Дүйнөлүк каржылык кыйроонун негизги себептери

Дүйнөлүк каржылык кыйроонун негизги себептери
Дүйнөлүк каржылык кризистер капыстан пайда болгон окуялар эмес, о.э. бош жерден чыккан көрүнүш же базардагы убактылуу олку-солку нерсе эмес. Тескерисинче, алар дүйнөлүк каржы жана экономикалык системанын негизин ичинен жеп жаткан түзүмдүк бузулуулар узак убакыт бою топтолушунун натыйжасы болуп саналат. Байлык өндүрүшкө караганда көбүрөөк карыздын негизинде курулуп, базарлар чыныгы инвестициянын ордуна алып-сатарлыктын аянтына айланып, акча өндүрүмдүү экономикадан ажыраганда, кыйроо табигый жыйынтыкка айланат. Анын качан болору убакыт маселеси гана болуп калат.
Акыркы ондогон жылдарда дүйнө дүйнөлүк каржы системасынын алсыздыгын ашкерелеген бир катар каржылык кризистерге күбө болду. Бул кризистерди жоюу үчүн колдонулган чаралар көйгөйдүн тамырын чечпестен, болгону анын жарылышын кечеңдетип, масштабын кеңейткенин көрсөттү. Ар бир кризис насыялоону дагы көбөйтүү, ликвиддүүлүктү жогорулатуу жана каржылык инструменттерге болгон көз карандылыкты тереңдетүү аркылуу тосуп алынды. Натыйжада, системанын өзү эле өз ичинде туруксуздуктун себептерин алып жүргөн абалга келди.
Ошондуктан бүгүнкү күндө дүйнө күбө болуп жаткан кризистер өзгөчө окуялардын же убактылуу каталардын натыйжасы эмес, алар ондогон жылдар бою топтолгон түзүмдүк бузулуулардан келип чыккан. Ал бузулуулар каржы системасынын табиятынын ажырагыс бөлүгүнө айланып калды. Дал ушул бузулуулар кризистердин түздөн-түз себептери же келип чыгуу убактысы ар башка болгонуна карабастан, алардын мезгил-мезгили менен кайталанышына алып келет.
Биринчиден: карыздардын болуп көрбөгөндөй өсүшү
Карыздардын ашкере көбөйүшү дүйнөлүк экономиканын алдында турган эң кооптуу чакырыктардын бири болуп эсептелет. Карыздар эми өкмөттөр менен гана чектелбестен, компанияларга, жеке адамдарга жана каржы мекемелерине чейин жайылып, дүйнөлүк экономика үчүн улам өсүп жаткан оор жүккө айланды. Сүткорлук пайыздарынын көп жылдар бою төмөн деңгээлде кармалышы жана карыз алуунун кескин кеңейиши карыздардын көлөмүнүн болуп көрбөгөндөй өсүшүнө алып келди. Бирок бул өсүш өндүрүштүн же реалдуу экономиканын чыныгы өсүшү менен коштолгон жок. Ал эми карызды тейлөө барган сайын оорлогондо, мамлекеттер мурдагы карыздарын төлөө үчүн кайрадан карыз алууга аргасыз болушат. Ошентип, алар чыгуу кыйын болгон карызга баткагында калышат.
Экинчиден: акча басып чыгаруунун кеңейиши
Алтын стандарты ташталгандан бери борбордук банктар өндүрүшкө же алтын резервдерине түздөн-түз байланышы жок эле ири көлөмдө акча чыгарууга жөндөмдүү болуп калышты. Бул саясат өзгөчө 2008-жылдагы дүйнөлүк каржылык кризистен кийин, андан соң коронавирус пандемиясы учурунда дагы кеңири колдонулду. Ошол кезде «сандык жеңилдетүү» саясатынын алкагында базарларга триллиондогон долларлар куюлган. Бул чаралар кыска мөөнөттө каржылык кыйроону кечеңдетүүгө көмөк көрсөткөнү менен, инфляция деңгээлинин өсүшүнө, каржылык көбүктөрдүн пайда болушуна жана валюталардын сатып алуу жөндөмүнүн алсырашына алып келди.
Үчүнчүдөн: реалдуу экономиканын эсебинен каржылык экономиканын ашкере чоңоюшу
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк капитал агымынын басымдуу бөлүгү өндүрүшкө багытталган инвестицияларга эмес, каржы базарларына багытталууда. Акциялар, облигациялар, фьючерстик келишимдер жана каржылык туундулар боюнча алып-сатарлык кеңири жайылып, каржылык операциялардын көлөмү реалдуу экономика өндүргөн товарлар менен кызматтардын наркынан бир нече эсеге ашып кетти. Акча өндүрүштөн ажыраганда, базарлар кескин өзгөрүүлөргө жана күтүлбөгөн кыйроолорго көбүрөөк дуушар болот. Анткени баалар эми активдердин чыныгы наркын эмес, инвесторлордун күтүүлөрүн жана алып-сатарлык толкундарын чагылдыра баштайт.
Төртүнчүдөн: банк системасынын назиктиги
Заманбап банк системасы жарым-жартылай резерв принцибине негизделет. Ага ылайык, банктар аманатчылардын каражаттарынын аз гана бөлүгүн резервде сактап, калган негизги бөлүгүн насыяга беришет. Бул система ишеним сакталып турган учурда кадимкидей иштейт. Бирок ишеним солгундаганда өтө сезимтал назик болуп калат. Анткени аманатчылардын көпчүлүгү бир убакта акчасын кайтарып алууга умтулса, айрым банктар өз милдеттенмелерин аткара албай калышат. Мындай көрүнүш акыркы жылдардагы бир нече банктык кризистерде байкалды, ал эми алдыдагы абал мындан да оор болот.
