Саясий

Ирандын азыркы реалдуулугу жана Америка менен кайрадан уланган кагылышуулар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим 
Суроо-жооп
Ирандын азыркы реалдуулугу жана Америка менен кайрадан уланган кагылышуулар
Суроо:
Америка менен Ирандын ортосунда эки күндүн ичинде экинчи жолу сокку уруулар болуп жаткандыктан, Революциялык корпус жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө “АКШнын ок атышууну токтотууну бузушу 18-июнда Трамп менен Масуд Пезешкяндын ортосунда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү меморандумунун 1-беренесин бузат” деп билдирди. Буга жооп катары Трамп бүгүн эртең менен Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө согушка кайра кайтары менен коркутту: “Биз мындан ары акыл-эстүү иш-аракет кылбай турган жана миссияны чоң ийгилик менен баштагандан кийин аны аскердик жактан аягына чыгарууга аргасыз боло турган учур келиши мүмкүн…”. АКШ аскерлери ишемби күнү кечинде Кешм аралындагы объектилерге абадан сокку урганын жарыялашты, бул Иран Ормуз кысыгында мунай танкерин бутага алгандан бир нече саат өткөндөн кийин болду… (Al Arabiya Net, 28. 06. 2026). Трамп жана анын жакын өнөктөшү Нетаньяху 2026-жылдын 28-февралында Иранга кол салууну башташкан, анын жүрүшүндө Жогорку лидер жана кыркка жакын жогорку кызматтагы чиновник өлтүрүлүп, кыйроолор болгон. Бирок, Иран 2026-жылдын 18-июнунда төгүлгөн кан менен талкаланган объектилер болбогондой Трамп менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюп, ортолорунда тынчтык меморандуму түзүлдү! Ал эми калган мусулмандар Иранга жакынбы же алыспы, алар болуп жаткан окуяларды Иран менен Американын ортосундагы нейтралдуу тараптай, же андан да Америкага жакыныраак тарапта көз салып турушат!
Бир мезгилде дүйнөнү жарык жана адилеттүүлүк менен башкарып турган мусулмандар качанга чейин каапыр колонизаторлордун бороон-чапкындарынын астында бөлүнүп-жарылып, канчага чейин жашай беришет?!
Окуялардын чындыгын тактаган жооп сурайм. Бул үммөт кантип кайрадан тирүү жана кадыр-барктуу боло алат? Рахмат.
Жооп:
Жогорудагы суроолорго жооп берүү үчүн, биз окуялардын чындыгын… жана үммөттүн тирүү жана татыктуу жашоого кайтып келишин… Аллахтын жардамы менен карап чыгабыз.
Биринчиси: Окуялардын реалдуулугу:
1. 2026-жылдын 17-июнунда Bloomberg News агенттиги АКШ менен Ирандын ортосундагы 14 пункттан турган өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоорун жарыялаган. Бул Ирандын жарым-жартылай расмий маалымат агенттиги Mehr 2026-жылдын 14-июнунда Ирандын сүйлөшүү тобуна жакын булактын маалыматы боюнча билдирген маалыматка дал келет. Андан кийин Трамп 2026-жылдын 18-июнунда Франциянын Версаль сарайында G7 саммитинде жүргөндө, Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен бул меморандумга күтүүсүздөн кол коюлду. Кол коюу Швейцарияда өтүшү керек болсо да, тиран Трамп мусулмандарга Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки Версаль келишимин эске салгысы келген. Ал Халифалыктын, башкача айтканда, мусулмандар мамлекетинин соңун белгилеп, алардын биримдигин ыдыраткан келишим болгон. Бул мурда халифалыкты жок кылуу менен тарыхтын багытын өзгөрткөн Версаль сарайын ал атайын тандап алгандай эле болду. Муну менен Трамп өзүнөн мурункулардын жолун жолдоп, тарыхка из салган