Макала

Америка Кытай менен Кансыз согуш жүргүзүүгө кудуретүүбү?

Америка Кытай менен Кансыз согуш жүргүзүүгө кудуретүүбү?

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2026-жылдын 24-сентябры, бейшемби күнү Америкага келери пландалууда. Бул сапар Американын президенти Трамптын өткөн май айында Кытайга жасаган сапарына жооп иретинде болмокчу. Мамлекеттик сапар эки өлкөнүн ортосундагы байланыштын кандай багыты алдыга чыгат деген суроо актуалдуу болуп турган учурга туш келүүдө.

Америка үчүн өзү артык көргөн жооп дайыма ачык бойдон калууда. Башкача айтканда, эки өлкөнүн ортосунда куралдуу кагылышууга чейин жетпеген Кансыз согуш жүргүзүүнү артык көрөт. Тескерисинче, абал Америка Советтер Союзу менен кырк жыл бою жүргүзгөндөй, альянстарга негизделген системалуу атаандаштык түрүндө калат. Бул ооздуктоо үчүн күрөш, альянстар аркылуу курчоого алуу, технологиялардан ажыратуу жана алсызыраак экономика кыйраганга чейин үзгүлтүксүз басым көрсөтүү күрөшү. Бул америкалыктар жакшы билген ыкма. Американын чечим кабыл алуучу чөйрөсүнүн чоң бөлүгү аны кайрадан ишке киргизүүгө кызыкдар болуп жаткандай. Бул жолу Москванын мурдагы ордунда Бээжин отурат.

Америкада бул идеяга карата тарыхый сагынычтын бир түрү бар. Анткени америкалыктардын көз карашында Кансыз согуш толук жеңиш менен аяктаган. 1962-жылдагы Кубалык ракеталык кризистин чегинен башталып, ондогон жылдарга созулган тирешүү жана кылдат эсептелген куралдануу жарышы аркылуу Америка аскердик чыгымдарда, космосту аскерлештирүүдө, альянстарда жана өжөр атаандашка каршы чыдамкайлык көрсөтүүдө үстөмдүк кылды. Акыры ал атаандаш Горбачёвдун учурунда майдандан чегинип, байкоочуларды таң калтырган ылдамдыкта өзүн-өзү таркатып жиберди. Америкадагы стратегдердин белгилүү бир тобунун көз карашында Кытай бул жарыштын экинчи бөлүгү гана. Ал — ошол эле каражаттар менен жана ошол эле максатка карай башкарууга боло турган өсүп келе жаткан күч. Бирок Кытай мындай алкакка түшүүнү ачык түрдө четке какты. Анын жетекчилери, эң оболу төрага, Бээжин өзү тандабаган жана каалабаган Кансыз согушка тартылбай турганын бир нече жолу ачык-айкын билдиришкен. Си Цзиньпин 2026-жылдын 13-майында Бээжинде Трамп менен болгон жолугушуусун Кытай менен Америка «Фукидид тузагы» деп аталган нерседен өтүп, ири мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин жаңы моделин иштеп чыгышы керек деп айтуу менен баштаган. Анын сөзүндөгү негизги маани «жаңы модел» деген сөз айкашында эле. Анткени ал эски моделди четке какпаса, жаңы моделге чакырмак эмес. Бул жерде эски модел деп Советтер Союзу менен болгон тирешүү жылдарында үстөмдүк кылган ооздуктоо логикасы айтылууда.

Анда эмне үчүн Вашингтон дагы эле ачык түрдө четке кагып жаткан Бээжинди ошол мамилени кабыл алууга мажбурлоо үчүн ага басым көрсөтүп жатат? Мунун жообу Америка өзүнүн колунда өтө көп деп эсептеген күчтүү басым рычагдарынын айкалышында жатат. Кытай БРИКС тобу жана доллардан тышкары соода жүргүзүү механизмдерин акырындык менен түзүү аркылуу петродоллардын үстөмдүгүнө каршы өзүнүн бардык күчүн жумшаганына карабастан, Америка Кытайда өзү пайдалана ала турган бир нече алсыз жагдайлар бар деп эсептейт. Сыртынан караганда бул Америка үчүн чакырык катары көрүнгөнү менен, ал Америкага муну (Кытайдын жогоруда айтылган саясатын) үзгүлтүккө учуратууга жана анын өсүп келе жаткан күчүн ооздуктоого аракет кылуу үчүн бардык түрткүлөрдү жаратты.

Кытай башка өнөр жайлуу державалардын баарына караганда дүйнөдөгү маанилүү деңиз жолдору аркылуу энергия менен товарлардын үзгүлтүксүз агымына көбүрөөк көз каранды. Ошондой эле ал мунайдын баасынын кымбатташына өтө сезимтал.

