Кыргызстанда жалданмачылыкка айыпталган орус жараны эркиндикке чыкты

Кыргызстанда жалданмачылыкка айыпталган орус жараны эркиндикке чыкты
«Mash» Телеграм-каналы маалымдашынча, Кыргызстандын соту тарабынан жалданмачылыкты уюштурган жана адамдарды Орусиянын армиясына тарткан деген кине менен айыпталып соттолгон Орусия жараны Виктор Васильев эркиндикке чыкты. 41 жаштагы Виктор Васильев 12-июнда бошотулган. Ал бир жыл эки ай тергөө абагында отурган.
Эске салсак, 2025-жылы 14-апрелде Ош шаарында “кыргызстандыктарды Украинадагы согушка тарткан” деген айып менен төрт адам жалданмачылыкка айыпталып кармалган. Алардын арасында “Орус үйү” уюмунун кызматкери Наталья Секерина, Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин болгон. Дагы эки кишинин ысымы айтылбай жаткан. Ал эми 24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамдын бири орусиялык Виктор Васильев экенин жарыялашкан.
Бир канча маалымат каражаттары Васильевдин фамилиясы мурун Луковенко болгонун жазып чыгышкан. Ал улутчул көз карашты карманганы жана 2011-жылы “Орус маршы” деп аталган жүрүш күнү Шри-ланкалык адамды өлтүрүүгө айыпталып, сегиз жылга соттолгону маалымдалган. Абакта беш жыл отурган соң мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.
Луковенко “Вагнер” жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин уюштурган түзүмдөрдө «саясий технолог» болгону, Африкада иштегени, Украинада да иш алып барганы жана Орусиянын чалгын кызматы менен байланышы болгондугу жөнүндө маалыматтар бар.




