Кабар

Коштошуу аземи

Коштошуу аземи

Даъватты көтөрүп чыккан бир тууганыбыз Ниязов Бахтиер

Маматурсуновичтин дүйнөдөн кайтканын өкүнүү менен кабарлайбыз.

Бул кабарды жеткирүү канчалык оор болсо да Аллахтын тагдырына ыйман келтирип, Анын казасына ыраазы болгон сөздү айтуу менен чектелебиз:

إِنَّا لِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

“Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Анын Өзүнө гана кайтуучубуз” [Бакара 156].

Ниязов Бахтиер бир тууганыбыз 1973-жылдын 31-мартында Карасуу шаарында туулуп өскөн. Бурадарыбыз узак жыл бою Ислам динин жашоосунда колдонуп, даават жүгүн көтөрүп жүрдү. Коомубузга Ислам динин толук жеткирүүдө бүткүл мүмкүнчүлүгүн сарптады. Бурадарыбыздын элеси жакындарынын, элинин алдын эр жүрөк, жакшылык үстүндө жарышуучу, жамандыктан кайтарууда жаманатты кылуучулардын жамандыгынан коркпогон мүнөзү менен сакталып калат.

Биз Хизб-ут-Тахрир Кыргызстандын атынан Бахтиер бир тууганыбыздын жакындарына, үй-бүлө мүчөлөрүнө чын көңүлдөн сабыр тилеп, даъватты көтөрүп чыккан бардык боордошторубузга көңүл айтабыз. Аллах Тааладан бурадарыбызды Өзүнүн кең рахматына алышын, ыраазылыгын жана кечиримин жаадырышын о.э. бейиштин кең бакчаларында пайгамбарларга, сыддыктарга, шахиддерге жана салихтерге шерик кылышын сурайбыз.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button