Бейиш бактары

Гарибдерге Туба бейиши болсун!

Гарибдерге Туба бейиши болсун!

Имам Муслим өз сахихинде Сахл ибн Саъд Саидий (р.а)дан Набий (с.а.в)дын мындай дегенин рыбаят кылат:

«بَدَأَ الإِسْلاَمُ غَرِيبًا وَسَيَعُودُ غَرِيبًا كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ، قِيلَ: مَنْ هُمْ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: الَّذِينَ يُصْلِحُونَ إِذَا فَسَدَ النَّاسُ»

«Ислам гариб болуп башталды, дагы кудум башталганындай, гариб болуп кайтат, гарибдерге Туба (бейиш) болсун», – деди. «Алар кимдер, эй Расулулла?», – деп суралды. «Адамдар бузулуп кеткен убакта оңдой турган кишилер», – деп жооп берди».

Чындыгында, Ислам Расул (с.а.в) жана ал кишиге ыйман келтирген жана ээрчиген сахабалары менен гариб абалда башталды. Анткени, алар пикирлери, пикир жүргүзүшү жана жашоо образы менен гариб болчу. Алар коомдун назарында гариб эле, коомдун аларды акаараттоосу жана шылдыңдап маскаралашы себептүү гариб болчу. Алар өз үй-бүлөсү, жакындары, тууган-уруктары ортосунда гарибдер эле. Алар коомдун назарында жана аларга жардам бериши жаатында гариб эле. Үлкөн-үлкөн азаптарга жолуккан, кемден-кем гарибдер эле. Алар узак жылдар Бани Толиб капчыгайында камалда калган, алды-сатты да, тууганчылык да үзүлгөн, жада калса, дарактын жалбырактарын жегенге мажбур болгон, жан чыдагыс абалга түшүп калган гарибдер болчу!!!

Чындыгында, Ислам бийик чокуларга мына ошол нур чачкан адамдар менен көтөрүлгөн. Мына ошол инсандар менен жүрөктөр жана акылдар бийиктикке көтөрүлгөн. Ислам адамдар мына ошолор менен жер жүзүндө көнүп калган түрдүү бузукулуктан жийиркенип бийиктикке көтөрүлүп, гариб абалда башталды. Ислам Роббиси Жалла Жаллалухуга гана ибадат кылуудан башканы билбеген мына ошол саййиддер менен башталды. Ислам мына ошол ыймандуу топ менен башталды. Тоолор да көтөрө албай турган машакаттуу баскычтан кийин, Алла Тааланын нусраты жана жардамы аркылуу бүткүл жер жүзүн өз нуру жана жылуулугуна толтурду. Түрдүү зулум, адашуу, тайылууну адамзат акылынан өчүрүп таштаган нур таратуучу күн менен башталды!!!

Бул сабыр Алла Азза ва Жалланын Китеби жана Расулу (с.а.в)дын Сүн­нөтү менен өкүм жүргүзө турган мамлекетке жетишүү менен аяктады. Жер жүзү мурун жабыр, зулум, бузукулук, караңгылык-зулмат жана залалат-адашууга толгон болсо, бул мамлекет эми аны адилеттүүлүк, тууралык, нур жана хидаятка толтурду!!!

Чындыгында, Ислам мына ушул саййид, такыба адамдар менен башталган. Мына, эми ал дагы бир жолу жашоого кайтууда! Ислам Расулулла (с.а.в)дын сахабалары менен, Кыяматка чейинки калктардын эң жакшысы болуп кала турган мына ошол инсандар менен башталды. Бүгүн болсо, ал Расулулла (с.а.в)ды жакшы көргөн инсандар менен жашоого кайтууда. Расулулла (с.а.в)дын акыйкат үстүндө турган бул достору – жүрөктөрүндө бекем орун алган ыймандан о.э. акылдары жана пикирлерин толтурган канааттануудан башка жардамчы таба алышпаган адамдар!!!

Мына ушул нур таратуучулардын арасында бир тунук булак бар. Ал азыр «суу чыгарган кор, көз уялткан нур» сыяктуу капырлар бузукулук таркатып жаткан жана даъватты көтөрүп чыгуучуларга жаман көзү менен карап жаткан жер жүзүн бойлоп жарыгын чачууда! Алар жардам берүүчүлөр сейрек кездешип, акыйкатка жардам жана көмөк берүүчүлөр табылбай жаткан жер жүзүндө даъватты көтөрүп чыгуучулар. Каапыр Каримов баштаган кимселер жана алардын жүгүртөктөрүнөн турган залимдердин зулуму астында онтосо да, жер жүзүнө нур таратышты!

