Комментарий

ЖККУ – көз карандылыкты бекемдеген уюм

ЖККУ – көз карандылыкты бекемдеген уюм

Садыр Жапаров 11-ноябрда Москвада өтүп жаткан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынына катышты. Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жамааттык коопсуздукту бекемдөөнү жана ЖККУ мүчөлөрү ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнү колдоорун билдирди. Ошондой эле ал эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук кылмыштарга каршы күрөшүү зарылдыгын баса белгиледи.

Комментарий: ЖККУнун бул жыйыны эл аралык абал курчуп, геосаясий атаандаштык күчөп турган учурда өтүп жатат. Мындай шартта Борбор Азия өзүнүн жайгашкан орду жана кен байлыктары менен эл аралык оюнчуларды өзүнө тартып жатат. Себеби, Борбор Азияда салттуу таасир ээси болуп келген Россия Украина согушуна малынып, аймакка созулган чеңгели зыян тартуу алдында турат. Бул жагдай, Борбор Азия үчүн күрөштү курчутту. Мындан улам, АКШ жана Кытайдын аймактагы аракеттери ылдамдап баратканын байкоого болот.

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө адам укуктары, демократия сыяктуу идеологиялык талаптарды коюуну токтотуп, түз кызматташууга өтүп жатат. АКШ үчүн Борбор Азиянын кен байлыктары, географиялык жайгашуусу маанилүү. Анткени, ал сейрек кездешүүчү металлдар жаатында Кытайга болгон көз карандылыктан чыгууну көздөп жатат. Ошондой эле, бул аймак Кытай менен чектешкендиктен, стратегиялык мүнөзгө ээ. Себеби, АКШ Кытайды чыгышынан Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр менен кысымга алган, эми батышынан да ушундай маселе жаратууну көздөйт.

Ал эми Кытай аймактагы өлкөлөр менен экономикалык кызматташуусун күчөтүүдө. Кытай Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө негизги соода өнөктөшкө айланып, бул жаатта Россиядан ашып өттү. Кытай бир гана экономикалык кызыкчылдыктарды гана эмес, аста-секин бул аймакта өз таасирин күчөтүүгө да кызыктар.

Бирок, регион КМШ, ЕАЭБ сыяктуу Россиянын таасирин бекемдеген уюмдарга байланган. Аскерий өңүттөгү ЖККУ да ошондой уюмдардын бири. Россия ал аркылуу ар кандай аскерий машыгууларды өткөрүп, региондун негизги аскерий багытын белгилейт. Муну менен ЖККУну региондогу өз таасирин сактап калууга, ири мамлекеттердин таасири кирип келишине каршы турууда пайдаланат.

Маселен, ЖККУ саммити алдынан Россия президенти билдирүү берип, эл аралык абал курчуп жатканда уюмду (ЖККУ) бекемдөөгө жана аскерий тармакта өз ара кызматтташууну күчөтүүгө чакырды.

Буга чейин ЖККУнун башкы катчысы Батыш өлкөлөрү Борбор Азияда аскерий базаларды жайгаштырууга умтулуп жатканын билдирген. Ошондой эле, ал ЖККУга кирген жана кирбеген Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары мындай сунуштарды четке кагып жатканын, региондогу мамлекеттер башка өлкөлөрдүн аскерий күчтөрү аймакта жайгашуусуна кызыктар эмес экенин баса белгилеген. Ошол эле учурда, ЖККУнун башкы катчысы Кыргызстан менен Тажикстанда Россиянын аскерий базалары турганын актап, Россиянын базалары жакшы натыйжа берип жатканын айткан.

Андыктан, мындай уюмдарды колонизаторлордун чеңгелин бекемдеген курал катары кароо керек. Бул бир гана Россияга таандык көрүнүш эмес. Себеби, ири мамлекеттер түзгөн уюмдардын баары, ошол колонизатор өлкөлөрдүн гана кызыкчылыгын коргоого багытталган. Ал тургай, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эң ири эл аралык уюм да ири колонизаторлордун кызыкчылыгын коргоп, башка өлкөлөрдү алардын көлөкөсүндө күн көрүүгө мажбур кылат. Мындан улам, эл аралык жана регионалдык уюмдар мусулмандарга эч бир бакубатчылык алып келбейт, тескерисинче алардын баары экономикалык, саясий, аскерий көз карандылыкты гана камсыздайт. Ошондуктан аларды четке кагып, үммөттү бириктирип, мусулмандардын коопсуздугун кепилдей турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу шарт!

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button