лидер катары өзүн көрсөтүүгө аракет кылып жатат! Ошентип, меморандумга Версаль сарайында эки тараптын ортосундагы ортомчу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин көзөмөлүндө электрондук түрдө аралыктан кол коюлду. Ошентип, ал расмий түрдө күчүнө киргени жарыяланды. Бирок Америка өзүнүн “жакын өнөктөшү Нетаньяху” менен биргеликте өткөн февралдын аягында Иран режиминин жогорку саясий жана аскердик лидерлерине, айрыкча акыркы чечим кабыл алуучу Жогорку Лидерге каршы күтүүсүз аскердик операция жүргүзгөндүгүнө карабастан бул меморандум Америка менен Ирандын ортосунда бекитилди. Согуш төрт күнгө созулушу керек болчу, бирок кырк күнгө созулду жана ал азыркы режимди кулатуу же Иранды Американын орбитасынан баш ийген өлкөгө айлантуу үчүн ага берилген малай лидерлерди алып келүү максатына жеткен жок. Анткени Ирандын Американын айланасында (орбитасында) 47 жыл бою айланып жүргөнү, айрыкча Америка Сирия, Ирак, Ливан жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдө ага өзү менен бирге иштөөгө уруксат берген аймактардан аны чыгарып сала баштагандан бери, аны көз каранды мамлекетке айландырууга болгон дымагы күчөдү. Революциялык корпус бул иштерде чоң роль ойногон жана биз муну 2026-жылдын 3-июнунда берилген суроого берген жообубузда кеңири түшүндүргөнбүз. Башка нерселер менен катар, биз төмөнкүлөрдү билдирдик: Мисалы, Венесуэлада америкалык күчтөр анын президентин жана анын орун басарын уурдап кетишкенде, аны менен кошо жүргөндөр Америкага багынып беришкен абалды күтүштү. Бирок Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи жана режимдин айрым лидерлери өлтүрүлгөндөн кийин андай болгон жок. Ал жердеги Революциялык корпус бекем туруп, бул агрессияга каршы чабуул кылууну колго алды. Революциялык корпустун позициясы Америка менен түшүнүшүүгө жетишүүнү жана аны менен жок дегенде орбитада айланган мамлекет катары иштешүүнү каалаган саясий тараптын позициясынан айырмаланып турат… Революциялык корпустун туруктуулугу, күчү жана таасири анын жаңы Жогорку лидер Можтабаны тандоодо негизги ролду ойногондугунан көрүнүп турат. Ал аларды колдоп, өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн аларга таянган. Ал мурунку Жогорку лидерди, анын атасын жана бир катар чиновниктерди өлтүргөндөн кийин Америка менен өз ара түшүнүшүү жана тынчтык жөнүндө меморандумду жактырган эмес.
2. Бирок абал- Ирандагы өкмөттүн саясий тарабы (Республиканын президенти, Парламенттин спикери жана Тышкы иштер министри) Жогорку лидерди (Можтабаны) өз ара түшүнүшүү меморандуму Ирандын кызыкчылыгына туура келерине ынандыра алгандан кийин – өзгөрдү жана Республиканын президенти бул жагынан катуу аракет кылды. Ошондуктан, 2026-жылдын 18-июнунда X баракчасында жана башка социалдык медиа баракчаларында жарыяланган жазуу жүзүндөгү макулдугунда төмөнкүлөр айтылган: Ал (Можтаба) Америка менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча башкача позицияда болгон, бирок Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана башка расмий адамдар Иран элинин жана каршылык көрсөтүү фронтунун укуктарын коргоо үчүн жоопкерчиликти ала тургандыктарын убада кылгандан кийин, ал өз ара түшүнүшүү меморандумуна макул болгон. Можтаба келишимдин натыйжасы Иранга кандай гана терс таасир этпесин, бул нерсеге өз