Бразилиядагы 2026-жылкы шайлоо — Американын бетине урулган сокку

Бразилиядагы 2026-жылкы шайлоо — Американын бетине урулган сокку
2026-жылдын 25-октябрында Бразилияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болуп өттү. Бул шайлоо президент Луланын жеңиши менен аяктап, анын төртүнчү президенттик мөөнөткө кайра шайланышына алып келди. Бул төртүнчү мөөнөтү үчүнчү мөөнөтүнүн түздөн-түз уландысы болуп, бирок биринчи жана экинчи мөөнөттөрүнөн өзүнчө болуп эсептелет. Солчул лидер Лула экинчи айлампада өзүнүн атаандашы, ашынган оңчул Флавиону — мурдагы президент Болсонарунун уулун жеңди. Учурда Болсонару мурдагы шайлоонун жыйынтыктарына каршы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетин пландаштырган деген айып менен камакта отурат. Ал шайлоодо да Лула Болсонарунун атасын жеңген эле.
Бул шайлоо жалпы Латын Америкасында, айрыкча Бразилияда чыңалган кырдаалда өттү. Латын Америкасында Трампты колдогон ашынган оңчул күчтөрдүн таасири күчөп, Америка континентиндеги 19 мамлекеттен турган «Америка калканы» альянсы түзүлдү. Анын расмий жарыяланган максаты уюшкан кылмыштуу топторго, баңгизат соодасына жана аткезчилигине, ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү. Бирок анын чыныгы максаты Батыш жарым шарында Американын үстөмдүгүн ырастоо жана бекемдөө, ошондой эле Кытайдын соода тармагындагы таасирине чек коюу болуп саналат.
Ушул эле алкакта Американы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери тынчсыздандырып келген Венесуэла маселеси да чечилди. Президент Мадурого жакын турган жетекчиликке жана аскерий чөйрөлөргө кирип баруу аркылуу Америкага Каракас борборунда аскерий операция жүргүзүү жана Мадурону камакка алуу жеңилдеди! Натыйжада Америка Венесуэланын мунайын эч кандай кыйынчылыксыз, даяр олжо катары колго алды.
Трамп Америка бийлигине кайра келгенден кийин, Бразилиядагы терең мамлекет жана анын негизги тиректеринин бири болгон аскерий мекеме Трамптын Бразилиядагы таасирине каршы турууну чечти. Анткени алар 2022-жылкы шайлоодо мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинин планына кошулуудан баш тартышканы үчүн Трамп жана анын тарапташтары өч алат деп коркушту.
Ошол эле учурда Америка Бразилиянын сейрек кездешүүчү минералдарына көз артып келет. Анткени Бразилия бул минералдардын запасы боюнча Кытайдан кийинки дүйнөдө экинчи орунда турат жана дүйнөлүк запастын болжол менен 23%ына ээ. Америка улам күчөп жаткан кысым көрсөтүү саясаттарына жана жумшак дипломатиялык аракеттерине карабастан, Бразилияны өзүнө баш ийдире алган жок.
Ошондуктан Америка ашынган оңчул күчтөрдү жана президенттик шайлоодо өзүнүн тарапташы Флавиону колдоону улантты. Ал үчүн технологиялык компанияларды анын кызматына иштетип, Лула менен Бразилиянын сот бийлигине чабуул жасаган үгүтчүлөрүн каржылады.
Ашынган оңчулдар элди мобилизациялоодо евангелисттик чиркөөлөргө таянышты. Бул чиркөөлөр сионизмди колдогон саясий багытты тагдыр чечүүчү акыйдавий робыта менен байланыштырууга аракет кылышты. Алардын элди мобилизациялоо иштери Американын тарапташтарынын ушул уюктарында топтолду. Акса ташкыны операциясынан кийин бул чакырык ого бетер катаал жана жек көрүүгө толгон мүнөзгө ээ болду!
Албетте, мунун баары динди саясий кызыкчылыктар үчүн пайдалануунун жана сокур жек көрүүчүлүккө үндөгөн сөздөрдү жайылтуунун алкагына кирет.
Бул тарапташтардын көңүл бурдурган эң таң калычтуу өзгөчөлүктөрүнүн бири — кайсы бир кылмышкердин чыры канчалык катуу жаңырып, анын кылмышынын бети канчалык ачылган сайын, алар ошончолук жырткычтанып, ал кылмышкерди ого бетер катуу коргоого өтүшөт! Бул алардын табияты канчалык терең бузулганын, ахлактарынын канчалык жийиркеничтүү экенин жана акыл-эстен ажыраганын көрсөтүп турат.
Ушундай аймактык жана ички кысым шарттарда Бразилияда шайлоо өнөктүктөрү башталды. Бирок аскерий мекеменин жана терең мамлекеттин чечими президент Луланын 2026-жылдын 22-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйынынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө ачык-айкын көрүндү. Анын сөзү Монро доктринасын четке кагуунун, өлкөдөгү Американын таасирин токтотуунун расмий жарыясы жана бийликте Американын тарапташтарынын болушуна жол бербеген эгемендүүлүк долбоорун ишке ашыруу багытында бара жатканынын көрсөткүчү болду.
Өлкөдө шайлоо беш категориядагы кызмат орундарына талапкерлер арасында өткөрүлдү. Алар: мамлекет башчысы, штаттардын губернаторлору, Сенат мүчөлөрүнүн үчтөн бири, Федералдык өкүлдөр палатасынын жана штаттардын мыйзам чыгаруу палаталарынын депутаттары. Шайлоонун биринчи айлампасы 2026-жылдын 4-октябрында башталды. Анын жыйынтыктары ашынган оңчулдардын эл арасындагы эбегейсиз күчүн ачык көрсөттү. Алар президенттик шайлоодон башка төрт категорияда президент Лулага караштуу солчулдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп добуш алышты!
