Асыл хадис

Амал – акыркы амал менен бааланат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Амал – акыркы амал менен бааланат

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حدثنا علي بن عياش الألهاني الحمصي حدثنا أبو غسان قال: حدثني أبو حازم عن سهل بن سعد الساعدي قال: نظر النبي صلى الله عليه وسلم إلى رجل يقاتل المشركين وكان من أعظم المسلمين غناء عنهم فقال: “من أحب أن ينظر إلى رجل من أهل النار فلينظر إلى هذا”، فتبعه رجل فلم يزل على ذلك حتى جرح، فاستعجل الموت فقال بذبابة سيفه فوضعه بين ثدييه فتحامل عليه حتى خرج من بين كتفيه، فقال النبي صلى الله عليه وسلم: “إن العبد ليعمل فيما يرى الناس عمل أهل الجنة وإنه لمن أهل النار، ويعمل فيما يرى الناس عمل أهل النار وهو من أهل الجنة، وإنما الأعمال بخواتيمها“

Бизге Али ибн Айяш аль-Альхани аль-Химси Сахл ибн Саад ас-Саадиден риваят кылды: Пайгамбар ага Аллахтын салам-салаваттары болсун мусулмандарга эң чоң жардам көрсөтүп, мушриктер менен согушуп жаткан бир кишиге карап: “Ким тозок элинен болгон адамды карагысы келсе, ушуга карасын”,-деди. Анын артынан акмалап бир киши ээрчип жөнөдү, ал жарадар болгонго чейин аны ээрчип жүрдү. Ал жарадар болгондон кийин тезирээк өлүүнү эңсеп, кылычынын учун төшүнүн ортосуна коюп, ийиндеринин ортосунан чыкканга чейин ага өбөктөдү. Пайгамбар, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, мындай деди: “Пенде адамдар бейиш элинин иши деп ойлоп калганга чейин бейиш амалын кылышы мүмкүн, бирок ал чындыгында тозок элинен, пенде адамдар тозок элинин иши деп ойлоп калганга чейин тозок амалын кылышы мүмкүн, бирок ал чындыгында бейиш элинен. Амал – акыркы амал менен бааланат”.

Урматтуу бир туугандар:

Амалдардын натыйжасы ушундай болот жана ар бир жан өзү амал кылганындай сыйлыкка ээ болот. Хадисте айтылган бул киши бейиш эли сыяктуу иш кылган, ал адамдарга кандай көрүнсө адамдар аны ошондой ойлойт. Бирок Аллахтын алдында андай болбойт, анткени Кудуреттүү Аллах пендеге карата пенде өзүнө кылган ырайымынан да ырайымдуу. Кээ бир адамдар эки жүздүүлүк менен жана эл көрсүн үчүн иштерди жасашат, алардын бул амалдары адамдардын алдында ыйманынан жана чын жүрөктөн чыккандай көрүнөт. Эгер ал Аллах тарабынан кабыл алынган жакшы иш болгондо, анда Ал аны кылган адамга Бейишке кирүүгө уруксат бермек. Аллах Таала өтө берешен болгондуктан, адил пендесинин мындай коркунучтуу акыбетке түшүшүнө жол бербейт.

Эй мусулмандар:

Биз силерди ыкластуулукка, бекем ишенимге жана чындыкты бекем карманууга чакырабыз. Биз силерге кайрылып, мындай дейбиз: Аллахты жана Анын Элчисин, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, ыраазы кыла турган кандай жакшы иштерди жасадыңар? Бул жашоодо эмне кылдыңар? Колонияга алынганыңарды билген жоксуңарбы? Сирияда, Иракта, Египетте, Тунисте, Йеменде, Ооганстанда, Мьянмада жана башка жерлерде бир туугандарыңардын жардам сурап жаткан кабары силерге жетип барбадыбы? Айрыкча ислам жамааттарына кайрылып жатабыз, силер, өзгөртүү үчүн иштеп жаткандар, бул ачуу вакыйлыкты өзгөртүү үчүн Исламдын атынан иштедиңер. Силердин абалыңар жихад майданында кылычына өбөктөп, кылычы ийнинин ортосунан чыгып, өлүп, тозок элинен болгон адамдын абалына канчалык окшошуп калган жокпу?! Силер бийликке келгенден кийин да, ислам өкүмдөрү аткарылбай жатканын кандай түшүнүүгө болот? Аллахка эмне деп жооп бересиңер? Бийликке жетти, бирок Ислам аткарылган жок. Операция ийгиликтүү болду, бирок бейтап каза болду. Ооба, мунун пайдасы барбы? Бийлик күрсүсүндө отуруп, анан Ислам менен башкарууну каалабай турганыңардын кимге кереги бар?!

Оо, Аллах, бизге пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген, мусулмандарды бириктирип, аларды азап-тозоктон куткара турган туура жолду көрсөткөн Халифалык мамлекетин курууну тездет. Оо, Аллах, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 8–жумаадил саани.

2026-ж, 18–ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button