өлкөсүнүн президенти жана башка кызмат адамдары жооптуу деп эсептегендей. Ошентип, меморандумга кол коюлду, ал эми Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 2026-жылдын 18-июнунда кол коюлгандан кийин X платформасында мындай деп билдирди: “Бул тарыхый документ жана күчтүү Ирандан келген кабар; тынчтык өз ара урматтоо аркылуу жетишилет. Иран ар дайым эл аралык тынчтыкка умтулуп, ошол эле учурда кадыр-баркты, көз карандысыздыкты, прогрессти жана аймактык кызматташтыкты сактап келет. Буга Улуттук туруктуулуктун, саясий идеологиянын жана жоопкерчиликтүү дипломатиянын жемиши менен жетишилди”. Андан кийин Революциялык корпустун Жогорку лидерге баш ийүү үнү басаңдады. Иран парламентинин мүчөсү Мухаммад Манан Раиси Жогорку лидердин позициясын өзүнүн тарапташтарынын жыйынында ачыктап, меморандумга каршы экенин билдирип мындай деди: ” Лидер Можтаба Хаменеи Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн “өз ара түшүнүшүү меморандумуна байланыштуу” бул суроолорго өзүнчө жооп берүүнү талап кылды жана адаттан тыш түрдө мүчөлөрүнүн 75% өз ара түшүнүшүү меморандумун бекитиши керек деп шарт койду.” Улуттук кеңештин бир гана мүчөсү каршы чыкты, ал эми калган мүчөлөрү колдоп добуш беришти. Жогорку лидер келишимди толук канааттануу менен кабыл алды деп айтууга болбойт, бирок аны ага каршы деп да эсептөөгө болбойт. (Iran International, 18.6.2026). Алардын өз ара түшүнүшүү меморандумуна макул болушу жана Америка менен акыркы келишимге кол коюуга даярдыгы, бул алардын өлкөсүнүн орбитада айланган мамлекет катары кайтып келишине жол ачарын көрсөтүп турат. Бул Революциялык корпус көздөгөн көз карандысыздык позициясы менен дал келбейт!
3. Ушундайча саясий канат үстөмдүккө ээ болду, алардын түпкү максаты – Ирандын мурдагыдай эле Түркия сыяктуу Американын орбитасына кайтып келиши. О.э Египет, Сирия жана ушул сыяктуу аймактагы өлкөлөр сыяктуу баш ийген, малай мамлекет болбошу. Андан кийин өкмөттүн саясий канаты иш-чараларда жана сүйлөшүүлөрдө жетекчиликти колго алып, Революциялык корпус “бир аз” чегинди. Мен “бир аз” деп айтып жатам, анткени Революциялык гвардиянын жалыны толук өчүрүлө элек, анткени ал саясий тарап менен карама-каршылыкта турат. Иран телевидениеси жума күнү Америка менен Ормуз кысыгы боюнча байланыш линиясынын ишке киргизилгенин жарыялады… (Аль-Арабия, 26.6. 2026). Бирок Революциялык корпус муну четке какты Ирандын Революциялык гвардиясынын өкүлү Хуссейн Мохеби жума күнү кечинде америкалык расмий адамдардын Иран менен АКШнын ортосунда Ормуз кысыгы аркылуу түз байланыш түзүү боюнча айткандарын четке кагып, бул таза жалган экенин баса белгиледи. Iranian Press TV жума күнү Иран менен АКШнын ортосунда Ормуз кысыгында байланыш линиясы түзүлгөнүн билдирди. (Al-Araby Al-Jadeed, 26. 06. 2026). Ошондой эле Революциялык корпус Ирандын чыгыш жээгине америкалыктардын кол салууларына жооп кайтарды. Sepah News агенттиги Ирандын Революциялык гвардиясынын билдирүүсүн жарыялады, анда АКШ Ирандын жээгине чабуул жасаганы, ошондуктан ал аймактагы АКШнын аскердик позицияларын аткылоо менен жооп кайтарууга аргасыз болгону айтылат. Билдирүүдө Вашингтон эки тараптын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумундагы милдеттенмелерин бузган деп айыпталган… (Аль-Жазира, 26.06. 2026).
4. Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу Ирандын агрессорлорго каршы туруктуу ок атышпоону кабыл алып, алар менен согушпоого убада бергенин билдирет. Өз ара түшүнүшүү меморандумунун биринчи пунктунда мындай деп айтылат: “Буга Ливанды кошо алганда, бардык фронттордо тезинен жана туруктуу ок атышууну токтотуу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен Ирандын бири-бирине каршы эч кандай душмандык аракеттерге барбоо жана экинчи тарапка каршы күч колдонуу коркунучунан же күч колдонуудан баш тартуу милдеттенмеси кирет…”. Бул Иран ага кол салган, жогорку жетекчилерин өлтүргөн жана ядролук жана маанилүү реакторлорун талкалаган Америкага каршы каршылык көрсөтүүдөн баш тартканын билдирет. Экинчи пунктта ички иштерге кийлигишпөө каралганы менен, келишимдин башка пункттарында айтылгандар муну жокко чыгарат! Мисалы, Америка менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун 8-беренеси: “Иран өзөктүк куралга ээ болууга же аны өнүктүрүүгө умтулбай турганын кайрадан ырастайт жана Америка Кошмо Штаттары менен Иран байытылган материалдардын запастары маселесин өз ара макулдашылган механизмге ылайык чечүүгө макул болушту…”. (Аш-Шарк, 18.06.2026). Sky News телеканалы 2026-жыл 24-июнь күнү: “АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Иранга өзөктүк куралга ээ болууга уруксат берилбей турганын айтып, Иран өзүнүн армиясы жана жок кылынган мүмкүнчүлүктөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жакшы абалда эмес экенин белгиледи” деп билдирди. Трамп өзөктүк инспекторлор өз убагында Иранга келерин кошумчалады… Бул тууралуу айтылгандын өзү эле Ирандын ички ишине кийлигишүү болуп саналат.
Ошондой эле 6-беренеде: “Америкага Ирандын иштерине кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк берилет, анткени анда “Америка аймактык өнөктөштөрү менен Иранды калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү боюнча эки тарап тең макулдашкан комплекстүү планды даярдоо үчүн кызматташууга милдеттенет, ага кеминде 300 миллиард доллар берүү кепилдиги берилет. Бул планды ишке ашыруу 60 күндүн ичинде акыркы келишимдин бир бөлүгү катары киргизилет” деп айтылат.. Бул ички ишке кийлигишүү үчүн бир жол, ал тургай андан да көптү билдирет!
5. Мунун баарына карабастан, келишим сөз оюндарын камтыйт. Бир жагынан, муну Ирандын кызыкчылыктарына жетүү катары түшүнсө болот, экинчи жагынан, муну Американын кызыкчылыктарына жетүү катары да түшүнсө болот. Башкача айтканда, ал миналанган жана анын алтымыш күнү миналарды алып салууга жетишсиз болушу мүмкүн, ошондуктан ал узартылышы мүмкүн! Бул курчоону алып салууга жана Ормуз кысыгын ачуу окуяларына окшош.
Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө байланыштуу “көмүскө келишимдерден” сак болууну эскертти, анткени ал кысыктын жээктеги мамлекети. (Sky News, 2026-жылдын 26-июну). Бул түшүнүксүздүк бүгүнкү Иран менен АКШнын ортосундагы кагылышууларда тастыкталды: “Сакчылар корпусу жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө АКШнын ок атышууну токтотуу келишимин бузушу Өз ара түшүнүшүү меморандумунун 1-беренесине каршы келерин билдирди. Бул сүйлөшүү процессинин толугу менен токтошуна алып келет, анткени ал 18-июнда Трамп менен Масуд Пезешкяндын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, Ормуз кысыгындагы кеме кыймылын көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон келишимдер Ирандын колунда деп ырастаган”. (Al Arabiya Net, 18.06. 2026 ). Ошондой эле, меморандумда “Америка акыркы келишим түзүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде Иранды курчап турган аймактардан өз күчтөрүн чыгарып кетүүгө милдеттенет” деп айтылган. Белгилей кетсек, Иран мурда АКШнын күчтөрүн бүткүл аймактан чыгарып кетүүнү талап кылган… Америка Ирандын тоңдурулган каражаттарынын 12 миллиард долларын кайтарып берет, бирок алар америкалык айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын сатып алууга жумшалышы керек! Трамптын орун басары Вэнс дүйшөмбү күнү өткөн конференцияда журналисттерге “тоңдуруудан бошотула турган Иран активдери Иран элинин жыргалчылыгы үчүн америкалык соя, жүгөрү жана буудай сатып алууга” жумшалаарын айтты. (Al-Arabiya, 25.06. 