Мына ошол каармандар бул ачуу абалга жана бул карасанатайлыкка кантип каршы турушту? Алардын кайраты сындыбы же пикирлеринен жана иш-аракеттеринен кайтыштыбы?! Алар кошоматчылык, же мунафыктык кылыштыбы, же дилдери зулумдукка жана залимдерге ыктадыбы?!

Мына ошол каармандар (рижал-чыныгы эркектер) кутурган заалимдер кылган ошол карасанатай чабуулга шейит болуу жөнүндө бири-бири менен мелдеше турган бийик нафсиялар аркылуу зөөкүр жана машакаттуу зулумдуктарга карабастан сабыр кылуучу дене жана жандар менен каршы турушту!!!

Алар кыштын катуу суугуна карабастан муздак суу менен даарат алышты, азаптоо менен коркутулганына карабастан жамаат болуп намаз окушту! Алар өздөрү жаткан камак камераларында кылмышкерлердин катуу көзөмөлү астында экендиктерине, өлүм менен же өлүмгө алып баруучу азаптоо менен коркутулуп жатканына карабастан даъват иштерин өз ара талкуулашты!!!

Алар кечирим суроочу же хизбди каралап жана андан баш тартканын жаза турган бир барак кагазга кол коюуну четке кагышты. Акыйкатта болсо, кол коюшса эркиндикке чыгышы жана тынч-бейпил жашоолору мүмкүн болчу. Ошого карабастан муну четке кагышты. Алардын көпчүлүгү он эки жыл жана андан ашык камак жаза­сын жер жүзүндөгү эң ырайымсыз жана эң катуу шарттарда өтөштү!!!

Эми алардын ичинен азаптоо астында шейит болгондоруна токтолсок, алардын саны эки жүздөн ашып кетти. Булар аттары маалым болгондору гана. Алар үчүн жерге узатуу ырасымдары да уюштурулбады, аза да күтүлбөдү жана жаназаларында миңдеген адамдар да катышпады! Анткени, алардын көпчүлүгү караңгы камак камерала­рында өлтүрүлүп, дал ошондой караңгы каптаган түндө көмүлүштү. Алардын зулум жана зулмат желдеттеринин колунда кантип өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кабарлардын таркалышына да жол коюлбады!!! Алардын жаназаларына, көмүлүшүнө катышкан жакындары да өтө аз болду, алар да ооз ачып бир сөз ай­та алышпады!

Чындыгында, алар шейит болуусу туурасында да, жаназада көтөрүп барылышында да, кабырга түшүрүлүшүндө да жана аларга аза тутулушунда да гариб болушту!

Алар адамдар арасында гарибдерден болушса да, бирок, алардын ыйманын жана кайраттуулуктарын билген адамдардын назарында, камак, камак күзөтчүсү, ырайымсыз зомбулук, кишен, шейиттикке алып бара турган азап эмнелигин биле турган адамдардын назарында, акыйкатты таанып, анын туура мустаким жолунда эрки сынбай, эч бир кимсеге кошомат кылбай, эч бир кимсенин ыраазылыгын көздөбөй жүрө турган кишилердин назарында улуу адамдар жана нур таратуучу шамчырак, болуп калышат!

