Ар бириңер жоопкерсиңер

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ар бириңер жоопкерсиңер
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ مَسْلَمَةَ، عَنْ مَالِكٍ، عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ دِينَارٍ، عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «أَلَا كُلُّكُمْ رَاعٍ، وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، فَالْأَمِيرُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ عَلَيْهِمْ، وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُمْ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ، وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُمْ، وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى بَيْتِ بَعْلِهَا وَوَلَدِهِ، وَهِيَ مَسْئُولَةٌ عَنْهُمْ، وَالْعَبْدُ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ، وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُ، فَكُلُّكُمْ رَاعٍ، وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ» (سنن أبي داوود 2585)
Абдулла бин Маслама Абдулла бин Умардан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, мындай деген: “Ар бириңер жооптуусуңар жана ар бириңер өз кармагындагылар үчүн жоопкерсиңер. Элди башкарган аким алардын үстүнөн жооптуу жана ал алар үчүн жооп берет. Ал эми эркек өз үй-бүлөсүнүн үстүнөн жоопту жана ал алар үчүн жооп берет. Аял күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына жоопту жана ал алар үчүн жооп берет. Кул кожоюнунун мүлкүнө жоопту жана ал үчүн жооп берет. Ошондуктан, ар бириңер жооптуусуңар жана ар бириңер өз кол алдындагылар үчүн жооп бересиңер” (Сунан Абу Дауд 2585).
Урматтуу бир туугандар:
Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мухаммаддын жолу:
Бул асыл хадис бизге сак саламат жана ынтымактуу коомдун бардык мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттер жана милдеттердин бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалымат берет. Анын башында хадис Кыямат күнү Аллах Тааланын алдында ар бир кичине жана чоң маселе боюнча сурак болооруна багыттайт.
Аллах адамдарды бири-бири менен көптөгөн мамилелер аркылуу байланыша турган кылып жараткан, бул жоопкерчиликтерди талап кылат. Андан кийин улуу Элчи алардын эң жогоркусунан, эң чоңунан жана эң кеңирисинен баштап, мисалдарды келтирди. Бул башкаруучунун өз карамагындагыларга карата жоопкерчилиги, жана бул жоопкерчилик андан бул тууралуу суракка алынышын, ал аны туура аткарганбы же кемчилик кетиргенби деген суроону камтыйт.
Андан кийин сөз үй-бүлөнүн башчысы болгон бекем чеп ата жөнүндө болду, анткени ага Аллах өз үй-бүлөсүнө кам көрүүсүнө ишенип үй бүлөсүн ага тапшырган, ошондуктан ал алар үчүн жооптуу. Андан кийин, аял үчүн, ал үй үчүн, анын милдеттери жана иши үчүн да жооптуу, анткени Аллах ага парз кылган. Ошондуктан ал күйөөсүнө, үйүнө жана балдарына карата милдеттерин кандай аткаргандыгы үчүн суралат.
Андан кийин хадисте кожоюнуна кызмат кылган кул жөнүндө айтылат, ал ошондой эле кожоюнунун мал мүлкүнө жооптуу жана камкорчусу болуп саналат жана ал бул тууралуу Аллахтын алдында суралат.
Бул хадистин таң калтыра турган жери, Пайгамбарыбыз хадисти баштагандагы сөздү аягында да кайталаган. Бул маселенин өтө маанилүүлүгүнөн улам жоопкерчиликтин жана ишенимдин ар тараптуулугун баса белгилөө үчүн айтылгандыгын.
Биз Аллахтан бизге ишенип тапшырылган милдеттерди аткарууга жана аларды Ал сүйгөндөй эң жакшы жол менен аткарууга жардам сурайбыз. аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 20–жумаадил уула.
2026-ж, 31–октябрь.
