Фикхий

Оорулар жана жиндер менен болгон алака

Оорулар жана жиндер менен болгон алака

Суроо: Айрым адамдарга тийген ооруларды жиндерге байланыштырышат. Айрымдар болсо жиндерди көрүп, угуп, аларга буйрук берип, аларды колдонуу аркылуу (же жиндер адамдарды колдонуп) көп иштерди аткарат деп доомат кылышат. Анда адамдар менен жиндердин ортосунда материалдык, сезимдик (хиссий) байланыш барбы?

Жооп:

  1. Жиндер бизден жашыруун (гайып) маклуктардан. Биз аларды көрбөйбүз. Аллах Таала айтат:

﴿يَرَاكُمْ هُوَ وَقَبِيلُهُ مِنْ حَيْثُ لَا تَرَوْنَهُمْ﴾

«Себеби ал жана анын малайлары силерди өзүңөр билбей турган тараптан көрүп турушат (тактап айтканда, кандай алдагандарын сезбей калышыңар мүмкүн)». (Аъраф: 27)/

Башкача айтканда, бул иблис жана анын коомунан болгон жиндер. Анткени иблис жиндерден. Аллах Таала айтат:

﴿إِلَّا إِبْلِيسَ كَانَ مِنَ الْجِنِّ﴾

«Шайтан гана (сажда кылбады). Ал жиндерден эле». (Кахф: 50).

  1. 2. Алар менен болгон негизги байланыш — бул алардын васваса кылууга жөндөмдүү экендиги. Аллах Таала айтат:

﴿فَوَسْوَسَ لَهُمَا الشَّيْطَانُ﴾

«Кийин шайтан алардын бекитилген авраттарын (уяттуу, бекитүү зарыл болгон жерлерин) ачып жиберүү үчүн азгырды да…» (Аъраф: 20).

Дагы айтат:

﴿فَوَسْوَسَ إِلَيْهِ الشَّيْطَانُ﴾

«Кийин Шайтан аны азгырып…» (Таха: 120).

Бул жерде «шайтан» иблис, ал болсо жиндерден.

  1. 3. Шайтандардын адамга карата мажбурлоочу үстөмдүгү жок. Болгону адам өз ыктыяры менен шайтанга ээрчигенде гана болушу мүмкүн. Аллах Таала айтат:

﴿وَقَالَ الشَّيْطَانُ لَمَّا قُضِيَ الْأَمْرُ إِنَّ اللَّهَ وَعَدَكُمْ وَعْدَ الْحَقِّ وَوَعَدْتُكُمْ فَأَخْلَفْتُكُمْ وَمَا كَانَ لِيَ عَلَيْكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ إِلَّا أَنْ دَعَوْتُكُمْ فَاسْتَجَبْتُمْ لِي﴾

«Качан иш аяктаган соң (тактап айтканда бейиш калкы бейишке ылайык болуп, тозокулар тозокко өкүм кылынган соң), шайтан (мындай) деди: «Албетте Алла силерге чын убада кылган эле. Мен болсо (жалган) убадаларды берип силерди алдаган элем. (Бирок) мен үчүн силердин үстүңөрдө эч какдай өкүмдарлык жок эле, бирок мен силерди (каапырдыкка) чакырышым менен эле өзүңөр мага моюн сундуңар». (Ибрахим: 22).

Аллах Таала дагы айтат:

﴿إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ﴾

«Чынында, Менин пенделеримдин үстүндө сен үчүн эч кандай бийлик-өкүмдарлык жок, бирок сени ээрчиген адашкан кимселерди гана (бул Туура Жолдон аздыра аласың)». (Хижр: 42).

Дагы айтат:

﴿فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ * إِنَّهُ لَيْسَ لَهُ سُلْطَانٌ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ * إِنَّمَا سُلْطَانُهُ عَلَى الَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُ وَالَّذِينَ هُمْ بِهِ مُشْرِكُونَ﴾

«(Эй момун пендем,) ар качан Куран кыраат кылсаң (окусан), албетте кубаланган-каргышка калган шайтан (азгырыгынан) Алла паана беришин (коргоосун) сурагын! 99. Албетте ыйман келтирген жана Жалгыз Жаратканга тобокел кыла турган заттардын үстүндө (шайтан) үчүн эч кандай бийлик – өкүмдарлык жок. 100. Анын (шайтандын) өкүмдарлыгы жалаң (аны) дос тутуп (Аллага) шерик кылып ала турган адамдар үстүндө» (Нахл: 98–100).

