Роя гезити

Абу аз-Зухур: жарыяланган тирешүү нормалдашууга алып барабы?

Абу аз-Зухур: жарыяланган тирешүү нормалдашууга алып барабы?

2026-жылдын 18-августунда Идлиб аймагындагы Абу аз-Зухур аскерий аэропортунун бомбаланышы яхудий түзүмүнүн Сирия аймагына жасаган кезектеги эле аба сокку эмес. Түзүм бул жайга сегиз жолу аба соккусун жасады. Бул учурда Сириянын аскерий мекемесин кайра курууда Түркиянын ролу күчөп жаткан эле. Ал эми аэропорт Түркиянын чек арасынан болжол менен 60–80 чакырым аралыкта жайгашкан. Түзүм бул соккуну Түркиянын ыктымалдуу аскерий катышуусу менен ачык байланыштырды. Нетаньяху Дамаск түрк күчтөрүнүн бул базага жайгашуусуна уруксат берүүгө жакындап калганын айтты жана муну яхудий түзүмүнүн коопсуздугуна коркунуч деп эсептеди. Ал эми Анкара менен Дамаск мындай жайгашуу бар экенин четке кагышты. (Ал-Жазира Нет, 19.08.2026)

Ошентип, бомбалоо сыртынан караганда Сириянын ичиндеги таасир үчүн күчөп бара жаткан күрөштүн бир бөлүгү болуп көрүндү. Атүгүл көптөгөн маалымат каражаттарындагы талдоолор муну яхудий түзүмү менен Түркиянын ортосунда тирешүү жакындап калганынын белгиси катары көрсөтүштү. Анкара менен Дамасктын ортосундагы аскерий кызматташтык күчөп, Сириянын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө салым кошуу ыктымалдыгы жогорулаган сайын, Сирия аймагы эки тараптын таасир чектерин сыноочу майданга айланды. Бирок эң көп мааниге ээ болгон өнүгүү аскерий эмес, саясий жактан болду. Маалыматтарга ылайык, Моссаддын башчысы Роман Гофман 14-августта, Абу аз-Зухур бомбаланардан бир нече күн мурда, Сириянын тышкы иштер министри Асаъд аш-Шайбани менен байланышкан жана Сириядагы Түркиянын аскерий катышуусу талкууланган темалардын бири болгон. Андан соң, бомбалоодон бир нече күн өткөндөн кийин, аш-Шайбани өзү Иорданияда өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууда Моссаддын башчысы менен жолукту. Жолугушуу чыңалууну азайтуу маселесин талкуулоого арналган. (Аль-Арабия, 23.08.2026)

Мына ушул жерде көңүл бурууга арзый турган карама-каршылык жатат: эгер яхудий түзүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, Абу аз-Зухурду бомбалоо Түркиянын Сириядагы таасиринин кеңейишине жол бербөөнү көздөгөн болсо, анда анын эң көрүнүктүү саясий натыйжаларынын бири Дамаскты Тель-Авив менен түз байланыш каналына түртүү болду. Ал тургай, бул Сириянын тышкы иштер министринин Моссаддын башчысы менен жолугушуусуна чейин жетти. Демек, суроо аскерий бутанын табияты менен гана чектелбей, андан кийин ачылган саясий багытка да тиешелүү болот: чыңалууну азайтуу убактылуу окуяны жөнгө салуу үчүн жасалган жөн гана коопсуздук чарасы беле же Сирияны акырындык менен яхудий түзүмү менен өз ара түшүнүшүүлөр тармагына киргизүүгө багытталган кеңири жолдогу кадам беле?

Бул суроонун мааниси Түркия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы мамиленин табиятына назар салганда дагы да артат. Түркия кресттүүлөрдүн НАТО альянсынын мүчөсү жана ошол эле учурда яхудий түзүмү менен расмий мамилелери бар мамлекет. Ал тургай, яхудийлердин Газага каршы согушу учурунда ага карата саясий риторикасын кескин күчөткөнүнө карабастан, бул мамилелерин үзгөн жок. Бул жерде эл аралык мамилелерди талдоодогу негизги бир эреже ачыкка чыгат: саясат ураандар жана билдирүүлөр менен гана өлчөнбөйт, тескерисинче, жабык эшик артында эмне болуп жатканы жана алардын кайсылары иш жүзүндөгү саясий багыттарга айланып жатканы менен өлчөнөт.

Ушул өңүттөн алганда, көптөгөн маалымат каражаттары Түркия менен яхудий түзүмүнүн ортосунда жакындап келе жаткан тирешүү тууралуу берип жаткан көрүнүшкө этияттык менен мамиле кылуу зарыл болуп калат. Таасир үчүн күрөш чыныгы болушу мүмкүн жана Сирияда эки тараптын кызыкчылыктары карама-каршы келиши мүмкүн, бирок бул сөзсүз түрдө акыркы багыт ачык тирешүүгө алып барат дегенди билдирбейт. Анткени Түркия менен яхудий түзүмүнүн ошол эле учурда байланыш каналдары жана бири-бири менен чырмалышкан кызыкчылыктары бар. Алар бирдиктүү регионалдык жана эл аралык система ичинде аракеттенишет, ал эми Америка аймактагы тең салмактуулукту жөнгө салууда борбордук оюнчу бойдон калууда.