2026). Иран муну четке какты. Галибаф бейшемби күнү АКШнын “Тегерандын тоңдуруудан бошотулган активдери америкалык айыл чарба продукцияларын сатып алуу үчүн колдонот” деген жарыясы туура эмес экенин ырастады. (Аль-Арабия, 25.06.2026). Андан кийин акыркы келишим БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан бекитилет! Бир тарап муну Ирандын аны ишке ашыруудан баш тарта албагандыгы катары чечмелесе, экинчи тарап муну Американын ага болгон милдеттенмесин камсыз кылуу катары чечмелейт, бул анын кызыкчылыгына туура келбегендей! Андан кийин, Рейтер агенттиги 2026-жылдын 18-июнунда бул маселе менен тааныш булакка шилтеме жасап, Өз ара түшүнүшүү меморандумунда Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунун долбоору каралганын айтып, төмөнкүлөрдү белгилеген: “Фонддун максаты – Тегеран менен Вашингтондун ортосунда акыркы келишимге жетүү үчүн экономикалык стимул түзүү жана бул фонд акыркы келишимге кол коюлган учурда гана түзүлөт”. Бул Иранды акыркы кол коюуга чейин сүйлөшүүлөрдү улантууга, пайдасынан зыяны ашып түшкөн фондду күтүүгө азгыруу үчүн жасалгалган мина! Мунун баары тузакка түшүрү үчүн миналган, меморандум жоболору!
6. Трамп аскердик аракеттер аркылуу максаттарына жете албаганын түшүнүп, Революциялык корпустун анын агрессиясына каршылыгына таң калды. Чындыгында Трамп ар тараптан кысылууда, ал өзү баштаган бул согушта көп нерсе жоготту, анын кадыр-баркы ага болгон ишеним бүткүл дүйнө жүзү боюнча төмөндөп, ал тургай АКШнын ичинде жана анын партиясы менен колдоочуларынын арасында да төмөндөдү. Бул, албетте, ноябрда өтө турган орто мөөнөттүү конгресстик шайлоого, эки жылдан кийин өтө турган жалпы шайлоого таасирин тийгизет. Ормуз кысыгына тиешелүү өз ара түшүнүшүү меморандумунун төртүнчү жана бешинчи беренелери АКШдагы орто мөөнөттүү конгресстик шайлоолор менен кыйыр түрдө байланышкан. Белгилүү болгондой, Ирандын Ормуз кысыгын жаап, АКШнын деңиз блокадасын киргизиши – дүйнөдөгү мунайдын жана суюлтулган жаратылыш газынын бештен бири өткөн жол – деңиз каттамдарын шал кылды. Бул күйүүчү май менен газдын бааларынын кескин жогорулашына алып келди, андан кийин азык-түлүк бааларынын да өсүшү байкалды. Бул автоматтык түрдө орто мөөнөттүү шайлоолорго таасирин тийгизет. Ошондуктан, Трамп Ормуз кысыгын кайра ачуу дүйнөлүк мунай бааларын тез арада төмөндөтүп, кысыкка баруучу жол кыймылын калыбына келтирүү үчүн Иран менен келишимге кол коюуга кызыкдар болгон. Ушундайча Трамп ал аскердик агрессия аркылуу жетише албаган жеңишти, сүйлөшүүлөрдөн жана өз ара түшүнүшүү меморандумунан издеп жүргөн нерсесин тапты! Революциялык корпус өзүнүн баатырдык аракеттери менен анын алдында каршы туруп алганда, ал режимдин саясий тарабынан (Республиканын президенти, Парламенттин спикери жана Тышкы иштер министри) издеди. Алар Жогорку лидерди сүйлөшүүгө жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюуга көндүрүүдө эң чоң ролду ойношту, натыйжада Революциялык корпустун үнү басаңдады. Американын Иран менен келишимге жетүүгө болгон ынтызарлыгын үчүнчү пунктта айтылгандар тастыктайт: “Иран менен Америка Кошмо Штаттары өз ара макулдашуу боюнча узартылышы мүмкүн болгон 60 күндүк мөөнөттүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыркы келишимге жетишүүгө убада беришти”. Башкача айтканда эгер ал мөөнөттү узартууну талап кылса дагы! Америка – иран режимин көз каранды мамлекетке айландыруу боюнча аскердик варианты ишке ашпай калгандан кийин, ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана акыркы келишимге жетүүгө чоң ынтызарлык көрсөттү. Айрыкча Революциялык корпустан толук көз карандысыздыкты талап кылган үндөр чыккандан кийин, анын мурдагыдай орбитадагы мамлекет болушун кабыл алды. Трамп муну жеңиш деп эсептеди, ал эми ирандын саясий канаты, айрыкча Республиканын президенти, буга кубанды! Ирандын Америка ага каршы согуш аркылуу максаттарына жетпейт деген көз карашына таянып, сүйлөшүүгө жана андан кийин акыркы келишимге кол коюуга даярдыгы анын аймактык орбитадагы мамлекет катары кайрадан баштапкы абалына кайтып келерин билдирет.