  1. 4. Жогоруда Аллах Таала баян кылган негизден башка материалдык байланыш бар деп айтуунун өзү хос шаръий далилди талап кылат. Эгер ошол сыяктуу абал боюнча өзгөчө насс бар болсо, анда биз аны дал ошол насска ылайык ыйман келтиребиз. Мисалы, Сулайман пайгамбардын (عليه السلام) жиндерге үстөмдүк кылышы, аларга буйрук берип, тыюу салуусу жөнүндөгү маселеде насс бар, ошондуктан биз ага ыйман келтиребиз. Аллах Таала Намл сүрөсүндө Сулайман (عليه السلام) тууралуу айтат:

﴿قَالَ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ أَيُّكُمْ يَأْتِينِي بِعَرْشِهَا قَبْلَ أَنْ يَأْتُونِي مُسْلِمِينَ * قَالَ عِفْرِيتٌ مِنَ الْجِنِّ أَنَا آتِيكَ بِهِ قَبْلَ أَنْ تَقُومَ مِنْ مَقَامِكَ وَإِنِّي عَلَيْهِ لَقَوِيٌّ أَمِينٌ﴾

«Эй адамдар, алар менин алдыма моюн сунуп келүүлөрүнөн мурун кайсы бирөөңөр мага анын (тактап айтканда, Билкийстин өз шаарында калган) тактын келтире алат», деди. (Ошондо) жиндерден бир балбаны айтты: «Мен аны сен ордуңдан турушуңдан мурда сага алып келемин. Албетте менин буга кудуретим жетет жана ишенчтүүмүн». (Намл: 38–39). Аллах Таала дагы айтат:

﴿وَلِسُلَيْمَانَ الرِّيحَ غُدُوُّهَا شَهْرٌ وَرَوَاحُهَا شَهْرٌ وَأَسَلْنَا لَهُ عَيْنَ الْقِطْرِ وَمِنَ الْجِنِّ مَنْ يَعْمَلُ بَيْنَ يَدَيْهِ بِإِذْنِ رَبِّهِ وَمَنْ يَزِغْ مِنْهُمْ عَنْ أَمْرِنَا نُذِقْهُ مِنْ عَذَابِ السَّعِيرِ * يَعْمَلُونَ لَهُ مَا يَشَاءُ مِنْ مَحَارِيبَ وَتَمَاثِيلَ وَجِفَانٍ كَالْجَوَابِ وَقُدُورٍ رَاسِيَاتٍ اعْمَلُوا آلَ دَاوُودَ شُكْرًا وَقَلِيلٌ مِنْ عِبَادِيَ الشَّكُورُ﴾

 «Сулайманга эртең менен бир айлык, кечке маал бир айлык (аралыкты басып өтө турган) шамалды (моюн сундурдук) жана ал үчүн мис (жез) булагын агызып койдук. Ошондой эле жиндерден да Раббинин ызны-ыктыяры менен анын кол астында иштей турган кимселерди (моюн сундуруп койгонбуз). Алардан ким Биздин буйругубуздан тайса Биз ага от азабынан таттырып койобуз. Алар (Сулайманга жезден) ал каалаган нерселерди – ибадатканаларды, айкелдерди, (чондугу) көлдөрдөй табактарды жана (очокторго) орношкон (оор) казандарды жасап беришет.«(Эй) Давуддун үй – бүлөсү, (Алла силерге берген бул нематтардын) шүгүрү үчүн итаат – ибадат кылгыла! Пенделеримдин арасында шүгүр кылуучу (заттар абдан) аз». (Саба: 12–13).

  1. 5. Расулуллах ﷺ ар кандай материалдык окуяны адамдар арасындагы кадимки муамалалардын негизинде карап чечкен, эгерде ошол иште жиндерге тиешелүү экенин билдирген вахийден өзгөчө насс болбосо гана. Бардык окуялар ушул тартипте каралган. Мисалы, бир киши өлтүрүлгөнү табылса, зээнге аны жиндер өлтүрдү деген ой келбейт, эгерде буга далил болгон насс болбосо гана. Ошол сыяктуу эле, Хайбарда өлтүрүлгөн киши тууралуу окуяда иликтөө аны адамдардан ким өлтүргөнү жагына бурулган, жиндерге таптакыр жоромол жасалган эмес. Имам Муслим өзүнүн «Сахихинде» риваят кылат: Абдуллах ибн Сахл жана Мухайиса баштарына түшкөн оорчулуктан улам Хайбарга чыгышкан. Кийин Мухаййиса келип, Абдуллах ибн Сахл өлтүрүлүп, бир булакка же чуңкурга ташталганын кабарлаган. Ал яхудийлерге келип:

أَنْتُمْ وَاللَّهِ قَتَلْتُمُوهُ قَالُوا وَاللَّهِ مَا قَتَلْنَاهُ… ثم وصلت القضية إلى رسول الله صلى الله عليه وسلم فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «إِمَّا أَنْ يَدُوا صَاحِبَكُمْ وَإِمَّا أَنْ يُؤْذِنُوا بِحَرْبٍ فَكَتَبَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم إِلَيْهِمْ فِي ذَلِكَ فَكَتَبُوا إِنَّا وَاللَّهِ مَا قَتَلْنَاهُ…»

