Роя гезити

Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн деңиз альянстары жана коргонуу келишимдери!

Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн деңиз альянстары жана коргонуу келишимдери!

Берекелүү Палестина жериндеги шаарлар менен айылдарга яхудий түзүмүнүн кол салуулары уланууда. Алар ыйык жайлардын кол тийбестигин бузуп, адамдарды кемсинтүү менен камакка алып, үйлөрүнөн кууп чыгарып, жерлерин басып алышууда. А түгүл таштар, дарактар жана жаныбарлар да алардын жамандыгынан аман калган жок. Мындай кол салуулар болбогон күн дээрлик жок. Эгер муну яхудий түзүмүнүн баскынчы армиясы кылбаса, армиянын коргоосу астында отурукташкандар кылып жатышат.

Роя: Ушунун баары болуп жаткан учурда мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер жана жооптуулар чогулушууда. Бирок алар эмне үчүн чогулуп жатышат? Айрымдары Американын буйругу менен анын аймактагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн деңиз альянсын түзүүгө чогулушту! Айрымдары болсо, дагы эле Американын буйругу менен анын кызыкчылыктарын коргоо үчүн коргонуу келишимин түзүштү! Дагы айрымдары айыптоо жана нааразылык билдирүүлөрүн чыгарып, яхудий түзүмүнүн кол салуулары үчүн эл аралык системаны жоопкерчиликке чакырышты. Алардын арасында Коопсуздук Кеңешинен жардам сурагандар да, яхудий түзүмүнүн мыйзам бузууларын документтештирүү үчүн платформа түзүлгөнүн жарыялагандар да бар!

Мусулмандардын акимдери берекелүү жерде яхудий түзүмүнүн болушу качып кутулгус реалдуулукка айланды деген таризде аракет кылышууда. Мусулмандардын да ага ушул көз караш менен карашын каалап жатышат. Бирок Аллахтын уруксаты менен мындай болбойт. Анткени Палестина маселеси мусулмандардын жүрөгүндөгү негизги жана борбордук маселелердин бири. Алардын жүрөктөрү Масжидул Аксага Масжидул Харам жана Масжидун Набавийге байлангандай байланган. Акимдердин колонизатор кафирлер жана яхудий түзүмү менен тил бириктирүүсү аны качып кутулгус реалдуулукка айланта албайт. Жакында үммөт кыймылга келип, бул рувайбиза акимдерден кутулат жана яхудий түзүмүн жок кылат. Эртеңки күн аны күткөн адам үчүн жакын.

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button