Бирок таң калычтуу жагдай — президенттикке талапкерлер категориясында Лула менен Флавионун ортосундагы айырма аз болуп, Флавио болгону 2% артыкчылыкка ээ болду. Бул оңчул тараптагы элдин солчулдарга болгон жек көрүүсү негизинен президент Луланын өзүнө багытталганына карабастан ушундай болду!
Анда кандайча штаттардагы губернаторлукка, Сенатка жана өкүлдөр палаталарына талапкер болгон Луланын тарапташтары эки эсе айырма менен жеңилип, Луланын өзүнө берилген добуштар Флавионун добуштары менен дээрлик тең болуп калды?! Мындан да таң калычтуусу — ашынган оңчулдар өздөрүнүн акылсыздыгы жана аңкоолугу менен шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыктарын кабыл алып гана тим болбостон, жеңишин майрамдоого да киришишти.
Биринчи айлампанын алдында солчулдар оңчулдардын диний чакырыктарды саясий максатта пайдалануу факторуна көңүл бурушкан эле. Ошондуктан алар евангелисттердин Бразилиянын символу болгон католик олуясын четке кагуу маселесин көтөрө башташты. Бирок католиктерди мындай жол менен козутуу төрт жылдан ашуун убакыттан бери көчөлөрдө уланып келген евангелисттердин акыйдавий негиздеги мобилизациясын бир нече күндүн же аптанын ичинде иш жүзүндө өзгөртө алмак эмес! Бирок бул фактор элдин активдешүүсүнө, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин, студенттердин кыймылга келишине жардам берди. Бул социалдык тармактардагы максаттуу жана уюшкан ишмердүүлүк менен бир мезгилде жүрдү.
Солчулдар шайлоонун экинчи айлампасындагы өнөктүк учурунда көчөлөрдөгү массалык жыйындарда да, социалдык тармактарда да чоң активдүүлүккө жетише алышканына карабастан, мунун баары сионисттик чиркөөлөр аркылуу жайылтылган жек көрүүчүлүк чакырыктары калыптандырган эбегейсиз популярдуулук айырмасын жоюп, шайлоо теңдемесин иш жүзүндө өзгөртүүгө жетиштүү болмок эмес. Бирок мындай элдик мобилизация Америкага каршы турган аскерий мекеменин шайлоо урналары аркылуу ишке ашырган чечимине демократиялык өң берүү үчүн зарыл эле. Бул Американын жана анын тарапташтарынын жеңилүүсүн жана ызасын ого бетер күчөтмөк. Бул бир жагынан.
Экинчи жагынан караганда, мындай элдик мобилизация президент Луланын мөөнөтү жаңылангандан кийинки мезгил үчүн жана өлкө ичинде Американын таасирине каршы жүргүзүлө турган саясаттар үчүн да зарыл. Анткени мындай саясаттар бардык тармактарда аларды колдой турган күчтүү элдик колдоого муктаж.
Чындыгында, Монро доктринасын четке кагуу жана Америкага көз карандылыкты токтотуу жөнүндө сөз кылуу эгемендүү тараптан гана чыгышы же толук эгемендүүлүккө ээ болгон тарапка таянышы керек. Көз карандылыкты четке кагуу жана эгемендүүлүк долбоорун ишке ашыруу багытында жүрүү жөнүндөгү билдирүүдөн келип чыккан айрым талаптар бар. Көрүнүп тургандай, Бразилия мамлекети аларды кабыл алган жана аларга ылайык иш алып барууда.
Биринчиден: Евангелисттик чиркөөнүн коркунучуна көңүл буруу, анын коррупциялык иштерин жана тышкы саясат менен байланыштарын ачыкка чыгаруу, ошондой эле анын ишмердүүлүгүн кылмыш катары таануу.
Экинчиден: Ашынган оңчулдардын ири жетекчилеринин, айрыкча маанилүү жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдардын жана ишкерлердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгаруу.
Үчүнчүдөн: Американын Бразилиядагы таасирин жоюу Бразилиянын географиялык чек аралары менен гана чектелбестен, Латын Америкасындагы аймактык чөйрөдө коңшу мамлекеттерге да жайылат. Парагвайдагы «У-Айно» банкынын чуулгандуу иштерин ачыкка чыгарууда Бразилиянын да колу болушу ыктымал.
Төртүнчүдөн: Чет өлкөлүк, айрыкча америкалык технологиялык компаниялардын ишмердүүлүгүн чектөө жана аларга айып пул салуу. Ошондой эле өндүрүштү жана өнөр жайды жандандыруу аркылуу жергиликтүү жана аймактык альтернативаларды түзүүгө түздөн-түз киришүү.
Бешинчиден: Американын таасиринен жана ага көз карандылыктан алыс болгон жаңы базарларды жана экономикалык өнөктөштөрдү издөө.
Жыйынтыктап айтканда, Америка өзүнүн акылсыздыгы менен Бразилияда өзүнө эң чоң душманды жаратып алгандай. Анткени Трамптын бийликке кайра келишине жол бергенден кийин, Америка 2022-жылкы шайлоодо Монро доктринасына ылайык расмий администрацияга баш ийүү принцибин карманган Бразилиянын аскерий мекемесинин жетекчилигинен өч алуу менен «сыйлады»! Ошентип, Америка өзүнүн ач көздүгү жана акылсыздыгы менен армиянын жетекчилигин Луладан коргоо издөөгө түртүп, аларды Америкага болгон көз карандылыктан бошонууга мажбур кылууда.
Роя гезити
Устаз Ясир Абу Халил – Бразилия