Бешинчиден: ашкере глобалдашуу жана экономикалардын өз ара байланышы
Глобалдашуу соода менен инвестициялардын кеңейишине өбөлгө түздү. Бирок ошол эле учурда ал экономикаларды болуп көрбөгөндөй деңгээлде бири-бирине көз каранды кылып койду. Натыйжада жергиликтүү ар кандай кризис дүйнөнүн бардык аймактарына тез тарай турган болду. Ири каржы борборлорунун бириндеги туруксуздук, жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы же геосаясий жаңжалдын чыгышы дүйнөлүк базарларда кеңири башаламандыктарды жаратууга жетиштүү. Бул коронавирус пандемиясы, энергетикалык кризис, аймактык согуштар учурунда кандай болгон болсо, бүгүнкү күндө да базарларды болуп көрбөгөндөй солкулдаткан туруксуздуктар аркылуу көрүнүп жатат.
Алтынчыдан: дүйнөлүк каржы системасынын саясатташтырылышы
Дүйнөлүк каржы системасы эми соода менен инвестицияларды жөнгө салуучу каражат гана болбой калды. Ал акырындык менен саясий таасир көрсөтүүнүн куралдарынын бирине айланды. Экономикалык санкциялар, активдерди тоңдуруу, каржылык которууларга чектөө киргизүү жана айрым мамлекеттерди эл аралык төлөм системаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу чаралар колдонулду. Мунун натыйжасында барган сайын көбүрөөк мамлекеттер Америка үстөмдүк кылган каржы системасына болгон көз карандылыгын азайта турган альтернативаларды издей башташты. Бул дүйнөлүк каржы системасынын бейтараптыгына болгон ишенимдин төмөндөшүнө жана төлөмдөр, соода жана акча резервдери жаатында альтернативдүү түзүмдөрдү түзүүгө багытталган аракеттердин тездешине алып келди.
Жетинчиден: реалдуу экономика менен каржылык экономиканын ортосундагы ажырымдын кеңейиши
Түзүмдүк бузулуунун эң көрүнүктүү белгилеринин бири – дүйнөлүк каржынын реалдуу өндүрүшкө караганда алда канча ылдам өсүшү. Көптөгөн экономикалар өсүштүн жайлашынан, жумушсуздуктун көбөйүшүнөн жана өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнөн жапа чегип жаткан учурда, кеңейтүүчү акча-кредит саясатынын натыйжасында каржылык активдердин баалары өсүүсүн улантты. Бул болсо байлыктын чектелүү катмарлардын колуна топтолушуна, экономикалык жана коомдук ажырымдын кеңейишине алып келип, системанын алсыздыгын күчөтүп, анын туруктуу жашап калуу жөндөмүн алсыратууда.
Дүйнөлүк каржы системасынын кыйрашы сөзсүз боло турган нерсе экендигинде шек жок. Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар дүйнөнүн туруктуу эмес негиздерге курулган системанын кыйрашынын ачуу даамын тата турган чечүүчү баскычка жакындап калганын ырастап турат.
Чыныгы чечим адамзатка кризистерден, кыйроолордон, инфляциядан жана рецессиядан алыс болгон, бакытты жана жыргал жашоону камсыз кыла турган экономикалык системада жатат. Анткени булардын баары капиталисттик системанын натыйжалары болуп саналат. Ошондой эле, Ислам системасы толук кандуу мабда катары адамзаттын муктаждыктарын камсыздайт. Себеби анын өкүмдөрү адамды жараткан жана ага эмне ылайыктуу экенин эң жакшы билген Жаратуучудан чыккан. Ал өкүмдөр алдамчылыкка, сүткорлукка, монополияга жана экономикалык бузукулуктун бардык себептерине бөгөт коюу үчүн түшүрүлгөн.
Чыныгы чечим – Исламды колдонуу. Бул болсо 1924-жылдан бери жок кылынган Ислам мамлекетин кайра тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Аллахтан анын кайтып келиши жакын болуусун, Аллахтын жардамы жана аны тикелөө үчүн аракет кылып жаткандардын эмгеги менен Расулуллах ﷺ доорундагыдай кайра орношун сурайбыз.
Эй мусулмандар! Чечим өзүңөрдүн колуңарда. Аны китептердин ичинде катып койбостон, аны жашоонун вакыйлыгына алып чыккыла. Ал болсо, инша Аллах, Расулуллах ﷺ сүйүнчүлөгөндөй, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө менен ишке ашат. Келгиле, кайрадан адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт бололу. Анткени Аллах момундарга, эгер алар Анын өкүмдөрүн бекем карманып, Элчисин ээрчисе, жеңишти убада кылган.
﴿وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ فَجَاءُوهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَانْتَقَمْنَا مِنَ الَّذِينَ أَجْرَمُوا وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ﴾
«(Эй Мухаммад), чынында, биз сенден мурда да пайгамбарларды өз коомдоруна жибергенбиз. Анан алар (коомдоруна) ачык – айкын далилдер келтиришкен. Кийин Биз кылмыш кылган адамдардан өч алганбыз жана ыйман келтирген заттарды үстөм кылууда Биздин мойнубуздагы чындык болгон». (Рум: 47).
Роя гезити
Устаз Набил Абдулкарим




