Газадагы кыргын согушуна миң күн болду Жихад жана баатырдык майдандары дагы эле үммөттү жана анын аскерлерин чакырып жатат

Басма сөз баянаты
Газадагы кыргын согушуна миң күн болду
Жихад жана баатырдык майдандары дагы эле үммөттү жана анын аскерлерин чакырып жатат
Газадагы Өкмөттүк маалымат кеңсеси яхудий түзүмү 2023-жылдын 7-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүп жаткан геноцидден бери өткөн 1000 күндүн ичинде Газа тилкесиндеги гуманитардык, турмуштук жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы абал, ошондой эле келтирилген кыйроолор тууралуу үрөй учурган статистикаларды жана маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, 21 500дөн ашуун бала шахид болду. Алардын арасында 1022 ымыркай бар. Жалпы шахиддердин саны 73 066 адамга жетти. Жарадар болгондордун саны болсо 173 514кө жетип, алардын арасында 44 500дөн ашуун бала бар. Ошол эле учурда болжол менен 9500 адам дагы эле дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө. Алар кыйраган имараттардын урандылары алдында калган болушу мүмкүн. Маалымат кеңсеси Газа тилкесиндеги имараттардын 90%дан ашыгы талкаланганын билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 11 миңден ашуун бала өмүрүнүн нугун өзгөрткөн оор жаракаттарды алганын маалымдады. Алардын ичинде 4 миңге чейин баланын буту-колун кесүүгө туура келген учурлар бар болуп, алардын көбү өтө оор медициналык шарттарда жасалган.
Өкмөттүк маалымат кеңсесинин маалыматына ылайык, туура эмес тамактануудан 460 адам каза болгон. Алардын арасында 164 бала бар. Мындан тышкары, аба температурасынын төмөндөшүнөн улам жер которгондор жашаган лагерлерде 28 жер которгон адам каза болгон, алардын көпчүлүгү балдар эле.
Маалыматтарга ылайык, 2700дөн ашуун үй-бүлө толугу менен жок кылынган. Ал эми 6020 үй-бүлөдөн бир гана адам тирүү калган. Ошондой эле жетим калган балдардын саны 58 800дөн ашты. Алардын арасында 2700 бала ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган. Ал эми жесир аялдардын саны 26 370ке жетти.
Миң күндүк геноцид жана кылмышкерлик мына ушундай кайгылуу сандарды жана статистикаларды калтырды. Алар яхудий түзүмүнүн жырткычтыгына күбө болуп калды. Алардын мыкаачылыгынан адам да, дарак да, таш да, атүгүл энелеринин курсагындагы түйүлдүктөр да аман калган жок. Алар Газага эки өзөктүк бомбанын кубатына тете көлөмдө бомба жана жардыргычтарды жаадырып, андагы жашоонун бардык негиздерин: үйлөрдү, инфраструктураны, мектептерди, университеттерди, ооруканаларды, саламаттык сактоо борборлорун, мечиттерди, баш калкалоочу жайларды, ал тургай жер которгондордун чатырларын да кыйратышты.
Миң күндүк геноцид жана кылмышкерлик эл аралык түзүмдүн жана анын мекемелеринин, эң башында турган Американын эки жүздүүлүгүнө жана кутумуна күбө болду. Америка бул кылмышкер түзүмдү күч-кубат жана жашап калуу каражаттары менен камсыздап, ага кыйраткыч курал-жарактарды жана акча каражаттарын берип, бул геноциддин шериги болду.
Миң күндүк кыргындар мусулман башкаруучуларынын, айрыкча коңшу өлкөлөрдүн башкаруучуларынын чыккынчылыгына, кутумуна жана пастыгына күбө болду. Алар бул геноцидди токтотуу үчүн эч кандай аракет кылышкан жок. Тескерисинче, андан да жаманы алар яхудий түзүмүн коргогон «Темир күмбөзгө» айланып, анын учактары үчүн аба мейкиндигин ачып берип, кылмыштарын жасоосуна шарт түзүштү. Ошондой эле ага азык-түлүк, күйүүчү май жана кийим-кече жеткирүүчү көпүрөлөрдү уюштурушту. Ошол эле учурда Газа элин курчоого алып, баскынчы яхудий түзүмүнүн чек араларын кайтарышты.
Миң күн өтсө да, үммөттүн аракеттери болуп жаткан окуянын деңгээлине жеткен жок. Анткени үммөттү мазлумга адилеттик бербеген, душманды токтотпогон сөздөр жана чечимдер менен алаксытып жатышат. Ошондой эле алардын көңүлүн башкаруучулардын сарайларына барып, алардын тактарын кулатууга жана аскерлердин казармаларына барып, чек араларды бузуп, яхудий түзүмүн жок кылуу милдетин эске салууга бурушпай жатат.
Миң күн өттү. Үммөттүн Египет жана Түркия сыяктуу күчтөрү, аскердик даярдыгы жана курал-жарагы яхудий түзүмүн күндүн бир саатында эле жок кылууга жетчү армиялары болсо да, аларды болуп өткөн кыргындар, төгүлгөн таза кандар, жардам сураган кыйкырыктар, оорулуулар менен жарадарлардын онтоолору, ачка калтырылган бир туугандарынын курсактарынын күрүлдөшү да козгой алган жок. Эми алар кордук менен басынган абалдын чаңын силкип таштап, жаратылганга моюн сунуудан Жаратуучуга моюн сунууга өтүп, бул дүйнө жана акыреттеги шерменделиктен арылчу убакыт жеткен жокпу?!
Эй мусулмандар! “Газадагы согуш токтоду, таза кандар төгүлбөй калды, жоготуулар менен азаптар аяктады, ачарчылык кайра кайтып келбегидей болуп бүттү, яхудий түзүмү кандайдыр бир келишимге же элдешүүгө баш ийди” — деп ойлогон адам жаңылышат. Газа экрандардан жоголсо же атайылап көрсөтүлбөй калса да, майдандардын ызы-чуусу бомбалоолордун үнүн жана азап менен жоготуунун кыйкырыктарын басып кетсе да, геноцид, курчоо жана ачарчылык согушу дагы эле уланууда. Ошондой эле Трамп жана анын жалган жалаа менен «Тынчтык кеңеши» деп аталган кеңеши дагы деле Газа элине каршы айла-амал кылып, аларга тузак даярдоодо.
Эй Ислам үммөтү жана анын армиялары! Аллахка өзүңөрдөн жакшылыкты көрсөткүлө. Мына, чыныгы жихад жана баатырдык майдандары силерди чакырып жатат. Жалган чемпиондуктардын стадиондору эмес!
﴿انْفِرُوا خِفَافاً وَثِقَالاً وَجَاهِدُوا بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾
«(Эй момундар), мейли жеңил, мейли оор абалыңарда (тактап айтканда, кааласаңар да, каалабасаңар да согушка) чыккыла жана мал жаныңар менен Алла жолунда күрөшкүлө! Эгер билсеңер, мына ушул өзүңөр үчүн жакшыраак». (Тообо: 41).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
08.07.26




