Комментарий

Азербайжан бийлиги хижабга каршы кампаниясын күчөтүүдө

Азербайжан бийлиги хижабга каршы кампаниясын күчөтүүдө

Азербайжан бийлиги жоолук салынган окуучуларды мектепке киргизбегени аз келгенсип, эми алардын ата-энелерине каршы катаал чараларды көрө баштады. Маселен, 15 жаштагы жоолукчан кызын мектепке киргизүүгө аракет кылган Нубар Хасанова полиция кызматкерлери тарабынан күч колдонуу менен кармалган.

Дагы бир эне Нержигянам Мамедова кызынын хижабы мажбурлап чечүү учурунда класстан чыгарылган. Мамедованын өзү психологго жөнөтүлгөн. Бул окуяга байланыштуу нааразычылык билдирген эне да кармалгандардын катарына кошулган.

Ал эми төртүнчү класста окуган кыздын апасы Чинара Дергахованын нааразылык билдирген видеолору өчүрүлүп, кызына сабакка катышууга уруксат берилери айтылган. Бирок көп өтпөй анын өзү да полиция тарабынан кармалган.

Мындай зулумдук коштогон хижабга каршы кампания жеке менчик мектептерге да кулач жайды. Буга чейин мамлекеттик мектептерде хижаб кийген кыздардын билим алуусуна тоскоолдуктар жаралып келсе, эми ушундай талаптар Бакудагы айрым жеке менчик окуу жайларында да коюлуп жатат.

Ата-энелердин билдирүүсүнө караганда, 3-ноябрда бир катар жеке менчик мектептердин администрациялары хижаб кийген окуучу кыздардын ата-энелерин чакырып, кыздары окуусун улантышы үчүн жоолукту чечиши керектигин эскертишкен. Бул талапты аткарууга ата-энелерге болгону 20 күн убакыт берилгени айтылууда. Белгиленген мөөнөттөн кийин кыздар мурунку шарттарда окуусун уланта албай калышы мүмкүн.

Мындан тышкары, 2-ноябрдан тартып айрым жеке менчик мектептер мамлекеттик мектептердеги хижабга байланыштуу чектөөлөрдөн улам башка мектепке которулууну каалаган кыздарды кабыл алууну токтоткону кабарланды.

Кыздарынын билим алуусун улантуу үчүн ата-энелер Simurq, Hədəf, Atatürk жана Dəyanət сыяктуу лицейлерге кайрылышкан. Бирок алар да бир катар тоскоолдуктарга туш болушкан. Айрым окуу жайлар хижаб кийген жаңы окуучуларды кабыл алууну убактылуу токтотсо, ал мектептерде мурунтадан билим алып жүргөн кыздарга азырынча сабакка катышууга уруксат берилип жатканы айтылууда.

Комментарий:

Мусулман өлкө катары аталып келген Азербайжанда акыркы айларда окуучу кыздар диний ишеними үчүн билим алуу укугунан ажырап жатса, мугалимдер жоолугу себептүү жумуштан мажбурлап чыгарылууда. Ал эми, жеке мектептер бийликтин кысымы себептүү жоолук кийген кыздарды окууга кабыл албоого мажбурланып жатат. Яхудий түзүмүн дос туткан Алиев режиминин мындай зулумдуктары көпкө узабашы талашсыз. Анткени, өлкөдөгү коррупцияга баткан, үй бүлөлүк башкарууга каршы калктын нааразылыгы убакыт өткөн сайын күчөп барууда. Бул нааразылык заалым режимдин тактысын кулатуу менен аны эсеп–китеп кылса ажеп эмес. Ал эми, алардын кыяматтагы сурагы мындан оор болушу талашсыз. Аллах Таала айтат:

«Заалымдар жакында (өлгөндөн кийин) кандай акыбетке кайтышарын билип алышат!» (Шура:227).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button