Асыл хадис

Кимде-ким өзгөрүү жасоого аракет кылып, Аллахтын ырайымын издебесе, ал шалаакылык кылуу менен Анын каарына кабылат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Кимде-ким өзгөрүү жасоого аракет кылып, Аллахтын ырайымын издебесе, ал шалаакылык кылуу менен Анын каарына кабылат

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “لَمَّا قَضَى اللَّهُ الخَلْقَ، كَتَبَ عِنْدَهُ فَوْقَ عَرْشِهِ: إِنَّ رَحْمَتِي سَبَقَتْ غَضَبِي”. رواه مسلم.

Абу Хурайрадан, Аллах андан ыраазы болсун, риваят: Аллахтын элчиси, Аллахтын ага салам-салаваттары болсун, мындай деген: “Аллах бүткүл ааламды жаратып бүткөндөн кийин, Өзүнүн Аршынын үстүндө: Менин ырайымым каарымдан мурун келет” деп жазган. Муслим риваят кылган.

Урматтуу бир туугандар:

Аллах Таала адамзатты жаратканда, аларга улуу сапат берген: ал ырайымдуулук сапаты. Бул ырайым Анын Эң Мээримдүү, Эң Ырайымдуу деген ысымынан келип чыккан. Ал аркылуу адам жашай алат, көтөрүлө алат жана өнүгө алат. Ансыз ал Пайгамбар ага Аллахтын тынчтыгы жана берекеси болсун, айткандай: бактысыз жана кордолгон абалда болот.

لا تنزعُ الرحمةُ إلا من شقي“

“Ырайымдуулук бактысыздардан гана алынып салынат”. Анын ырайымы, Ага даңк болсун, бардык нерсени камтыйт. Ал башында биздин жаралуубуздан башталып, андан кийин бизди түз жолго багыттады. Чыныгы момун пайгамбарына ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, болгон сүйүүсүнө, ага берилгендигине жана ээрчигендигине жараша ушул сапаттан үлүшкө ээ болот. Биздин урматтуу элчибиз, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, бизге Аллах тарабынан ааламга берилген ырайым болгон:

“وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ“.

“Биз сени ааламдарга ырайым кылып жөнөттүк”.

Эй мусулмандар;

Ал Өзүнүн ырайымы менен бизге окуп, колдоно турган Куранды түшүрдү. Ал бизге адамдын жүрүм-турумун жөнгө салуучу жашоонун бардык тармактарын камтыган кеңири системаны түшүрдү. Ал аркылуу адам өзүнүн иш-аракеттерин жана сөздөрүн, жеген тамагын жана кийимин, өмүрүн жана өлүмүн көзөмөлдөйт; ал өзүнүн социалдык, саясий жана экономикалык жашоосун ал аркылуу жөнгө салат. Ал аркылуу ал акыретин даярдайт, руханий муктаждыктарын канааттандырат. Ошондуктан ал аркылуу жаныбарларга мүнөздүү жүрүм-турумдан жогору көтөрүлүп турат. Бирок, бул система бүгүнкү күндө турмуш чындыгынан ажырап, анын ордуна адамды адамдык сапаттан ажыраткан чириген системалар келди. Бул система адамды инстинкттердин кулуна айландырды, ошондуктан анын жашоосу азаптын үстүнө азапка айланды, денесине тынчтык, напсисинде бейкутчулук калбады. Мына, Аллахтын ырайымы келип, бизден Аллахтын мыйзамдарын аткаруу үчүн, Исламды реалдуу жашоодо ишке ашыруу үчүн иштөөнү талап кылып жатат. Эгер бүгүнкү күндөгүдөй аны ишке ашыра турган бирөө жок болсо аны табуу үчүн иш аракет кылууну моюунубузга жүктөп жатат. Мусулмандар Аллахтын аларга болгон чексиз ырайымын түшүнүп жетишпедиби? Алар чыныгы жашоодо исламды колдонгон адамды табууга аракет кылуу канчалык маанилүү экендигин түшүнүп жетишпедиби? Эмне үчүн алар пайгамбарлык үлгүгө негизделген Халифалык мамлекетин куруу үчүн иштеп жаткандар менен биргеликте иштеп, Кудуреттүү Аллахтын ырайымын сурашпайт?

Кимде-ким өзгөрүү жасоого аракет кылып, Аллахтын ырайымын издебесе, ал шалаакылык кылуу менен Анын каарына кабылууну издегендей болот.

Оо, Аллах, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 13-жумаадил саани.

2026-ж, 24–ноябрь.

Back to top button