Эч күмөнсүз алар Роббилери алдында… жер-асмандардын Халики болгон Малик Муктадир, чексиз кудуреттүү Падыша алдында эң жакшылар, аброрлор, шейиттер болуп саналышат! Алардын жаназасында, мейли, эң тандалма адамдар катышпаган болсо да, бирок, инша Алла асмандан түшкөн эң тандалма периштелер катышышат, бул периштелер аларды узатып, айбаттуу ырасымда тахлил жана тасбих айтышат. Алардын жаңырган бийик добуштарын асмандар жана жердин Роббиси гана угат! Ошондон кийин периштелер сапка тизилип турушат, алардын саптары, саны канча экендигин инсан жана жиндердин эч кимиси билбейт… Периштелер кабырлар үстүндө да сапка тизилип турушат, жада калса, жер жүзү аларга тардык кылып калат… Периштелер канаттарын кагып асманды толтурушуп, шейиттерди ар тарабынан ороп алышат… Бул улуу ырасым акырына жеткенден кийин периштелер алардын рухтарын асманга көтөрүп чыгышат… Аларды ар бир асманда периштелер күтүп алып «Бул пакиза инсандар кимдер?! Асмандарды толтурган бул жагымдуу жыт кандай жыт?!» деп сурашат. Периштелер аларга «Булар ошол гарибдер… Адамдар бузгунчулукка толуп, бузулган замандагы гарибдер… Уруулар арасындагы чыр-чатактардан бийик турган гарибдер, напсилери адашуу, азгырылуудан бийик турган гарибдер… Салих амалдарды жасаган жана башка адамдарды да оңдоого аракет кылган, натыйжада, алардын жанына зулумдук жана зулматка үйрөнүп калган, куфр, мунафыктык, карасанатайлыкка көнүп калган күнөөкөр колдор өлтүргөн гарибдер!!!» деп жооп беришет.

Ошондо периштелер жер-асманды толтурган бийик үн менен «Тубо… аларга Тубо болсун» деп нида кылышат, андан соң бул тандалган топ менен биргеликте гарибдердин рухун кийинки асманга узатып барышат… Ошентип, ар бир асмандан периштелердин топтору аларды узатып барат, тээ Арш көлөкөсүндө өздөрүнөн башка эч ким болбой турган бир улуу жайга жеткенге чейин ушундай абал улантылат! Ошол улуу жайда аларга Роббилери Жалла Жалолуху «Куш келипсиңер, куш келипсиңер, силерге Тубо жана көркөм сонун акыбет болсун!!!» деп кайрылат жана асман периштелерине аларды эң бийик иллийин бейиштерге жайгаштырып, пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер, со­лихтер жана алардан мурун жакшылык менен өткөн адамдарга шерик кылууну буюрат!

Жерде болсо алар өлгөндөн кийин да жакшылык менен эскерүү токтобойт… Алардын кандары жана денелери да алардын тирүүсүндөгүдөн көрө көбүрөөк нур таратат. Алар таза, чынчыл жана жакшы адамдар. Адамдар аларды ыкластуу, чынчыл, убадага туруучу жана сиротул мустакимде жүргөн адамдар катары билишет. Адамдар аларды түзүмдөрдүн жүгүртөктөрү болгон кылмышкерлерге окшобогон кишилер катары билишет.

Ооба, ушундай… бул таза, такыба жана эң жакшы адамдар инсандардын арасындагы даъват болуп кала беришет. Ал тургай, алар бул дүйнөдөн алыс болгон башка дүйнөдө болсо да даъват болуп кала беришет. Алардын таза кандары алардан кийинки боордоштору, камактардагы жана анын тышкарысындагы досторунун эсинде жаркын, нурдуу көрүнүштө сакталып кала берет.

Алардын кандары кийинки муундун кан тамырларында кагып, аларга бекемдик жана каалоо тартуулай берет. Кудум, бул кандар мындай деп жаткандай болот:

] z`ÏiB tûüÏZÏB÷sßJø9$# ×A%y`͑ (#qè%y‰|¹ $tB (#r߉yg»tã ©!$# Ïmø‹n=tã ( Nßg÷YÏJsù `¨B 4Ó|Ós% ¼çmt6øtwU Nåk÷]ÏBur `¨B ãÏàtF^tƒ ( $tBur (#qä9£‰t/ WxƒÏ‰ö7s? ÇËÌÈ [

– «Момундар арасында өздөрү Аллага берген (Ал заттын жолунда жихад кылып, шейит болуу жөнүндөгү) убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан алардан (айрым) кишилер өз убадасын аткарды (т.а. шейит болушту), алардан (айрым) кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллага берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок».       [33:23].

Эй улуу адамдар, силер бул таза, акыйкат даъваттын чыныгы жол башчыларысыңар. Силер дененин башка мүчөлөрүнө бекемдик жана кайрат тартуулоочу күч жана кубат тамырларысыңар. Силер кубат жана өрнөксүңөр. Ал тургай, силер камакта жатканыңарда да боордошторуңар силерге сый-урмат назары менен карашат. Анткени, жеңиш сабыр менен. Демек, албетте, ар бир оордук-машакат менен бирге бир жеңилдик да бар…!

