Роя гезити

 Асад режими кулатылганына бир жыл: токтоло турган зарыл учурлар

 Асад режими кулатылганына бир жыл: токтоло турган зарыл учурлар

Азаттык жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар каардуу залимди, доордун буттарынын бирин кулатууга байланышкан ар-намыс, сыймык жана кубаныч сезимдерин кайра жандандырды. Бирок ушул мааракеде, төмөнкү пункттарды эске салуу пайдалуу, балким анда Аллахтын уруксаты менен жакшылык бардыр.

Биринчиден: Асад режиминин кулатылышы жана кылмышкер Башардын качышы күтүүсүз окуя болгон жок. Тескерисинче, ага 14 жыл бою топтолгон ишеним, сабыр, берешендик, курмандык жана күрөш аркылуу чоң курмандыктар жана бирдиктүү аң-сезим жол ачты. Адамдарды анын жамандыгынан куткаруу жана аны кулатуу үчүн фронтторду ачууга багытталган күчтүү коомдук пикир калыптанды. Бул элге анын түзүлүшүнүн алсыздыгын көрсөтүп, пайдубалын солгундатууга шарт түздү. Жеңиш – шарттарды даярдап, тоскоолдуктарды жеңилдетип, Асад зулумунун ондогон жылдык кара барагын жабууга мүмкүндүк берген Аллахтан гана болгон ырайым.

Экинчиден: Аллах бизге Башарды кулатуу аркылуу ырайым кылышынын артынан, айрым кутумчу мамлекеттер калп жана эки жүздүүлүк менен анын кетишине салым коштук деп чыгышты. Алардын ичинде, аны менен элдешүүгө жана нормалдашууга чакырып, Араб лигасына кайтып келишин кубаттап, региондук чөйрөгө интеграциялоону колдогон түрк режими да бар.

Үчүнчүдөн: Бүгүн Сириянын жанындабыз деп доомат кылган Америка кечээ эле Башарды колдоп, аны сактап калуу үчүн бардык арзан куралдарды пайдаланган эле. Ал Россияга, Иранга, алардын күчтөрү менен Ливандагы партиясына аны куткаруу жана революцияны басуу үчүн «жашыл жарык» берген. Бүгүн да Америка КСДни жана анын күчтөрүн колдоп, учурдагы администрацияга чечим боюнча өз көз карашын таңуулоодо. КСДге карата эркелетүүнүн түшүндүрмөсү да ушунда: алар өздөрүнүн Америка колундагы маанилүү пешка экенин билишет. Аларды Америка Сирия элине кызмат кылуу үчүн эмес, өз кызыкчылыгына кызмат кылдыруу үчүн жылдырат.

Аллах Таала айтат:

﴿مَّا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلاَ الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ﴾

«Китеп ээлеринен (жөөт жана христиандар) болгон каапырлар да, мушриктер да силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн жактырышпайт». (Бакара: 105).

Ошондой эле, боштондуктан кийин Сириядагы абалды өз көзөмөлүндө сактап калуу жана ал өз саясатынын негизги сызыктарынан чыгып кетпеши үчүн Американын ыкчам аракети эске салынат. Ушул алкакта Сирия маселесине байланыштуу анын маневрлары, билдирүүлөрү жана саясий, экономикалык, аскерий кадамдары жасалды.

Төртүнчүдөн: Саясий-акыйдавий чындыкты баса белгилөө зарыл: америкалык санкцияларды алып салуу маселеси шарттарга жана абалдарга түздөн-түз байланган, жана учурдагы администрация анын биринчи курмандыгы эмес. Ар бир адамга маалым болгондой, санкцияларды алуу мамлекеттин светтик мүнөзүн бекемдөө, эски режим арасындагы ири кылмышкерлерди кечирүү, ал тургай айрымдарын чечим кабыл алуу борборуна жайгаштыруу, бардык зөөкүрлүгүнө, кайдыгерлигине жана кордоосуна карабастан яхудийлер менен нормалдашууга жол ачуу менен шартталган. Анткени жазасыздыкка ишенген адам адепти бузат. Мындан тышкары, революция элинин аң-сезиминде тамыр жайган революциялык жана жихадий рухту жок кылуу, мамлекеттик деңгээлдеги Исламды үстөм кылууга багытталган ар кандай иш-аракеттерге каршы күрөш бар. «Азчылыктар» деген шылтоо жана анын артына жашынуу америкалык көз карашты жана анын кара ниет долбоорлорун таңуулоо үчүн гана зарыл. Муну ишке ашыруу үчүн мурдагы режимдин калдыктарынан же Батышка берилген башка адамдардан турган ыплас айлакер кадрлар колдонулат. Ошондой эле, Цезарь аттуу америкалык санкциялар режимге эмес, элге каршы болгонун эске салабыз. Антпесе, режим кулатылгандан кийин эмне үчүн алар дароо жоюлбай, жашыруун же ачык кооптуу шарттардын узун тизмеси менен гана байланыштырылды?!

Бешинчиден: Американын колдоосу түбөлүк деп ойлогон адам жаңылат. Анткени Америка өзүнө кызмат кылгандарды акырындап алсыратуу менен пайдаланганы, алардын кызматы бүткөндө же ордуна башкасын тапканда алмаштырганы менен белгилүү.