7. Андан кийин, келишимге кол коюлгандан кийин, Трамп Иран жана жалпысынан мусулмандар менен мамилелерди жакшыртууга аракет кылды. Бир жагынан, Трамп 2026-жылдын 19-июнунда америкалык Axios веб-сайтына: “Тилекке каршы, мен Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеиге зыян келтирдим”, – деп айткан. Бул өз ара түшүнүшүү меморандумун бекиткенден кийин болду. Ал муну менен Жогорку Лидерге ыраазычылык билдиргендей. Башка жагынан алганда, согуш жана тынчтыкта анын буйруктарын аткарып жаткан жөөт мамлекетине кысым көрсөтүп жаткандай түр көрсөтүп, Трамп Нетаньяхуну ачык эле жемелеп, Франциянын Эвиан шаарында 2026-жылдын 16-июнунда Францияда өткөн G7 саммитинин алкагындагы басма сөз жыйынында мындай деп билдирди: “Ал (Израилге) Бейрутка кол салуусун жактырбай турганын жана Нетаньяху эми Ливанга карата жоопкерчиликтүү болушу керектигин айтты… Менсиз (Израил) жок болмок… Аль-Жазира, 16.06.2026). Анын орун басары Вэнс басма сөз жыйынында мындай деди: “Мен Трампты сындаган (Израил) өкмөтүнүн мүчөлөрүнө акыркы үч айдын ичинде (Израилди) коргогон куралдардын үчтөн экиси америкалыктардын колу менен жасалганын жана америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасынан төлөнгөнүн айтам… Эгер мен (Израил) өкмөтүнүн мүчөсү болсом, бүткүл дүйнөдө калган жалгыз күчтүү союздашыма каршылык көргөзбөйт элем”. (New York Times, 18.06.2026). Эгер Трамп менен анын орун басарынын айткандары чындык болсо, бирок жөөт мамлекети Палестина, Ливан жана башка бардык жерлерге каршы агрессиясында Американын арканынан башка эч нерсе кыла албаса, бул кантип чындык болушу мүмкүн?! Жөөт мамлекети өз алдынча эч кандай маанилүү иш кыла албайт, анткени анын абалы Кудуреттүү Аллах айткандай: ﴿لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾
“Алар силерге бир аз зыян гана келтире алышат; эгер алар силер менен согушса, арттарына качышат, анан аларга жардам берилбейт”.
Жөөт вужуду Аллахтан жана адамдардан турган жардам аркылуу гана табигый күчкө ээ, алар пайгамбарларынан бери Аллахтын арканын (жардамын) үзүп салышкан, эми алар үчүн адамдардан ала турган жардамдан башка эч нерсе калган эмес! Америка алар буфердик зона деп атаган нерсе аркылуу алардын Ливанга каршы агрессиясын колдойт. Алардын агрессиясынын жана алардын вужудунун сакталып калышынын артында Трамп турат, муну анын жогоруда айтылган билдирүүлөрү далилдеп турат. Аллах аларды жок кылсын, алар кандай гана адашып жатышат. Жөөт дагы эле Ливандын айрым бөлүктөрүн басып алып, Ливандын аймактарын америкалык курал-жарак жана америкалыктардын өзүн-өзү коргоону актоосу менен бомбалап жатышат!