«Аллахка ант, аны силер өлтүрдүңөр!» — дегенде, алар: «Аллахка ант, биз аны өлтүргөн жокпуз», — дешкен… Андан соң бул иш Расулуллах ﷺга жеткенде, Ал ﷺ  айтты: «Же силер шеригиңердин кунун төлөйсүңөр, же согушка даяр экениңерди билдиресиңер». Андан соң Расулуллах ﷺ  аларга кат жазды, алар болсо: «Аллахка ант, биз аны өлтүргөн жокпуз», — деп жооп жазышты… Бул белгилүү окуя. Бул маселени изилдөөдө жиндердин амалы жакындан да, алыстан да кирген эмес.

  1. 6. Демек, кандайдыр бир окуяда жиндердин материалдык байланышын эскерген шаръий насс келбесе, анда жиндер менен адамдардын ортосундагы байланыш васваса менен гана чектелет, андан ашпайт.

Ал эми Расулуллах ﷺдын рисалаты — акыркы рисалат, андан кийин вахий токтогон. Ошондуктан жаңы насстар жок. Демек, биз менен жиндердин ортосунда материалдык байланыш жок, болгону васваса кылуу гана бар. Мурда айтылгандай, эгер адам өзү каалоосу менен ошол васвасага жооп бербесе эле, жиндер васвасасынын адамдар үстүндө үстөмдүгү болбойт.

Ушундай эле тартипте рошид халифалардын доорунда да бардык материалдык иштер каралган. Кандай гана материалдык окуя болбосун — өлтүрүү, уурулук, алдоо, алдамчылык ж.б. — ой жүгүртүү жиндерге эмес, адамдарга бурулган. Анткени жиндер менен болгон байланыш васваса кылуу байланышы менен гана чектелген. Хос насс келген учурда гана андан башкача каралат. Ал эми Расулуллах ﷺдан кийин хос насс жок болгондуктан, бардык материалдык окуялар адамдар тарабынан жасалат, жиндер тарабынан эмес. Анткени алардын дүйнөсү биздин дүйнө эмес, биз менен болгон байланышы васваса гана.

Мына ушуга ылайык, эгер адам ооруп калса, бул иште жиндердин эч кандай тиешеси жок. Оору Исламда келген тартипке ылайык чечилет, башкача айтканда даарылануу менен чечилет. Дарылоо материалдык дары менен болобу, Усама ибн Шариктен (р.а.) риваят кылынган хадисте айтылгандай жол мененби айырмасы жок. Ал айтты: «Мен Пайгамбар ﷺдын жанына бардым. Анын сахабалары баштарына куш конгондой тынч отурушкан эле. Салам берип отурдум. Анан ар тараптан арабдар келип: “Эй Аллахтын Элчиси, дарыланалыбы?” — дешти. Ал ﷺ :

«تَدَاوَوْا فَإِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ لَمْ يَضَعْ دَاءً إِلاَّ وَضَعَ لَهُ دَوَاءً غَيْرَ دَاءٍ وَاحِدٍ الْهَرَمُ»

«Дарылангыла, анткени Аллах Таала ар бир ооруну дабасы менен кошо гана жараткан. Бир гана оорудан харамдан башка”, — деди», башкача айтканда өлүмдөн башка. Бул хадисти Абу Дауд риваят кылган. Же болбосо дарылоо дуба жана рукья менен болот. Айша энебизден (رضي الله عنها) Муслим риваят кылган хадисте келет:

«أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم كَانَ يَرْقِي بِهَذِهِ الرُّقْيَةِ أَذْهِبْ الْبَاسَ رَبَّ النَّاسِ بِيَدِكَ الشِّفَاءُ لاَ كَاشِفَ لَهُ إِلاَّ أَنْتَ»

«Чындыгында, Расулуллах ﷺ  бул рукья менен дарылачу:

“Оо, адамдардын Раббиси! Ооруну кетир. Шыпаа Сенин колуңда. Сенден башка шыпаа берүүчү жок”», же Курандан, Сүннөттөн келген башка дубалар менен дабалоо керек.

Ал эми ооруну айыктыруу үчүн жиндер менен материалдык байланышым бар деп доомат кылган адамдарга кайрылуу ката. Бул ошолордун жасаган көз боёмочулугу жана алдамчылыгы. Алар элдин жөнөкөй катмарын өз торлоруна түшүрүп, мал-мүлкүн арам жол менен жеш үчүн алдап жатышат.

18-Жумада ас-Сани 1430-х

11.06.2009-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button