Мына ушул жерде Америка Иран менен жүрүп жаткан согушун Кытай менен болгон күрөштү башкарууда пайдаланууга болот деп эсептейт. Согуш дагы деле Ормуз кысыгындагы деңиз соодасына таасирин тийгизүүдө. Ал аркылуу дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен 30%ына жеткен чоң бөлүгү өтөт. Бул Иранга гана зыян келтирбестен, ошол кысык аркылуу өткөн агымдарга көбүрөөк көз каранды болгон экономикаларга, биринчи кезекте Кытайга жана Европанын чоң бөлүгүнө оор таасир тийгизет. Ар бир башаламандык дүйнөлүк мунай баасынын көтөрүлүшүнө алып келет, ал эми Кытайдын Ирандан жана Перс булуңунан импортун кыскан ар бир чара Кытайдын өнөр жайы менен соодасына түздөн-түз чыгым жүктөйт. Вашингтондун стратегиялык көз карашынан алганда, бул жагдайлар үзгүлтүксүз экономикалык басым жагынан мурда Советтер Союзун алсыраткан шарттарга окшош көрүнөт. Бул Бээжинди жумшагыраак болууга, долларга каршы аракеттерин азайтууга, дүйнөлүк соодада төмөнүрөөк орунду кабыл алууга жана Америка менен Кансыз согуш сценарийине кирүү үчүн өзү буга чейин дайыма четке кагып келген ролго макул болууга түртүшү мүмкүн болгон күчтүү басым рычагы. Бирок Кытайдын төрагасы Си бул логиканы толук түшүнөт, балким, аны таңуулоого жана пайдаланууга аракет кылып жаткандардан да жакшыраак түшүнөт. Анткени Кытайда Вашингтон жетиштүү баалабай жаткан тарыхый эс-тутум бар. Бээжин Советтер Союзунун кыйрашына күбө болгон жана ал кыйроодон өзүнө тиешелүү сабактарды алган. Советтер Союзу өзү көтөрө албаган тирешүүгө тартылып, Горбачёв толугу менен ага багынууну тандаганга чейин басым көрсөтүлгөнү ошол сабактардын маанилүүсү. Кытай бул жолду кайталоого даяр эмес жана анын улуттук маанайы да буга ылайык келбейт. Советтер Союзу Вашингтондун каалоолоруна жана чыңалуунун күчөшүнө тез жооп кайтарып турган болсо, Кытай сабырдуулукка, шашпоого жана милдеттенмелерди кабыл алууда жай аракеттенүүгө ыктап келген. Анын узак тарыхый эс-тутуму бар жана басымга ошондой басым менен жооп кайтаруунун ордуна, аны өзүнө сиңирип, мүмкүн болушунча кризистерден оолак болууга ыктайт.

Бул вакыйлык Кытайдын ой жүгүртүүсүн чагылдырат. Көпчүлүк өлчөмдөр боюнча алганда, Кытайдын дүйнөдөгү амбициялары Америка Кошмо Штаттарынын же Россиянын амбицияларына караганда гегемондукка азыраак умтулат. Анын табияты, өзүнүн тарыхый мурасындагы согуш өнөрлөрүндө болгондой эле, чабуулга караганда коргонууну, күч менен түздөн-түз кагылышуунун ордуна аны башка нукка бурууну артык көрөт. Ал согушка караганда сооданы, тирешүүгө караганда соода-сатыкты, позицияларды кескин түрдө ээлеп алууга караганда аларды акырындык менен топтоону артык көрөт. Бул модель үстөмдүккө, аскерий багытка жана гегемондукка катуу умтулууга негизделген Американын стратегиялык сакофатына түп-тамырынан карама-каршы келет. Бул эки күч жөн гана атаандаштар эмес, тескерисинче алар ар башка эрежелер менен, ар башка максаттарды көздөп, эки башка оюнду ойноп жатышат.

Мына ушул нерсе Синин Вашингтонго болгон сапары жооп бербей турган, бирок ого бетер курчуткан суроону ачык бойдон калтырууда. Америка Кошмо Штаттары Иран менен болгон согушту жана анын ар түрдүү кесепеттерин т.а. эл аралык соода үчүн улам тарып бараткан кысыкты, мунайдын жогорку баасын жана энергетикалык сооданын кысылышын пайдаланып, Кытайдын өсүп келе жаткан күчүн, бир кезде Спартага каршы өсүп келе жаткан Афинанын абалындагыдай, ооздуктоого жетиштүү басым көрсөтө алабы? Ошондой эле Америка үстөмдүк кылган жана өз үстөмдүгүн улантууга чечкиндүү Спартанын ролун өзү үчүн сактап кала алабы? Кыскасы, ал кайра-кайра катышпай турганын жарыялаган Кытайды Кансыз согушка тарта алабы?

Бээжиндин эсеби боюнча, Американын чагымын жокко чыгаруу үчүн ага жооп берүүнүн зарылдыгы жок. Ал эми Вашингтондун эсеби боюнча, үзгүлтүксүз жана күчтүү басым кандай гана жооп болбосун абалды өзгөртөт. Бейшембидеги жолугушуу болсо азыркыга чейин негизги өзгөчөлүгү эки оюнчу кайсы оюнду ойноп жатканы боюнча да бир пикирге келе элек болгон күрөштөгү кезектеги гана жүрүш.

Ал эми эки миллиарддык мусулман үммөтүнүн абалы Бадр күнү Абу Суфян жөнүндө айтылгандай: (ليس في العير ولا في النفير)

«Кербенде да жок, кошуунда да жок!» болуп турганыдыгы кайгыга салып, тынчсыздандырып турат. Дүйнөлүк күчтөрдүн ортосундагы оюндун эрежелерин өзгөртө ала турган жалгыз кубат болгон Исламдын жана мусулмандардын кубаты дагы деле күрөш майданында жок. Ал кубат болмоюнча дүйнө тынчтыкка да, бейпилдикке да, коопсуздукка да, адилеттүүлүккө да жете албайт.

﴿لَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا بِالْبَيِّنَاتِ وَأَنزَلْنَا مَعَهُمُ الْكِتَابَ وَالْمِيزَانَ لِيَقُومَ النَّاسُ بِالْقِسْطِ﴾

«Ант болсун, Биз Өз пайгамбарларыбызды анык далил-кереметтер менен жибердик жана алар менен бирге Китеп, ошондой эле адамдар адилеттүүлүктү тургузуулары үчүн тараза түшүрдүк». (Хадид: 25).

Др. Мухаммад Жилани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button