Байлар менен жакырлардын кирешесинин айырмасы 9,5 эсеге жетти

Байлар менен жакырлардын кирешесинин айырмасы 9,5 эсеге жетти
Кыргызстанда калктын кирешесиндеги ажырым олуттуу өзгөрүп барууда. Өлкөдөгү акча каражаттарынын дээрлик жарымы калктын эң бай 20 пайызынын колунда топтолсо, жакыр катмарга жалпы кирешенин аз гана бөлүгү тиет.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын тогуз айы боюнча жарыяланган азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык жөнүндөгү маалыматында айтылат.
Статистикага ылайык, калктын эң бай 20 пайызы өлкөдөгү жалпы акчалай кирешенин 48,6 пайызына ээлик кылат. Ал эми эң аз камсыз болгон 20 пайыз жаранга жалпы кирешенин болгону 5,1 пайызы туура келет. Башкача айтканда, бай катмардын кирешеси жакыр катмардын кирешесинен 9,5 эсе көп.
Комментарий:
Бул көрсөткүчтөр өлкөдө социалдык-экономикалык теңсиздик терең экенин жана калктын басымдуу бөлүгү жалпы кирешени бөлүштүрүүдө аз үлүшкө ээ болуп жатканын көрсөтөт. Экономикалык өсүш тууралуу айтылып жаткан көрсөткүчтөргө карабастан, анын натыйжасы карапайым калктын турмушунда сезилип жатканы байкалбайт.
Учурда капитализм системасы дүйнөдө өкүм сүрүп жаткандыктан, мындай теңсиздик өлкөбүзгө гана мүнөздүү көрүнүш эмес. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция. Себеби, дүйнөдө байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым курч көйгөй бойдон калууда. Планетанын байлыгы калктын аз гана бөлүгүнүн колуна топтолуп, миллиарддаган адамдар дүйнөлүк кирешеден өтө аз үлүш алып жатышат.
“Дүйнөдөгү теңсиздик жөнүндө баяндамада” көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, дүйнөдөгү эң бай 10 пайыз адам жалпы кирешенин 52 пайызына ээлик кылат. Ал эми дүйнө калкынын эң жакыр жарымына дүйнөлүк кирешенин болгону 8,5 пайызы гана туура келет.
Мүлккө ээ болуудагы абал мындан да коркунучтуу көрүнүшкө ээ. Дүйнөдөгү эң жакыр 50 пайыз калктын колунда жалпы активдердин болгону 2 пайызы бар. Ошол эле учурда эң бай 10 пайыз адам дүйнөлүк активдердин 76 пайызын көзөмөлдөйт.
Изилдөөдө дүйнөлүк экономикалык теңсиздик XX кылымдын башындагы Батыш империализми күч алган мезгилдеги деңгээлден да ашып кеткени белгиленет. Маселен, 1820-жылы дүйнөдөгү эң бай 10 пайыз адамдын орточо кирешеси жакыр 50 пайыз калктын орточо кирешесинен 18 эсе көп болгон. Ал эми 2020-жылы бул айырма 38 эсеге жетти.
Мындай көрсөткүчтөр дүйнөлүк экономикадагы өсүштүн натыйжасы калк арасында бирдей бөлүштүрүлбөй жатканын айгинелейт. Бир жагында эбегейсиз байлык топтогон бир ууч катмар турса, экинчи жагында дүйнөлүк байлыктын дээрлик эч кандай үлүшүнө ээ болбогон миллиарддаган адамдар турат. Демек, бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири байлыктын көлөмүндө эмес, анын бир ууч адамдардын колуна топтолуп жатканында.
Мындай теңсиздикке учурда колдонулуп жаткан капитализм системасы жол ачып берет. Себеби, бул системада дүйнөдөгү ар кандай кен байлыктар сыяктуу жалпы байлыктар жеке менчикке берилет. Анын натыйжасында эң бай калк бул ресурстарга, мүлктөргө ээ болуп алышат. Ар кандай кен байлыктар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр алардын колуна өтөт. Ал эми, жалпы калктын чоң бөлүгүн түзгөн адамдар бул кирешелерден, кен байлыктардан курулай калып, жакырчылыкта жашоого аргасыз болушат.
Бүгүнкү күндө инвесторлор көбөйдү, ички дүң продукция рекорддук деңгээлге жетти деп айтылып жатканы менен, калың эл дале жакыр жашап жатат. Себеби, инвестиция деген ураан астында кен байлыктарыбыз, жолдор жана башка объектилер жеке тараптарга берилүүдө. Арийне, мындай жагдай байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырымды ого бетер күчөтүшү табигый.
Ислам мындай теңсизикке жол бербеген системага ээ. Исламда мүлкчүлүк капитализм системасынан кескин айырмаланат. Ага ылайык, мүлк үч түргө бөлүнөт: мамлекеттик мүлк, жалпы мүлк, жеке мүлк.
Мамлекеттик мүлккө олжо, хирож, жизя сыяктуу мүлктөрдүн түрү кирет. Мамлекет аларды өзүнүн көз карашына ылайык башкарат. Ал эми зекет мамлекеттин ээлигине кирген мүлк эмес. Ал шариятта так белгиленген адамдарга гана бөлүштүрүлүп берилет.
Андан кийин жалпы мүлккө жер асты жана үстүндөгү кен байлыктар сыяктуу коомдук мүлктөр кирет. Бул мүлк жеке менчикке да, мамлекетке да ээлик кылып каалагандай башкаруусуна берилбейт. Алар жана алардын кирешелери элдин зарылдыгына гана иштетилет.
Жеке менчикке адамдар иштеп тапкан байлык, мурас, мамлекет тарабынан берилген каражат сыяктуу байлыктар кирет. Адамдар аларды өз зарылдыгына жарашат иштетет.
Мүлктөрдүн мына ушундай айырмаланып белгилениши коом арасында байлык жана кирешелердин адилеттүү бөлүштүрүлүшүнө алып келет. Натыйжада коом арасында жакыр менен байлардын кескин ажырымына жол берилбейт. Себеби, капитализмдегидей ресурстар, объектилер, жолдор жана башка коом үчүн зарыл болгон нерселер жеке менчикке берилип кетпейт.
Мындан тышкары, Исламдагы зекет системасы байлыктын бир ууч адамдын топтолушуна жол бербейт. Тескерисинче, Куранда белгиленген муктаж адамдарга туруктуу бөлүштүрүлөт.
Харун Абдулхак