Бул жерде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын жаңы регионалдык система куруу тууралуу сөзү өзгөчө мааниге ээ болот. Эгер бул коопсуздук системасы аймактагы мамилелерди жана күчтөрдү кайрадан ирээтке келтирүүгө негизделсе, анда яхудий түзүмүн ага киргизүү жана интеграциялоо мүмкүн. Тескерисинче, бул шашылбастан жана акырындык менен ишке ашырылып жаткан ыктымалдардын бири. Мындай учурда Түркиянын яхудий түзүмү менен күрөшү нормалдашуу багытына сөзсүз түрдө карама-каршы келбейт. Тескерисинче, ал ролдорду кайра бөлүштүрүп, тараптарды таасирдин жаңы эрежелери боюнча сүйлөшүүлөргө түрткөн факторлордун бирине айланышы мүмкүн. Айрыкча, эгер Америка өзүнүн регионалдык куралдары аркылуу Ирандын куралдарын курчоого алууда ийгиликке жетсе.

«Каршылык көрсөтүү» деген ураанга жамынып келген Сирия залим Асад кулагандан кийин, жаңы акимдеринин «саясий кыраакылыгынын!» астында андан да көбүрөөк баш ийген жана моюн сунган вакыйлыкка туш болуп жатканы көңүл бурарлык маселе. Яхудий түзүмүнүн анын аймагына соккулары мурдагыдан да күчтүү темпте уланып, Түркиянын андагы таасири кеңейүүдө, Орусия өзүнүн катышуусун сактап калууда, Америка болсо тең салмактуулуктарды башкаруунун үстүндө иштеп жатат. Ал эми Сирия өзү Тель-Авив менен түз байланыштарга кире баштады! Ошентип, маселе эми кайсы бир базага же аймакка ким аскерий таасир жүргүзөрүн аныктоо менен гана чектелбей, Сириянын жаңы регионалдык системадагы ордун аныктоо маселесине айланды.

Ошондуктан Абу аз-Зухурдун бомбаланышын аскерий соккунун өзүнөн да кеңири болгон багыттын алкагында кароого болот. Сокку аты Түркиянын ыктымал таасири менен байланышкан жайга багытталды, бирок ошол эле учурда Сириянын яхудий түзүмү менен коопсуздук жаатындагы байланыштары менен коштолуп, акырында Сириянын тышкы иштер министри менен Моссаддын башчысынын ачык жолугушуусуна алып келди. Ал эми саясатта мындай практикалык натыйжалар өз ара айтылган билдирүүлөрдүн тонунун катуулугуна караганда көбүрөөк мааниге ээ болушу мүмкүн.

Демек, бул өнүгүүлөр жараткан суроо: «Биз Сирия аймагында Түркия менен яхудий түзүмүнүн ортосунда жакындап келе жаткан тирешүүнүн алдында турабызбы?» — деген суроо менен гана чектелбейт. Тескерисинче: «Биз Түркиянын, яхудий түзүмүнүн жана Американын кызыкчылыктары кесилишкен жаңы регионалдык системанын алкагында Сирияны яхудий түзүмү менен сүйлөшүүлөр талаасына түртө тургандай жаңжалды кайра ирээтке келтирүүнүн алдында турабызбы?» — деген суроодо.

Анткени эл алдында айтылган сөздөр бир нерсе, жабык эшик артында башкарылып жаткан нерсе такыр башка. Акырында эң маанилүүсү мамлекеттер менен алардын акимдери көтөргөн ураандар эмес, алар иш жүзүндө жүргүзүп жаткан саясаттар. Эгер Абу аз-Зухурду бутага алуу Дамаскты Тель-Авив менен түз байланыш каналына жакындатуу менен аяктаган болсо, анда эң маанилүүсү кимдин бомбалоого кабылганын билүү гана эмес, анын натыйжалары аймакты кайсы саясий багытка түрткөнүн, Сирия менен региондун келечегин кайра калыптандырууда бул багыттан ким пайда көрөрүн жана үммөт күч-кубат менен биримдиктин себептерин кайра калыбына келтирүүгө мурдагыдан да көбүрөөк умтулуп турган учурда аймактагы бардык элдерди алсыратуудан ким пайда табарын билүү болуп саналат.

Бул жийиркеничтүү түзүм менен нормалдашуу поездин токтотуунун жана кыянатчы акимдерди кылмыштары үчүн жоопко тартуунун Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөдөн башка жолу жок. Анткени дал ошол яхудий түзүмүн түп-тамыры менен жулуп, мубарак жерди азат кылат жана жерди өз ээлерине кайтарат. Аллах Таала айтты:

﴿وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ﴾

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды (Фиравндын мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз». (Касас: 5).

Роя гезити

Висам Аль-Атраш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button