Комментарий

Америка өзүнөн жардам сураган Сауд режимин таштап кетти!

Америка өзүнөн жардам сураган Сауд режимин таштап кетти!

Америка президенти Трамп ишемби күнү, 12сентябрда Ирландияга жасаган сапары учурунда: «Хусийлер АКШдан Йеменге кийлигишпөөнү сурашты», — деди. Ал дагы: «Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк… Хусийлер биз менен байланышты, алар биз менен согушууну да, биздин аларга чабуул жасашыбызды да каалашпайт», — деп кошумчалады. Ошондой эле ал: «Аймакта баары жакшы жана эң сонун болот», — деди. Ал Ибн Салман менен сүйлөшкөнүн да айтып, аны «дос» деп сыпаттады.

Ал эми, эки булак Рейтер агенттигине жума күнү, 11-сентябрда буга карама-каршы түрдө Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Ибн Салман бейшемби күнү, 10сентябрда хусийлерге каршы согушта аскерий жардам суроо үчүн Трамп менен кеминде эки жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдиришти. Эки булактын айтымында, Вашингтон акырында Эр-Риядга азыркы учурда түздөн-түз аскерий аракетке барууну көздөбөй турганын, бирок чалгындоо маалыматтарын бөлүшүү жана буталарды аныктоо аркылуу жардам көрсөтөрүн билдирген.

Аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону өтүнгөн Америка администрациясынын жогорку даражалуу кызматкери Вашингтон Сауд Арабиясы жана Йемен өкмөтү менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп жатканын айтты. (Би-Би-Си Арабча).

Комментарий:

Сауд Арабиясынын Америкадан мындай жардам сурашы Йемендин түштүгүндөгү ага караштуу күчтөрдүн хусий күчтөрүнө каршы тура албай калганынан кийин болду. Хусий күчтөрү өткөн жума жана ишемби күндөрү күтүүсүз чабуул жасап, Бабул-Мандеб аймагын, Кызыл деңизге караган Йемендин батыш жээгин жана кысыктагы айрым чакан аралдарды өз көзөмөлүнө алууну аякташты. Бул Азия менен Африканы Европа менен байланыштырган маанилүү стратегиялык суу жолундагы деңиз кыймылынын тагдырына байланыштуу тынчсызданууну жараткан жана Сауд Арабиясынын мунай экспортуна коркунуч туудурган күтүүсүз, кескин кадам болду.

Адаттагыдай эле, Америка өзүнүн малайларын таштап койду жана алар миллиарддаган долларларды төлөп жатканына карабастан, аларды коргоо үчүн кийлигишкен жок. Мында Американы ээрчигендер жакшы түшүнүүгө тийиш болгон чоң сабак бар. Башкача айтканда, Америкага таянуу аларды кулап түшүүдөн да, ачык-айкын зыяндан да куткара албайт.

Бул абал жасалма режимдер, айрыкча Булуң аймагындагы режимдердин ажалы жакындаганын, жок болуунун босогосунда турганын билдирет. О.э Ислам үммөтү аларды курчап калган көптөгөн коркунучтардан коргобой турганын, алардын ордун басууга исламий мабдаий альтернатива даяр экенин жана кожоюндары алардан баш тартып жаткан учурда, алардын кыйрашына исламий үммөт өкүнбөй турганын түшүнүүгө тийиш.

Ахмад Ал-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button