
Акча куюлууда… эгемендик түгөнүүдө!
Эл аралык Валюта Фондунун Түндүк жээктеги «камкордук» келишимине сереп
Жаңылык:
Reuters агенттиги шейшемби күнү, 30-декабрда, Катар колдогон ири инвестициялык келишимдин алкагында Жер Ортолук деңизиндеги Түндүк жээкте жайгашкан аймакты өнүктүрүү үчүн Египетке накталай биринчи транш катары 3,5 миллиард АКШ доллары берилгенин кабарлады. Бул кабар чет элдик валюта резервин колдоо жана инвестиция тартуу катары жакшы маанайда таркатылдaы.
Комментарий:
Бул кабарды жана Эл аралык Валюта Фонду менен насыя берүүчү институттардын көрсөтмөлөрүнө уланып жаткан баш ийүүнү эске алсак, бүгүн Египет баштан кечирип жаткан кризис жөн гана сандык көрсөткүчтөрдүн, ликвиддүүлүктүн же начар башкаруунун кризиси эмес экени айкын болот. Бул – манхаждын жана эгемендиктин кризиси. Экономикалык чечимдерди чет элдик таасирге байлап коюу жана элдин ырыскысын, коопсуздугун козгогон сүткордук шарттарды кабыл алуу — бул үммөттүн иштерине чыныгы камкордук жоктугунун белгиси. Мунун натыйжасында мамлекет элдин кызыкчылыгын коргоодон алыс болуп, сырттан таңууланган шарттарды аткарган өкүлгө айланууда.
Бул көрүнүш тарыхый жактан да тереңирээк назар салынганда ого бетер айкын жана оор сезилет. Биз Халифалык кулашынын 105 жылдыгын баштан кечирип жатабыз. Ал окуя жөн гана саясий түзүмдүн кыйрашы эмес эле. Үммөт Аллахтын өкүмдөрүнүн бийлигинен жасалма мыйзамдардын бийлигине, саясий-экономикалык көз карандысыздыктан көз карандылыкка жана туткундукка сүрүлүп кеткен тагдыр чечүүчү учур болгон. Ошол күндөн тартып карыздардын эшиги ачылып, мусулман өлкөлөрүнүн жүрөгүнө сүткордук институттар орнотулду, байлыктар ири державалардын кызыкчылыктарына ылайык башкарылып, шарияттын өкүмдөрүнө жана калктын пайдасына ылайык башкарылбай калды.
Бүгүн Египетте болуп жаткан карыздарга таянууну тереңдетүү жана ички саясатты Эл аралык Валюта Фондунун ыраазылыгына байлап коюу Халифалык кулашынан кийин башталган ошол жолдун уландысы. Анткени үммөт рибаны арам кылууга, мүлктү сактоого, жыргалчылыкты камсыз кылууга негизделген исламий экономикалык түзүмүнөн ажыратылган. Экономикалык саясат акыйдага эмес, насыя берүүчүлөрдүн көрсөтмөлөрүнө байланды. Ошондуктан бул алкактын ичинде кандай гана «чечимдер» айтылбасын, жүздөр же аталыштар өзгөрсө да, ал бир эле айлампада айланып жүрө берет.
Бул маселени ыкчам жана кылдат окуп чыгып, анын кеңири экономикалык жана саясий жактары менен байланыштырганда, таптакыр башка чындык ачылат: биз Египетти эл аралык каржы институттарынын, айрыкча Эл аралык Валюта Фондунун камкордугуна баш ийдирүү жана көз каранды кылуу чынжырынын кезектеги баскычы алдында турабыз.
Формалдуу жактан алганда, кайсы бир өлкөгө чет элдик каражаттардын кириши өзүнөн-өзү айыптала турган нерсе эмес. Бирок негизги маселе бул каражаттардын табиятында, алардын шарттарында жана кайсы саясий чөйрөдө куюлуп жатканында жатат. Анткени келишим, анын деталдары көрсөткөндөй, өнөр жай же айыл чарба базасын кайра калыптандырган өндүрүштүк долбоор эмес, үммөттүн негизги муктаждыктарын көтөрө турган стратегиялык инвестиция да эмес. Тескерисинче, бул чектелген гана катмарга багытталган люкс туристтик кыймылсыз мүлк долбоору болуп, үммөттүн умумий мүлкү эсептелген коомдук жерге ээлик кылуу жана аны пайдалануу аркылуу ишке ашырылууда.
Дал ушул жерде шаръий өңүт ачык көрүнөт. Жер — умумий мүлк же үммөттүн кызыкчылыгы үчүн башкарылуучу мамлекеттик мүлк болуп саналат жана аны негизинен сүткор саясаттардын айынан келип чыккан каржылык боштуктарды жапкан куралга айландырууга жол берилбейт. Шариятта башкаруучунун умумий мүлккө байланыштуу аракеттери убактылуу муктаждыкка же карыз берүүчүлөрдүн көрсөтмөлөрүнө эмес, шаръий кеңешке байланары бекитилген.
Келишимди Эл аралык Валюта Фондунун программасы менен байланыштырганда, сүрөт андан да айкын болот. Египет бир нече жылдан бери Фонд менен кеңейтилген жеңилдетүү программасына баш ийип келет. Бул программа так шарттарга негизделген: валюта курсун эркин коюу, мамлекеттин ролун кыскартуу, менчиктештирүүнү кеңейтүү жана кандай гана жол болбосун чет элдик валюта агымдарын көбөйтүү. Ушул абалда Түндүк жээк келишими эгемен, өз алдынча чечим катары эмес, тескерисинче, ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн тез жакшырта турган чет элдик инвестицияларды тартуу тууралуу Фонддун талабына түз жооп катары каралат. Бул болсо мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдөн өтүүнү жеңилдетип, андан кийин жаңы насыя транштарын бошотууга шарт түзөт.
