айланып, кордолгон жашоонун аз-маз жыргалчылыгы үчүн гана жашап келатканыңар жетиштүү болбодубу?! Бүт адамзатка нур менен хидаятты көтөрүп барган үммөт ушундай абалга кантип түштү?!

Бул басынуу менен кордуктун баарынын себеби биз бир мамлекетке бирикпеген, Аллахтын шарияты менен адилет башкарган бир имамы жок, бөлүнгөн үммөт экенибизди түшүнбөдүңөрбү?! Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деп сүрөттөгөн:

«إنَّما الإمامُ جُنَّةٌ يُقاتَلُ مِن ورائِهِ ويُتَّقى بِهِ»

«Чындыгында, Имам — калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат».

Эмне, эми да Хизб ут-Тахрирдин даңк-азиздигиңерди кайра кайтаруу үчүн олуттуу ишке киришүү чакырыгына жооп берчү убакыт келген жокпу?!

Бул — түп-тамырынан өзгөрүү аркылуу пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен ишке ашат. Бул — Раббибиздин фарз кылган буйругу жана Аллахтын Элчисинин ﷺ  сүйүнчүсү. Дал ушу аркылуу гана үммөт бир роянын астында, бир Имамдын жетекчилиги алдында биригип, өз чечимине өзү ээ болот жана душмандарынын шайтаний үнүн унуттурат. Бул Аллах үчүн кыйын эмес. Андыктан, ушул улуу фарз үчүн чын дилден иш алып барып жаткандар менен бирге болгула. Аллах Таала айтат:

﴿وَاللَّهُ مَعَكُمْ وَلَن يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ﴾

«Алла силер менен бирге жана Ал эч качан кылган ишиңерди (сооп-сыйлыгын) кемитпейт». (Мухаммад: 35).

Хизб-ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү

23.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button