Комментарий
Trending

Трамптын мунай төңкөрүшү: «Биз Венесуэланы башкарабыз» жана акчаны «жердин түбүнөн» алабыз

Трамптын мунай төңкөрүшү: «Биз Венесуэланы башкарабыз» жана акчаны «жердин түбүнөн» алабыз

Жаңылык:

2026-жылдын 3-январында АКШ президенти Дональд Трамп Мар-а-Лаго курортунда америкалык күчтөр Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармаганын билдирди. Ал «өткөөл мезгилде» өлкөнү АКШ «башкарарын» кошумчалады жана операция «бизге бир тыйын да турбайт» деп ырастады, анткени АКШ акчасын «жердин түбүнөн алынган каражаттардан» (Венесуэла мунайына ишара) кайтарып аларын айтты. Ошондой эле америкалык мунай компаниялары өндүрүштү кайра баштап, андан пайда табарын кыйытты.

Комментарий:

АКШ президенти башка бир мамлекеттин жетекчисин кармап, анын иштерин өзүбүз башкарабыз деп жарыялаганда, бул кадимки укуктук чараны эмес, режимди алмаштырууну сүрөттөйт жана муну каржылык келишим катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул — мыйзамдын ачык катаалдыгы! АКШ дүйнөнү Венесуэланын эгемендүүлүгүн карыз катары, ал эми мунайын күрөө катары кайра аныктоо менен алдоону каалайт. Трамп Венесуэланын мунайын АКШнын укугу катары улам-улам сүрөттөп, Венесуэла аны «уурдаганын» айткан. Демек, АКШ кийлигишип, мамлекетти башкарып, «карызды» өндүрүп алса болот деген ойду тараткан. Бул — классикалык колонизатордук баян: бийлик алат да, бул басып алууну «компенсация» деп атап коёт!

Трамптын үгүтү инвестиция менен менчикти аралаштырды. Муну XIX кылымда британдыктар «ак адамдын жүгү» деп аташкан, ошол эле маалда ресурстарды талап-тоноп, колония кылынган элдерди ачарчылыкка түртүшкөн.

Чет элдик компаниялар кудуктарды, куурларды жана мунай иштетүүчү заводдорду кура алышат, бирок бул аларга жер астындагы ресурстарга туруктуу менчик укугун бербейт жана чет элдик компаниянын өкмөтүнө башкаруу жүргүзүүгө ыйгарым укук жаратпайт.

Расмий колониялык доор аяктагандан кийин, жаңыдан көз карандысыз болгон мамлекеттер АКШнын колдоосу менен бул логиканы четке каккан эл аралык негиздер үчүн күрөш жүргүзүштү. АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамдуулугун бекемдеди, бирок аны Европанын колонизаторлугун сүрүп чыгаруу үчүн гана курал катары пайдаланды. Ошол эле учурда өз компаниялары аркылуу дүйнөнүн ресурстарына жаңы колонизатордук үстөмдүгүн орнотууга жол ачуу өзүнө пайдалуу болгон учурларда гана ушундай кылды — пайдасына туура келбегенде андай болгон жок. Ушундай мисалдардын бири — БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1962-жылдагы «табигый ресурстарга туруктуу эгемендүүлүк» тууралуу 1803-резолюциясы. Бул резолюция элдер менен улуттар өз табигый байлыктарына укуктуу экенин жана бул ресурстар улуттук өнүгүүгө жана жалпы жыргалчылыкка кызмат кылышы керектигин тастыктайт. Дал ушул чечимге каршы добуш берген эки гана өлкө — АКШ менен Улуу Британия — болгон. Бул негиздин мааниси Трамп көтөрүп чыккан дооматты атайын бөгөттөө үчүн иштелип чыкканында т.а. мурдагы чет элдик кийлигишүүнү азыркы менчикке айландыруу мүмкүн деген дооматты жокко чыгаруу.

Трамп Венесуэла америкалык мунайды уурдады деп ырастайт, бирок тарых таптакыр башкача баяндайт. Венесуэланын президенти Демократиялык аракет партиясынан чыккан социал-демократ, коммунист эмес Карлос Андрес Перестин мезгилинде Венесуэлада 1976-жылдын 1-январында улутташтыруу жолу менен мамлекеттик мунай компаниясы түзүлүп, мунай сектору расмий түрдө мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. Белгилей кетчү жагдай, бул «компенсациясыз басып алуу» болгон эмес: ошол мезгилдеги АКШ өкмөтүнүн архивдик жазууларына ылайык, 1975-жылдын 28-октябрына карата улутташтыруу мыйзамына кирген америкалык мунай компанияларынын көпчүлүгү Венесуэланын компенсация сунушун кабыл алышкан, ал эми Венесуэла конфискацияланган компанияларга сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүлгөн укуктук жөнгө салууда болжол менен 1,03 миллиард АКШ долларын төлөп берген. Бул «уурдоо» болуп эсептелбейт.