Бул жерде «инвестиция» деп аталып жаткан нерсе түздөн-түз карыз алуунун ордун баскан гана ыкма болуп, ошол эле функцияны аткарат. Учурдагы милдеттенмелерди жабуу жана ашкере көбөйгөн карызды тейлөө үчүн шашылыш доллар табуу, бирок кризистин түзүмдүк себептерин болсо чечпей калтыруу. Анткени рибага негизделип башкарылган экономика дагы рибага же анын ордун баскан нерселерге муктаж бойдон кала берет. Аллах Таала айтат:
﴿يَمْحَقُ اللَّهُ الرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ﴾
«Алла – сүткорлуктун (пайдасын) жок кылат жана садаканын (пайдасын) көбөйтөт». (Бакара: 276).
Бул жерде «жок кылуу» мүлк менен гана чектелбестен, берекени, эгемендикти жана туруктуулукту да камтыйт.
Бул сыяктуу келишимдердин эң кооптуу жагы алар «ийгилик» катары сатыкка коюлуп, чындыгында болсо өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн баскычма-баскыч сатууга айланып жатканы. Мамлекет элдин негизги муктаждыктарын камсыз кылууга таянган экономиканы курбай, тескерисинче, активдерден баш тартуу аркылуу өнөкөт кризисти «башкарууга» өтүп, өлкөнү чет элдик капитал үчүн ачык аянтчага айландырууда. Ал капитал бат киреше болгон жерде иштеп, шарттар өзгөргөндө чыгып кетет да, коомду мурдагыдан да алсыз абалда калтырат.
Оорунун негизи каржылоонун жетишсиздигинде эмес, Халифалык кулатылгандан бери үммөттүн үстүнө таңууланган, рибага таянган, мусулман өлкөлөрүн дүйнөлүк каржы борборлоруна байлап, аларды өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан бузук экономикалык түзүмдө. Ошондуктан бул түзүм ичинде «чечимдер» тууралуу кандай гана сөз болбосун (карыздарбы же шарттуу инвестицияларбы), булар кризисти жоюу эмес, аны башкаруу менен гана чектелет.
Ислам так жана ачык экономикалык үлгүнү сунуш кылган: анда риба кескин түрдө арам кылынат, байлыктар менчик өкүмдөрүнө ылайык башкарылат, өлкөнүн ресурстары карыз берүүчүлөрдү ыраазы кылуу же эл аралык институттардын отчетторун «жакшыртуу» үчүн эмес, калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн пайдаланылат. Мындай түзүмдө мамлекет инвестицияга муктаж болуп жалынган тарап эмес, элдин иштерин чыныгы камкордук менен караган башчы болуп, сыртка көз каранды болбой турган жетиштүү байлыкка ээ болот.
Бүгүнкү кайрылуу Египет элинин баарына багытталган: силердин тарткан азап-тозогуңар сөзсүз болуучу тагдыр да эмес, жалкоолуктун же ресурстардын жетишсиздигинин натыйжасы да эмес. Бул — негизинен бузук болгон, Исламга жана анын өкүмдөрүнө каршы келген, өлкөнү да, пенделерди да карыз таблицаларындагы сан катары гана көргөн институттарга байлап койгон түзүмдүн жемиши. Муну чын жүрөктөн саясий аң-сезим гана четтетет: ал аң-сезим намыс доллар менен сатылбасын, эгемендик карыз алуу же жер сатуу менен кайтарылбасын түшүнөт. Тескерисинче, бул үммөттүн чечимин жана бийлигин кайра колго алуу, Раббисинин ыраазылыгына жеткирген шариятын толук колдонуу аркылуу, башкача айтканда, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалыкты орнотуу менен ишке ашат.
Кинана аскерлери! Күчкө жана кайратка ээ болгондор! Аллах алдында силердин жоопкерчилигиңер абдан чоң. Силердин милдет — көз карандылык системасын коргоо же туткундук жолдорун коопсуздаштыруу эмес, үммөттү, анын динин жана эгемендигин коргоо. Анткени силер үммөттүн калканы жана кылычысыңар. Бир күнү силерден колонизатор чийген чек араларды коргодуңарбы деп суралбайт. Үммөттүн динин, жерин жана байлыктарын коргодуңарбы деп суралат. Бүгүн Египетке эң улуу жардам — аны көз карандылыктан бошоткон, чечимин кайра кайтарган жана адилет башкарууну орноткон долбоордун тарабына өтүү. Бул — пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык, ал өлкөнү да, калкты да сактайт. Тарых ырайымсыз, ал эми үммөт ким менен турганын да, ким анын боштондугуна каршы турганын да унутпайт.
Халифалык кулашынан кийинки жүз беш жыл чыныгы көз карандысыздык карыздардын көлөкөсүндө да, адилетсиз дүйнөлүк экономикалык системага сиңүү менен да ишке ашпасын далилдеди. Ал Аллахтын шариятын чын ыклас менен үстөм кылууга кайтуу, Ислам жашоосун толук калыбына келтирүү, адамдардын иштерин Ислам менен караган, чет элдик үстөмдүктүн колун кескен, саясий жана экономикалык чечимди каапырлардын жана алардын институттарынын тырмагынан бошоткон мамлекетте гана болот. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾
«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Раъд: 11).
жана ошондой эле айтат:
﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү».
(Хаж: 40).
Махмуд ал-Лайси