Албетте, силер, жакшы салафтардын жакшы халафтарысыңар (орунба­сар). Ушундай бир салафтар дейсиң, алар Пайгамбарыбыздын сахабалары, такыба ээлери, даъватты алып чыгуучулар о.э. бул даъваттын жетекчилери. Силер шейх Такийюддиндин халафтарысыңар. Ал киши даъват жана даъватты көтөрүп чыгуучуларга азар жеткире турган бирер сөздү айтуудан көрө сабырды абзел көрдү. Мейли, бул азаптоо өлүмгө алып барса да, азаптоо себептүү колу шал болуп калса да сабыр кылды. Ал киши «Мен дабалоону жакшы көргөн бир кары кишимин» дегенден нарыга өтпөдү. Ал бул сөзү менен үммөттү дабалоону ниет кылган эле. Албетте, силер гариб жашаган, гариб абалда өлгөн жана өлгөндө адамдар аны эске да албаган шейх Такийюддиндин эң жакшы халафтарысыңар. Акыйкатта болсо, ал киши Алла ар жүз жылдын башында ушул үммөткө динин жаңылоо үчүн жиберген мужаддид болчу.

Силер ал кишинин шакирти жана орунбасары шейх Абдулкадимдин халафтарысыңар, ал киши да устазынын жолунан жүрдү. Ал кишини камактар, түрдүү азаптар да – канчалык катуу жана узун болбосун – бул жолдон кайтара албады. Ал киши да устазы сыяктуу гариб жашап, гариб өлдү. Ал кишини, ал тургай, жардамчылары жана кол астындагылары да жакшы тааныбайт эле. Силер өзүнөн мурунку сапташы али турмуш менен коштошо элегинде анын орунбасары катары байракты колго алган кишинин рафик-шеригисиңер.

Абу Ясин көптөгөн мамлекеттерде катуу куугунтуктарга учурап, гариб абалда жашады. Арты-артынан бир нече жылдап зулум камактарында калып кетти. Ал киши жок маалда аялы дүйнөдөн өтүп, аялынан айрылды. Ал киши аялынын кайсы жерге көмүлгөнүн эле билет. Көп мамлекеттер зулум жүгүртөктөрү тарабынан ал кишини жолунан кайтарууга болгон урунууларга карабастан ал өз улуулугунда кала берди.

Эй гарибдер, эй Бухарий, Термизий, Нишапурий жана Сижистанийдин неберелери, эй хидаят чырактары. Силер оболу өздөрү солих кишилерге айланган, кийин өздөрүнүн салафтары Пайгамбар (с.а.в)дын сахабалары оңдогону сыяктуу бүткүл жер жүзүн Алланын изни менен оңдой ­турган кишилерсиңер!.. Жакынкы күндөрдө бүткүл дүйнөдөгү Алланын жарык күндөрүн, нусратын жана жардамын күтүп жаткан боордошторуңар менен жер жүзүн оңдойсуңар!..

Жакынкы күндөрдө Алланын изни менен бул караңгы зындандан чыга турган күнүңөр келет. Ошондо Ислам мамлекети көлөкөсүндө «Ла илаха ил­лаллох, Мухаммадур Расулуллох» байрагы бийик көтөрүлүп жана Куран байрагы астында башыңарды бийик көтөргөн абалда чыгып келесиңер.

Сөзүмдүн акырында Алла Тааладан Өзү тарабынан болгон жардамы менен силерге нусрат беришин, бул зулматтан кутулуу жолун, иштериңерге жеңилдик жолун жаратышын сурап каламын. Алла Таала айтат:

] `tBur È,­Gtƒ ©!$# @yèøgs† ¼ã&©! ô`ÏB ¾Ín͐öDr& #ZŽô£ç„ ÇÍÈ [

– «Ким Алладан корксо (Алла) анын ишин жеңил-оңой кылат».          [65:4].

] `tBur È,­Gtƒ ©!$# @yèøgs† ¼ã&©! %[`tøƒxC ÇËÈ [

– «Ким Алладан корксо (Алла) ал үчүн (бардык кайгы-кырсыктардан) чыгар жолду (пайда) кылат».  [65:2].

Акыркы дубабыз хамду-сана бүткүл ааламдардын Роббиси Аллага болсун. 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button