Алтынчыдан: Бириккен Улуттар Уюму жана анын Коопсуздук Кеңеши элдердин маселелерин чечип, кайгысын баса турган үмүт берүүчү эмес, тескерисинче кутумдардын уюгу. Баарыбызга белгилүү, БУУнун 2254-резолюциясы бизди качкын Асаддын бийлигине кор болуп кайра кайтарууну көздөгөн уулуу чечим болчу.

Жетинчиден: Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду кайрымдуулук уюмдары эмес, алар риба кордугуна негизделген институттар. Алар элдерди жана режимдерди пайдаланууну, карызга батырууну жана Америка баштаган Батыш капитализминин эркине моюн сундурууну максат кылышат. Ошондуктан алардан «карыз, грант» деген шылтоо менен акча алууга макул болуу аңкоолук. Айрыкча, жооптуу адамдар бул эки институт берчү акчанын ордуна коюла турган шарттар изилденип жатканын ачык айтышканда, кооз ураандар менен оролгон бул акчанын ичинде уулуу заттар бар экени анык болмок.

Сегизинчиден: Бизди алсыздык баскычында көрсөтүүгө, үмүтсүздүк, көңүл чөгүү жана моюн сунуу рухун себүүгө багытталган олуттуу, бирок аянычтуу аракеттер бар. Максат эл аралык системага жүгүнүү менен байланышкан ар бир күнөөнү «коопсуздукка жетишүү, экономиканы көтөрүү жана өлкөнү калыбына келтирүү» деген жүйө менен өткөрүп жиберүү. Биз динибиз менен күчтүүбүз, Раббибиз менен азизбиз. Өлкөбүздө ишеним арстандары бар. Алар Америка жана анын тарапкерлери колдогон мурдагы режимдин мурдун жерге сүрттү. Бул — Шамдагы Ислам жигиттерин бекемдеген ишенимдин жана акыйданын күчү. Бардык күч факторлору бар, аларга Аллах жолунда эч кимдин айыптоосунан коркпогон саясий эрк жана чечим гана жетишпей турат.

Тогузунчудан: Биздин революциябыздын өзөгү жана үммөтүбүздүн талабы Ислам гана. Улутчулдукка, секулярдыкка жана динди жашоодон, мамлекеттен бөлгөн Батыш демократиясына карай шермендечилик менен бурулуу бул чындыкты өзгөртө албайт.

Онунчудан: Революциянын таянычы жердин кыртышы болгон эл. Дал ошол эл туруктуулукту көрсөттү, бекемдеди жана далилдеди. Калк ичинен чыккан жигиттердин баатырлыктары бизге фатх кылуучулардын салгылашууларын  эске салды. Аллахтын жардамы жана тауфигинен кийин дал ошол эл табигый, чыныгы таяныч. Ошондуктан, элди четке кагып, эл аралык колдоонун жана кутумчу мамлекеттердин колдоосуна таянуу туура эмес.

Он биринчиден: Яхудий түзүмүнүн азгындык кылып, ашкере чектен ашуусуна – жагынуу саясаты да, кошоматчылык да, Бириккен Улуттар Уюмуна арыздануу да токтото албайт. Эл аралык система яхудийлер менен бирге бизди басынтуунун өнөктөштөрү. Бул түзүм жерибизди басып алган, элибизди өлтүргөн, ыйык жайларыбызды ээлеген, динибизге каршы күрөшкөн баскынчы түзүм. Ал бир гана тилди жана бир гана түпкү чечимди түшүнөт. Анын тамгалары «Исра» сүрөсүндө жазылган жана ал аткарылчу убада болгон.

Он экинчиден: Революциянын таасири, анын ураандары, чакырыктары жана өзгөрбөс негиздери, жер жүзүндөгү бардык бузукулар аны колдоп турганына карабай, мурдагы режимдин кулатылышы Аллахтын ырайымы менен Ислам өлкөлөрүнүн баарына жетти. Бүткүл үммөт көкүрөгү айыгышы үчүн Аллах жибере турган силкинүүнү эңсеп турат. Ал силкинүү аркылуу Аллах Өз динин жерде үстөм кылып, мусулмандардын чачырап кеткенин жыйнаган, байрактарын бириктирген, бир имамдын жетекчилигинде кайрадан булуттарга жете турган мамлекетти орнотот.

Боштондук жылдыгын белгилөө, алардын деми, ураандары жана ички-сырткы билдирүүлөрү бул үммөттүн тирүүлүгүн, уул-кыздарынын чечкиндүүлүгүн жана аң-сезиминин жогорулугун тастыктайт. Бул — жыйналып жаткан аң-сезим, күчөп бараткан дем, жаан алдында топтолгон булутту Аллахтын уруксаты менен бастырып, чаташтырып же адаштыра алышпайт. Бул угулушу шарт болгон үн, ишке ашууга тийиш болгон вакыйлык. Анткени күн эч качан элек менен жабылбайт.

Акырында айтаарым, Жер жүзүндө Аллахтын суннаты — иргөө, тазалоо жана сыноо аркылуу болот. Аллах Таала айтат:

﴿عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَن يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ﴾

«Балким Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди бул жерге халифа (орун басар) кылаар жана кандай амалдарыңарды кылаарыңарды көрөөр». (Аъраф: 129).

Ошондуктан, боштондук нематына болгон шүгүрүбүз Аллахтын шариятын иш жүзүндө колдонуу, динин үстөм кылуу аркылуу болушу зарыл. Болбосо — Аллах сактасын — өзү токуган нерсесин бекем-бышык болгондон кийин чубап бузуп таштаган аялга окшоп калабыз!

Устаз Насир Шейх Абдулхай

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button