8. Кыскача айтканда, окуялардын чындыгы ушундай жана Трампка согуш аркылуу ала албаган нерсени сүйлөшүүлөр аркылуу бербөө керек болчу. Айрыкча Иран кичинекей же алсыз өлкө эмес, анткени ал узакка созулган согушка туруштук берип, Американы жеңип, аны 2021-жылы Ооганстандан кууп чыккандай эле, аймактан уят менен кууп чыгуучу күчкө ээ. Андан кийин ал орбитадагы мамлекет болбой өзүнүн саясатында толугу менен көз карандысыз болмок. Анын аянты 1,6 миллион чарчы километрди түзгөн кең аймакка ээ. Ал тоолор, чөлдөр, өрөөндөр жана жээк тилкелери сыяктуу ар түрдүү рельефке ээ жана калкынын саны 90 миллионго жакын. Ошондой эле, ал стратегиялык юерде жайгашкан жана көптөгөн өлкөлөр менен чектешет. Бул каналдар аларды ар кандай блокададан коргойт жана аларда мунай жана газ сыяктуу энергетикалык ресурстар, ошондой эле башка жаратылыш ресурстары бар. Айыл чарбасына жетиштүү жери болгондуктан, өзүн азык-түлүк менен камсыз кыла алат. Анын өзүн коргоо үчүн алыскы аралыкка атуучу ракеталар жана дрондор сыяктуу куралдарды чыгарууга жөндөмдүү аскердик өнөр жайлары бар экени билинип турат. Мунун баарын өнүктүрүп, жарандык өнөр жайларды да өнүктүрүүгө болот. Алар атүгүл өзөктүк өнөр жайын курууга жөндөмдүү. Трамп 2018-жылы 2015-жылдагы өзөктүк келишимден чыкканда, Иран 2015-жылдагы келишимдеги пайыздык көрсөткүч 3,67% дан ашпагандан кийин уранды болжол менен 60% га чейин, болжол менен 440 кг байыта алган!
Ошондуктан, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюп, андан кийин аны меморандумдун пункттары боюнча биротоло кол коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо – чоң чегинүү! Ал эми меморандум бул согушта утулуп жаткан жана 4 айдан ашык убакыттан бери бул согушка аралашып, ага алагды болуп жаткан Американы сактап калат. Бирок, Ирандын саясий лидерлери чыныгы эрктерин жана принциптүү позицияларын жоготушту. Бул саясий элита ал тургай Американын таасиринен көз карандысыздыкка умтулууга аракет кылып жаткан Революциялык корпуска каршы турушуп, Американын агрессиясын жана анын жакын өнөктөшү болгон жөөт мамлекетин жок кылуу үчүн курмандыкка барууга даярдануунун ордуна, Республиканын президенти меморандумга кол коюп, Трамп согушта жетише албаган нерсени белек кылды!
Экинчиден: Мусулман үммөттү ушул кордуктан кийин кантип тирүү жана ардактуу абалга кайтып келери белгисиз эмес, бирок ал Кудуреттүү жана Улуу Аллахтын китебинде жана чынчыл жана ишенимдүү Аллахтын Элчисинин сүннөтүндө жазылган;. Ал Мусулмандарды Аллах түшүргөн нерсеге ылайык башкарган Халифалык.
﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيراً مِنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ﴾
“Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл жана алардын каалоолоруна ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн нерселердин айрымдарынан сени буруп жиберүүсүнөн сак бол. Эгер алар жүз бурушса, анда билгиле, Аллах аларды айрым күнөөлөрү менен азапка салууну гана каалайт. Чындыгында, адамдардын көбү бузукулар.
Халифа мусулмандар менен бирге Аллах жолунда жихад кылат; Муслим Абу Хурайрадан, Пайгамбарыбыздан, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, риваят кылган:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
“Имам – бул анын артында туруп согушула турган жана аны менен корголо турган калкан”.
Андан кийин узак кылымдар бою Ислам мамлекетинин, Туура жолдогу Халифалыктын улуулугу жана мусулмандардын даңкы жана адилеттүүлүгү жөнүндө сөз кылынды. Алар Аллахты Ал түшүргөн нерсеге ылайык башкаруу менен колдошкон, ошондуктан Аллах аларды колдогон.