Кийинчерээк Венесуэла чет элдик компаниялар менен келишимдер, салыктар жана көзөмөл маселелери боюнча, айрыкча Уго Чавестин мезгилинде, талаш-тартыштарга барды. Айрым талаштар арбитраж жана сот чечимдери менен аяктап, айрым компенсациялар ири болгон. Эгер кандайдыр бир мамлекет мыйзамсыз аракет кылса же келишимди бузса, анда күч колдонуп чет элдик башкарууну орнотуу эмес, арбитраж жана сот өндүрүшү аркылуу укуктук жол-жоболор менен сүйлөшүлгөн жөнгө салууга жетишүү керек эле.

Демек, Трамп «Биз Венесуэлада мунай өнөр жайын курганбыз… социалисттик режим аны бизден уурдап алды» деп айтканда, калп айткан. Трамп Монро доктринасын кайра аныктап, аны Батыш жарым шарындагы империализмдин жаңы ырастоосу катары сунуштайт жана өнүгүүнү менчиктин тизмеги катары сүрөттөйт. Эгер америкалык капитал бир кезде ал жактан пайда көргөн болсо, анда Венесуэланын кийинчерээк өз ресурстарына көзөмөл орнотуу аракети жалган түрдө «уурдоо» деп мүнөздөлөт. Американын бул каракчылыгын көз жаздымда калтыруу кыйын. Анткени Трамп басып алуу «бизге бир тыйын да турбайт» деп, төлөм «жердин астынан алынган каражаттардан» келерин айтты жана өндүрүш кайра жанданганда миллиарддаган доллар сарптап, пайда көрө турган америкалык мунай компанияларын кыйытты. Бул Трамп айткандай «эркиндикке» карай гуманитардык «өткөөл» эмес, бул — басып алуучу күч тарабынан «компенсация» деп аталып, ири олжону казып алуу планы! Ал олжонун көлөмү өтө чоң. АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгынын баалоосуна ылайык, Венесуэлада далилденген чийки мунай запастары 303 миллиард баррелди түзөт — бул жер жүзүндөгү эң ири көлөм.

Трамп Монро доктринасын Батыш жарым шарында иш-аракеттин негизги эрежеси катары күч менен кайра жандандырып жатат. Анын администрациясынын улуттук коопсуздук стратегиясы Батыш жарым шарында америкалык үстөмдүктү калыбына келтирүү үчүн «Трамптын кошумчасын» ачык алдына жылдырат. Ал эми Трамп өзү бул жандандырууну «тирүү жана натыйжалуу» стратегия катары даңазалаган. Ошондуктан Венесуэла өзгөчө учур эмес, тескерисинче, кеңири колонизатордук көз караштын алгачкы сыноосу: Панама каналын «кайтарып алуу», а түгүл Канаданы жана Гренландияны кошуп алуу идеяларын көтөргөн, Түштүк жана Түндүк Америкаларды эгемендүү мамлекеттердин аймагы эмес, АКШ башкарган зона катары караган көз караш.

АКШ өкмөтү мунун баарын «полициялык аракет» катары көрсөтүүдө. АКШ Мадурону оор кылмыштар менен айыптап, ага расмий айыптоолорду койгон. Бирок куугунтуктоо менен басып кирүүнүн ортосунда түпкү айырма бар. Мамлекет башчысын аскердик операция аркылуу кармап, америкалык башкарууну жарыялоо менен, маселе мындан ары мыйзамды аткаруу жөнүндө эмес, ачык агрессия жөнүндө болуп калат. Бул жерде өзүн азыркы замандын америкалык Робин Гуду кылып көрсөтүп, байлардан алып кедейлерге тараткандай түр көрсөтүп жаткан ууруга айланат!

Бул зулумдун жолун ким тосот? АКШ Венесуэланын Россияга жардам берип, Кытай менен соода кылып жатканы үчүн ачууланды, бирок Россия да, Кытай да Американын жолун тосо алышкан жок. Дүйнө адилеттикти жайылта турган жаңы күчтүн кайрадан жаралышын күтүп, ага муктаж болуп турат.

Абдуллах

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button