Алардын мамлекети каапыр колонизаторлордун жана алардын мусулман жерлериндеги малайларынын кутумдары менен жок кылынганда, мусулмандар кордукка, кемсинтүүгө жана кыйынчылыктарга кабылышты.
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً﴾
Ал эми ким Менин зикиримден (курандан) жүз бурса, анда, албетте, анын жашоосу кысылган оор жашоо болот.
Бирок бул көпкө созулбайт, Аллах буюрса. Анткени Халифалык Аллахтын чыныгы убадасы менен кайтып келет.
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
“Алла силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга, алардан мурункуларга жер жүзүндө орун басар (халифа) кылгандай эле, аларды да жер жүзүндө орун басар (халифа) кылаарын, алар үчүн Өзү тандап алган динин бекемдей турганын жана алардын (душмандарынан болгон) коркуу сезимин коопсуздук менен алмаштыра турганын убада кылган. Алар Мага ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Бирок ким андан кийин каапыр болсо, анда алар бузукулар.
Ахмаддын Хузайфадан риваят кылганындай, биз жашап жаткан бул мажбурлоочу башкаруудан кийинки Анын Элчисинин ﷺ жакшы кабары: Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деди: «… ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»
“…Андан кийин ал мажбурлоочу падышалык болот жана ал Аллах каалаганча болот. Андан кийин Ал аны көтөрүүнү каалса аны көтөрөт. Андан кийин ал пайгамбарлык үлгүгө негизделген халифалык болот. Анан ал унчукпай калды”.
Ин шаа Аллах, халифалык кайтып келет жана Аллахтын жеңиши Анын динин колдогондор үчүн; бул Аллахтын убадасы:
﴿وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
Аллах Өзүнө жардам бергендерге албетте жардам берет. Чындыгында, Аллах күчтүү жана кудуреттүү.
Бирок, Аллах Таала биз эки колду куушуруп отурганыбызда асмандан периштелер бизге жеңишти көтөрүп келбейт жана халифалыкты курбайт. Тескерисинче, биз өзүбүз чынчылдык жана ыкластуулук менен аны тикелөөгө аракет кылуубузду буйруган. Аллахктын ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандар үчүн Халифалыкты берүү убадасы бизди тынчтандырат, бул эки маселеде:
Ыйман жана салих амалдар:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ
 “Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга жер жүзүндө аларды халифа кылам деп убада берди…”.
Мунун баары Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, өмүр баянында, Аллах ага жеңиш бергенге чейин кандай иш-аракет кылганында жана кандай кыйынчылыктарга туш болгонунда ачык көрүнүп турат… Ал Аллахка жардам берди Аллах ага жардам берди. Бул – Аллахтын белгилеп койгон жолу:
﴿سُنَّةَ اللَّهِ الَّتِي قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلُ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلاً﴾.
«Бул – мурда болуп өткөн Аллахтын белгилеген жолу, сен Аллахтын жолунда эч кандай өзгөрүү таппайсың”.
Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, ушундай иш-аракет кылган, ал эми анын сахабалары, аларга Аллахтын ыраазычылыгы болсун, анын үлгүсүн ушундайча ээрчишкен. Биз да ушундай болушубуз керек, андыктан Аллахтын жеңишинин келиши шексиз, Анын уруксаты менен ал албетте келет жана ал жакында болот.
Бул үммөттү сактап калат, анын даңкын калыбына келтирет, күчүн бекемдейт жана душмандарын ага каршы кол салуудан мурун миң жолу ойлонууга мажбурлайт. Бул анын халифалыгы кайтып келип, жер жүзү анын жакшылыгы жана адилеттүүлүгү менен жаркыраганда гана мүмкүн болот. Халифалык Цезарлардын жана Сасаниддердин текебердигине чекит койгондой эле, алардын жолдоочуларынын, тиран Трамптын жана ал сыяктуу каапыр колонизаторлордун текебердигине да чекит коёт.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
“Ал күнү момундар Аллахтын нусраты менен кубанышат. Ал каалаган адамына жеңиш берет. Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү.
﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾
“Чындыгында, мында туя турган жүрөгү бар көзү менен көрүп туруп кулак салган адам үчүн эскертүү бар”.
1447-х, 13-мухарам. 
2026-ж, 28-июнь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button